Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Поэзия дүйнөсү📝🌺

Логотип телеграм канала @poeziaduinosu — Поэзия дүйнөсү📝🌺 П
Логотип телеграм канала @poeziaduinosu — Поэзия дүйнөсү📝🌺
Адрес канала: @poeziaduinosu
Категории: Цитаты
Язык: Русский
Количество подписчиков: 1.15K
Описание канала:

🌼Поэзия ыргактары
🌼Жүрөктөн чыккан сөздөр
🌼Жон эле ойлор
🌼Цитаталар
Суроолор боюнча админ:
@UlukbekTalkanbaev
@erkinbek_kyzy_meerim
Катталыңыз.
https://t.me/joinchat/WVoq9GlX9Df5eKpn

Рейтинги и Отзывы

2.67

3 отзыва

Оценить канал poeziaduinosu и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

0

4 звезд

1

3 звезд

1

2 звезд

0

1 звезд

1


Последние сообщения

2022-08-25 07:30:18 Мени окуп бүтө албайсың, карагым,
Барактаган сайын арбып барагым,
Жада калса өзүм дагы өзүмдү,
Окуганга жетише албай барамын...

Мейли канча кара жанды сабагын,
Жүрөгүңдү миң азапка саламын.
Канча жумшак болгон менен мүнөзүм,
Кайра ошончо ташмын, сары санаамын.

Кээде шокмун,
оюнкараак баламын,
Кээде жүз жыл жашагансып аламын.
Мени издесең кээде бармын, кээде жок,
Кээде өзүмдү бир сап ырдан табамын...

Жыпар Исабаева
370 views04:30
Открыть/Комментировать
2022-08-25 07:29:46 Ар түрдүү мааракелерге:

туулган күн;
майрам;
ийгиликтерди куттуктоо;
сүйүктүүңүзгө ыр арноо;
өз атыңызга ыр;
ата-энеңизге ыраазычылык билдирүу иретинде ыр жаздырууну кааласаңыз, заказ алабыз!

Байланыш телефону: 0508147770.
367 views04:29
Открыть/Комментировать
2022-08-17 06:55:38
Ассаламу алейкум урматтуу каналдын катталуучулары! Жардамыңыздарга муктажбыз...
651 views03:55
Открыть/Комментировать
2022-08-14 10:10:06 АТАМА.

Мага келчү санаа жолун кулпулап,
Ак батаңыз бүтпөгөн дем, нур сунат.
Ата, сиздин эркетай кыз бүгүндөн,
Алп мээнетти актоо үчүн умтулат.

Билем, жолдо адаштырган сынак көп,
Бийик, баткак... Көңүл, шагым сынат көп.
Бирок, жетем дарегиме болжогон,
Сиздин айткан акылдарды чырак деп.

Бар болсоңуз – өтөт мени муң аттап,
Баш жагымда бажырайып турат бак.
Бир кездеги көз жашымды аарчыган,
Бүгүн ошол колдор турсун кубаттап.

Ак сөзүмдү жүрөгүңүз тыңдасын:
Ата, сиз деп аруу кызың ырдасын.
Мээнетиңиз, эмгегиңиз кайрылып,
Мен себептүү элим бүтүн сыйласын!

Алды жакта асыл күндөр болот зор,
Кубаныч бар, соолук, өмүр – коноктор.
Изги тилек, максаттарым сыяктуу,
Ишке ашсын сиздин сыйкыр жомоктор...

Дарт жолобой дилиңизди канаткан,
Даанышманым, бар болуңуз ар ак таң.
Өмүр бою бала бойдон калайын,
Өчпөй турган өмүр берсин Жараткан!

Өмүр бою эркетай кыз болоюн,
Өзүңүздү сактап жүрсүн Жараткан!

МЭЭРИМ ЭРКИНБЕК КЫЗЫ.
09.07.2022.
866 views07:10
Открыть/Комментировать
2022-08-11 20:26:55 СЫНОО
(жаңы чыгарма)

Мен дегендер чаң-будуңда калышкан,
Мезгил күлүк баарын жеңген жарыштан.
Кимдин кандай экендиги билинет.
Укуругун салса сыноо алыстан.

Өмүр кербен өткүчөктү уланат,
Тагдырлардан келди мындай тыянак.
Аял ооруп жаткан кезде төшөктө,
Жары кандай экендиги сыналат.

Ал сүйүнсө ашып-түшүп сүйүнөт,
Барга-жокко жашап келген күч үрөп.
Итке минип калган кезде күйөсү,
Аял кандай экендиги билинет.

Адам күчтүү дене-бойдо сын барда,
Жаштык калат жалындаган жылдарда.
Бала кандай экендиги билинет,
Ата-эне алдан тайып турганда.

Бир карында, бир уяда жатышкан,
Бир эненин балдай сүтүн татышкан.
Бир туугандын анык жүзү көрүнөт,
Мурас бөлсө, ата өлүп капыстан.

Балалыктын жолу кошкон таптаза,
Бийлик, байлык күтсө дагы башкача.
Дос сыналган учур келет бир күнү,
Кара булут кайгы салып каптаса.

Келет сөзсүз жолун карап күткөнгө,
Жашайт өңдө, жашайт коштоп түштөрдө.
Чын сүйүүнүн бар экени билинет,
Ортодогу кызыкчылык бүткөндө.

Бирде күлүп, бирде ыйлап арманда,
Биз жашайбыз алты күндүк жалганда.
Адам кандай экендиги билинет,
Жаратканым башка сыноо салганда.

Ээр токумдай жериң кымбат билгенге,
Канча жан бар көрсөм деген ирмемге.
Мекен кандай экендигин туябыз,
Бөтөн жерде, бөлөк элде жүргөндө…


Акбар Кубанычбеков.
790 views17:26
Открыть/Комментировать
2022-08-11 10:25:21 Кайран жаштык кайың-талдын бүрүндөй,
Кайран жаштык каранардын жүгүндөй,
Карааныңды бир көрүүгө зар кылып,
Кайда калдың билинбей.

Канча жерден каада күтүп керилдим,
Канча жерден кадыр күтүп семирдим.
Азыр эми андагыдай салмак жок,
Алда канча жеңилмин.

Бакырчылык. Басып туруп жашаймын,
Байбичеме сөз кайрыбайм. Кашайдым.
Аркы-терки кетип турган турмушта,
Абалкыдан азайдым.

Арбын болуп аныгыман төгүнүм,
Аңдып калдым көр тириликтин жеңилин.
Көөдөнүмдө алешемдик көбөйүп,
Көп нерседен кемидим.

Жакшыны да, жаманды да имердим,
Жакшыны да, жаманды да жибердим.
Бар-жогумду эсеп-чотко салганда,
Баягыман түгөндүм.

Билгенимди билгенимдей эптедим
Бирге жетип, дагы бирге жетпедим.
Андагыдай ашып-ташкан күчүм жок,
Алда канча бөксөмүн.

Ачууну да, таттууну да шимирдим,
Агына да, көгүнө да жүгүрдүм.
Санатына кызмат кылам деп атып,
Сабагыман күбүлдүм.

Кайран жаштык, кара чачы көмүрдөй,
Кайран жаштык каруу-күчү темирдей.
Караанынды бир көрүүгө зар кылып,
Кайда калдың көрүнбөй...

Калчоро Көкүлов
738 views07:25
Открыть/Комментировать
2022-08-11 10:03:49 Жасалма кирпик,
Жаштарды силкип,
Акыры келди
Айылга минтип...

Жасалма эрин,
Жасалма "желин".
Жанымда жатат,
Жасалма келин...

Жараткан, Эге!
Жалган сөз дебе:
Жасалма төрөп,
Жасалма жеңе.
Жасалма сүттү
Жактырбайт дене.
Жасалма бешик
Жыргатмак беле...
Жалдырап тиктейт
Жасалма эне...

Алтынбек ИСМАИЛОВ
682 views07:03
Открыть/Комментировать
2022-08-06 17:32:34 АПАМА

Канаты сынган куштаймын,
калкылдап бийик учпаймын.
Бозоруп жаткан мүрзөңдү,
боорума кысып уктаймын.
Өзүңдө өзүм калгандай,
өмүр бул бүтпөс армандай,
өлүмдөн баары жалгандай.

Сыздаймын ичтен сызылып,
сыйбаймын өзгө кысылып.
Алдыда жылдар бүдөмүк,
асманда айым тутулуп.

Айтпасмын арып, талганды,
азаптуу жылдар, айларды.
Бүлүндү бүтүн көңүлүм,
жанына алып жалганды.

Кыялап кырды кездимби?
Капалуу нечен кеч кирди.
Кайрылбас ошол дүйнөгө
күлкүмдү ала кеттиңби?
Күйүт да күйүп эскирди,
көзүмдөн жашым төктүрдү.
Өмүргө көнбөй буйдалам,
өзүмдү ала кеттиңби?
Өйдө да, ылдый көч жүрдү,
өзөктө өчпөй өрт күйдү.
Жансыздай мага, сезбеймин
жүрөгүм ала кеттиңби?

Муңайым сылап сүйгөнсүп,
муң-зарым сезип билгенсип,
мээримиң туям эрте, кеч
менде эле өзүң жүргөнсүп.

Жалындап туруп муздаймын,
жалгыздап барып сыздаймын.
Бозоруп жаткан мүрзөңдү
боорума кысып уктаймын.

Атахан Кожогулов
991 views14:32
Открыть/Комментировать
2022-07-21 15:19:00 Оорутпасын мекенимди дарт, жара,
Оомат келсин ырыс төгүп, кут ашып.
Жаштар барда дастан болгой башкага,
Желегибиз асман менен туташып.

Э.к.М.
1.5K views12:19
Открыть/Комментировать
2022-06-20 19:42:43 Акындар – алар кимдер?
Дүйнөсү такыр бөлөк.
Алмадай бир сап үчүн,
Ажалга башын берет.
Алаамат болбош үчүн,
Ааламга АКЫН келет.

Мирлан Алтымыш уулу.
203 views16:42
Открыть/Комментировать