2022-04-03 17:35:57
КӨКСУЛУУ
(түрмөктөн үзүндү)
Ал күнкү тектүүлүгүң эми жоктой,
Айтылган ар сөзүмдүн деми чоктой.
Азыр мен араң турам Көксулууга
Көз артып аны сүйгөн Жеңижоктой.
Татынам сени таптым жаштыгымдан,
Түйшөлтүп ырбап барат дартым ырдан.
Суйкайып сыр жашырып тиктей бербей,
Сүйдүрүп койсоң боло алкымыңдан.
Ишенем ыйык сезим калаарына,
Кумарлуу өмүр боюу жанаарыма.
Кыялда жылдыз болуп жылмаясың
Көгүмдө кол создуруп карааныңа.
Баарысы баягыдай эсимде бар,
Баладай жоодурашың көзүмдө бар.
Жүзүңдөн өпкөнүмдү сагындырар,
Жоодурап мен тиктеген бетиңде кал.
Айтылбас жүрөктөгү сөздү уга,
Ай дагы алтын чачып өптү мына.
Алп акын жеңилбеген Жеңижоктой,
Алоолойм ашык болуп Көксулууга.
* * *
Жаңы эле коштошом да кайта келем,
Жана эле жазган ырым айта келем.
Жаныңдан карыш жылбай турганымда,
Жаңырып бизди тиктейт Ай төбөдөн.
Ыйымды сезимдеги туяласың,
Ырыма менден бетер кубанасың.
Жалооруп карай берип көзүң албай
Жанымда кызыл гүлдөй бураласың.
Кайыкта, көл бетинде сүзүлөсүң,
Алгансып Айдын жарык жүзүн өзүң.
Чечпейли ачык турган көкүрөгүң ,
Түн эми жылдыз менен бүчүлөсүн.
Коштошсом кете албаймын кайта келем,
Колуңду кармап сөзүм айта берем.
“Сырыңар мага маалим” деген өңдү,
Суйкайып тиктеп калат Ай төбөдөн.
* * *
Кыялым аалам кезет чеги жоктой,
Кайрылбай таттуу кундөр эми жоктой.
Улардай үнүңө бир тамшандырып,
Учтуңбу, ал учурдун көбү жоктой.
Кумарлуу куса болуп көнбөй келем,
Көп болду кош карегиң көрбөй келем.
Бешикте ымыркайдай тилегимди,
Бел байлап бир үмүттө термей берем.
Өкүнүп бизди ушундай жасаганга,
Өзүмө болду эми дейм капаланба!
Карааның толтуруп бир көзүм жумсам,
Керилип таттуу уйкуга батам анда.
Жаралды ырларымдын деми чоктон,
Жараткан Көксулуума мени кошсоң.
Бал тилдүү ымыркайдай ырларыма
Баш ийип бата сурайм Жеңижоктон!
* * *
Бери келчи мойнуңа,
Бермет мончок салайын.
Ай нур төккөн жолуңа
Айланчыктап барайын.
Кете албай тоорула,
Көзүң карап жүрбөсөм.
Кушча конуп колума,
Күлө тиктеп сүйлөсөң.
Айчалык жол басканда,
Алдыман бир чыгаарсың.
Карегиң сыр катканга,
Көңүлүңдө сынарсың.
Күмүш күлкүң төгөсүң,
Кана жыттап гүлүмдү.
Карегимден көрөсүң,
Керемет бул сүйүүмдү.
Бура тартам боюма,
Бек кыналып толсоңчу.
Буйруп койгон жолума,
Бакыт кушу болсоңчу.
* * *
Он сегиз миң ааламдын,
Ойноктогон нурларына тарандың.
Күлкүң булак кылактаган Көксулуум,
Кыялыңды күзгү кылып карандың.
Он сегиз миң ааламдын,
Оймок өңдү ойлорунан жаралдың.
Чачың дайра чырагымдай Көксулуум,
Жаркырап бир жан дүйнөмдө жана алдың.
Он сегиз миң ааламдын,
Жанып турган карегинен жаралдың.
Кагуусунан жүрөк токтоп калса да,
Канат кылар сени көздөй барамын.
* * *
Көктөй мелжип чалкып кенен көп муңум,
Кусам айтып, тиктейм дале көк нурун.
Суйкайып бир турганыңды кумарлуу
Сагындым мен Көксулуум!
Учуп өтсө бар тилегим көк менен,
Убайым жеп, арзуум мени өрттөгөн.
Өмүрүмдө таңдай атып ирмемде,
Өзөк өрттөп кирип келген кеч белең?!
Көктөн талып каркырамдын канаты,
Кең ааламдын мынча тарын карачы.
Көкүрөктү өйүп турат бир нерсе,
Онтойт улам асман-жердин арасы.
Сапарыма учуп алып, өз нугун
Таба албай жиреп келем көк нурун.
Талыйт билек, өзүм баткан карегиң
Сагындым мен Көксулуум!
Өтө Көкө уулу (Жеңижок)
706 views14:35