Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Поэзия дүйнөсү📝🌺

Логотип телеграм канала @poeziaduinosu — Поэзия дүйнөсү📝🌺 П
Логотип телеграм канала @poeziaduinosu — Поэзия дүйнөсү📝🌺
Адрес канала: @poeziaduinosu
Категории: Цитаты
Язык: Русский
Количество подписчиков: 1.15K
Описание канала:

🌼Поэзия ыргактары
🌼Жүрөктөн чыккан сөздөр
🌼Жон эле ойлор
🌼Цитаталар
Суроолор боюнча админ:
@UlukbekTalkanbaev
@erkinbek_kyzy_meerim
Катталыңыз.
https://t.me/joinchat/WVoq9GlX9Df5eKpn

Рейтинги и Отзывы

2.67

3 отзыва

Оценить канал poeziaduinosu и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

0

4 звезд

1

3 звезд

1

2 звезд

0

1 звезд

1


Последние сообщения 3

2022-05-28 19:32:41
Жаны Кыргызча Кинолор
Биздин телеграм каналга чыкты
Кинону толугу менен коргунуз келсе ылдыйдагы кнопка басыныз
Же ылдыйдагы ссылканы басыныз
https://t.me/joinchat/jYQaGvNQce9lYjUy
5.2K views16:32
Открыть/Комментировать
2022-05-28 16:54:57 Александр
ПУШКИН

КӨРҮСТӨНДӨГҮ ОЙ ТОЛГОО

Эмнегедир токтоо тартып, жоошуп кагат жүрөгүм,
Калаабыздын көрүстөнүн мен аралап жүрөмүн.

Мыктылардын баары мында көмүлөрүн билишет,
Маркумдардын баары келип ушул жерде чиришет.

Тээ мурунку өлгөндөрдүн калдыктарын казышат,
Кийинкилер ошол сөөктөр жаткан жерге жатышат.

Көпчүлүгү жүрүм-турум, иши менен таанымал,
Көргөн дагы, көрбөгөн да адамдардын баары бар.

Жатат мында өнөрпоздор, урмат-сыйга канышкан,
Жатат байлар, байлыктарын апкеталбай калышкан.

Эл-жерим деп, ишенимин бузбай таза кармаган,
Адамдар бар эч убакта жамандыкка барбаган.

Айкөлү да, ач карышкыр, түлкү менен арыстан,
Ак-карасын көмө берип, аралашып калышкан.

Сүрөтүндө баары сонун, баары улуу, билбейсиң,
Сүргөн күнүн окуган соң, ушунчалык кирдейсиң.

Өкүмөттүк киши жатат момун, сыпаа, болтойгон,
Өмүр бою көзүн сатып, кошоматка кой сойгон.

Калп каткырып, казынаны каалагандай талаган,
Падышанын көчүк-башын күндө беш маал жалаган.

Жатат ууру, соттор менен пара жегич жаяндар,
Некрологдо ниети таза, кардан аппак адамдар.

Айкелдери граниттен, баалуу таштан асылдан,
Аза сөздөр же кара сөз, же ыр менен жазылган.

Жазуулары жалтылдаган металлдарга чегилген,
Жашоодо эмес, жалаң гана көрүстөндүк “генийлер”.

Кокус көрдөн туруп келсе жазууларын көрүшмөк,
Окуп алып, алар кайра экинчи ирет өлүшмөк.

Көңүл чөгүп... Үч ат чеккен арабаны алдыма
Тарттым дагы, кеч күз эле, жөнөп кеттим айлыма.

Калаадагы көрүстөндөн түшүп чыгып кейишке,
Кайрылдым мен жол боюнда карапайым бейитке.

Жатат мында жайдыр-кыштыр жан тынбаган ойрондор,
Жашап өткөн жаап-жашырбай, болгондорун болгондой.

Булар менен эч кимиңдин болгон эмес ишиңер,
Жатат мында чын Кудайды алдабаган кишилер.

Жалган даңктын далбас уруп тизмесине катталбай,
Жашап өткөн жазмыш дартын жаратканга даттанбай.

Келген кезде ата-эненин үмүт жолун кеңиткен,
Кеткен кезде бул дүйнөнү бир адамга кемиткен.

Эсилдердин сөөгүн козгоп жайы кайра казылбайт,
Эстелик деп бейиттери оор таш менен басылбайт.

Маркумдардын тынч уйкусун шыбактардан туюшат,
Айылдыктар өтүп бара жатып бата кылып турушат.

Өлүм-өмүр бардыгына бирдейлигин тең ойлоп,
Эртели-кеч ушул жерде турат элкин жел ойноп.

Көрдүм анан мүрзөлөрдү каптап жаткан ак карды,
Жаз келгенде жанындагы шуулдай турган бактарды...

Которгон:
Ш.Дүйшеев
290 views13:54
Открыть/Комментировать
2022-05-28 09:00:03 Урматтуу катталуучулар каналдар топтому бир нече сааттан кийин өчүрүлөт

Катталып калууга үлгүрүңүздөр
189 views06:00
Открыть/Комментировать
2022-05-26 18:08:55 БИЗ СИЗГЕ 40 ЖЕКЕ КАНАЛДАРДЫ ТОЛУГУ МЕНЕН АКЫСЫЗ АЧТАБЫЗ
Ар биринде эмне бар экенин 12 сааттын ичинде билип алыңыз

⦂ Factbek

⦂ Жакшы сөздөр

⦂ Үлгүлүү мусулман айым бол

⦂ Аялдарга арабча куран үйрөтүү

⦂ Бейишке багыт

⦂ Аялдарга намаз үйрөтүү

⦂ Бейиш жолу

⦂ Твой краш

Эң жаңы музыкалар

⦂ Поэзия дүйнөсү

⦂ Сүйүү саптары.Поэзия

⦂ Бейишке карай жол

⦂ Өзүңдү өнүктүр

⦂ Билимдүүгө дүйнө жарык

⦂ Ашыгым менин

⦂ Химикатсыз жашоо

⦂ Айти адамдын канаты

⦂ Сиз издеген китептер

⦂ Аудио китептер

⦂ Жашоо чындыгы

⦂ Онлайн китепкана

⦂ Сүйүү жөнундө цитаталар

⦂ Уют и тепло

⦂ Музыка

⦂ Кыргызчаннел

⦂ Сүйүү исламда

⦂ Эки жүрөк сырлары

⦂ Логикалык тапшырмалар

⦂ Жүөк согушу

⦂ Жалгызым

⦂ Бактылуу айым

⦂ Өзгөрүү өзүңдөн

⦂ Сүйүү бакчасы

⦂ Бийикте бол

⦂ Ыймындуу жүрөк

⦂ Өзүн өзү өнүктүрүү

⦂ Муслиманкая

⦂ Акысыз куран сабактары

⦂ Арабча хадистер

⦂ Сиз издеген видео
291 views15:08
Открыть/Комментировать
2022-05-23 02:57:27 "Сагынычты сага айтайын ыр кылып"

Ашык дилим эстеп алып сүйгөнүн,
Мелүүн чертет кусалыктын күүлөрүн.
Эмненидир күткөн сымал күдөрүм,
Сагынычта өтүүдө бул күндөрүм.

Сен да мени сагынаарсың садагам,
Сезим оту кетпей койду санааман.
Караңгыда калгый басып муңайып,
Кусалыкты кураштырдым ыр кылып!

Автор: Руслан Токторбаев.
200 views23:57
Открыть/Комментировать
2022-05-21 15:41:13 *КЕЧИР МЕНИ, ЖАШТЫГЫМ!*

Жыйнала албай чачыранды оюм бат,
Бүгүн мага жылуу, жумшак орун жат.
Максатым бу– жаштыгыма жаралуу,
Кат жазамын көп катамды моюндап.

Калаам үчүн каалап өзүм жердеген,
Санаам үчүн эрк жеткирип, жеңбеген.
Ырым үчүн бир ууч бакыт бербеген,
Ыйым үчүн кучагына термеген.
Кечир мени, жаштыгым.

Кыял үчүн такыр ишке ашпаган,
Уям үчүн жазмыш бузуп таштаган.
Үмүт үчүн гүлдөп ажар ачпаган,
Күйүт үчүн көңүлүмдөн качпаган.
Кечир мени, жаштыгым!

Көз жаш үчүн бөөдө жолдо төгүлгөн,
Өз, жат үчүн жакынымдай көрүнгөн.
Мүнөт үчүн муңга кошо өрүлгөн,
Жүрөк үчүн жүз бөлүккө бөлүнгөн.
Кечир мени, жаштыгым!

Сүйүүм үчүн ара жолдо кирдеген,
Бүрүм үчүн кыш чилдеде гүлдөгөн.
Жарык үчүн сага мүлдө тийбеген,
Багыт үчүн кенен жолдон жүрбөгөн.
Кечир мени, жаштыгым!

Кечир мени, жаштыгым...

ЭРКИНБЕК КЫЗЫ МЭЭРИМ.
25.04.2022.
06:10
81 views12:41
Открыть/Комментировать
2022-05-17 20:52:49 Бөлүнүп асманым теңинен,
Барк билбес бирөөгө кейигем.
Башкалар суктана тургандай,
Башкача жашаймын эми мен!


Ырысгүл Изатова.
194 views17:52
Открыть/Комментировать
2022-05-15 09:56:49 КЕЧИРЕМ

Кандай учур болду бүгүн жашыткан?
Азыр муңум... Таалай болгон баштараак.
Мен айрылгам кайталангыс бакыттан.
Башкасынан сенде ошондой бак калат.

Өкчөп турат бир жаңылыш, бир кетүү.
Мени өзүңдүн жок убагың башкарып,
Сенин жогуң бакыт болсо бир чети,
Сенсиздигим ичке күйүт, башка жүк.

Суранганым Жараткандан үчүн мен.
Сур булутсуз күндөр сенден садага.
Муназага келбей койгон үчүн сен.
Муң-зар үйдү бул махабат а мага.

Сүйүүбүздүн таразасы болгону,
Сага Күндү, мага Түндү тапшырган.
Таалайым бул, энчиленген ойдогу:
Табыласың жаман аттуу жакшы ырдан.

Өзгө жандан издеп, мээрим көрбөгөн.
Өзөгүмө так калтырдым кечип от.
Өзүмдү өзүм түшүнбөгөн өң менен,
Сени бир күн сезимдерим кечирет.

Мен өзүмдү кечирбеген өң менен,
Сени ырым болгонуңа, кечирем...


Баатырбек кызы Айнара
¹⁰·⁰¹·²²
(0:32)
246 viewsedited  06:56
Открыть/Комментировать
2022-05-14 13:39:21 (атама)

Тоо тарапты булут чалса түнөрүп,
санаам аздап күчөй баштайт тыйылбай,
тоо суусундай таштан ташка бүлөнүп,
азоо аккан багытынан бурулбай.

Балким, өткүн жаап өттү дыбырап,
балким, ак жаан өтмө катар суу кылып
калпагыңдан моюн ылдый куюлат,
мээлүн тартып денеңдеги жылуулук.

Бир сап табам автобуста баратып
тоо башындай түнөргөн бир ой менен,
ырдын артын таап, кайра адашып,
демим катып, кымырынам бүргөдөй.

Ошол жума дале эсте чайыттай,
ат кыядан кулап, бутуң сынганда
короого кой толук келбей жайыттан,
көк тешилип, күнү-түнү куйган жаан…

Жаралгандан канда жүрөр санаа бар –
байланыш бар ата менен балада.
Көзү тоодо, озү дайым санаадар,
чабан уулу жашап турса калаада.

Жолдошбек Зарлыкбеков
316 viewsedited  10:39
Открыть/Комментировать
2022-05-13 20:43:55 БИР УЧУРДУН ЭКИ ТАРАБЫ

Бакытыңдын шондогу бир учкуну.
Бир күйүт да, бир- азап, бир-үшкүрүү.
Билип туруп тоңгонмун ызгаарына,
Бийик тутуп ыйгарган ырыскыны.

Бал сөзүңдүн андагы бир уурттамы.
Бакыттын да, ыйдын да бийик жагы.
Баарын туюп, а бирок, кайыл элем.
Барарым түн, муңдугун билип дагы.

Бар кезиңдин шондогу бир ирмеми.
Бир-жаңылыш, бир-ката, бир- иргелүү.
Көрүп туруп көнгөнмүн сунарына,
Күйүт болуп берсе да мунун жөнү.

Ырыскымдан ыр дүйнөм туйлап дагы.
Ый сиңирет койнуна ыргак жаңы.
Бар болгонуң бакыт да... А бирге эмес
болгонубуз бакыттын муздак жагы.

Бир... Бир учур кездешкен бакыт болуп,
Бирок азыр бергени муздак дагы.

Баатырбек кызы Айнара
⁰⁶·⁰¹·²²
(22:29)
360 viewsedited  17:43
Открыть/Комментировать