2021-08-07 20:41:50
МЕН ГО МЕН БОЛДУМ ЭЛЕ.
Мен го мен болдум эле...
Мезгилге чайналып жем болдум эле.
Жалгыздык жаман жаныма батып,
Жашык темирге тең болдум эле.
Төөкөрүм сынып,канатым талып,
Тебишкенимден кем болдум эле.
Дайнымды таппай дал болдум эле,
Далайга менчик мал болдум эле.
Тишке чапканга тик карай албас,
Тирүүлөй өлүк жан болдум эле.
Беймаал төрөлүп,эрте картайып,
Бели мертинген чал болдум эле.
Мен го мен болдум эле...
Мезгилге чайналып жем болдум эле,
Каптал-бооруна калажай толуп,
Касиет качкан жер болдум эле.
Тагдырды дарттан арылтабы деп,
Таянган тоом сен болдуң эле.
А сенин тийбей арактан колуң,
Байкай элексиң бараткан жолуң.
Жонуңан түшпөй он беш жыл мурун,
Отуз жеринен жаматкан тонуң.
Жатындашыңды жардан кулатуу,
Отурсаң-турсаң ойлогон оюң.
Ынаксың кулагыңы кескендерге,
Ычкырың зайыбыңдын чечкендерге.
Эт тартып,мал энчилеп,конуш бердиң,
Энеңди май куйрукка тепкендерге.
Кыз бердиң,кымыз бердиң тулпар бердиң,
Кыргыздын туусун жыгып кеткендерге.
Телтендеп теңдешиңден жеңил сүйлөп,
Аптыгып айымыңдын кебин сүйлөп,
Акыбет,акыбетсиз измдерге,
Алы чак, баамы түркөй элиң сүйрөп.
Кашайгыр кайда кетип баратасың,
Кайын журт,тага жээндериң сүйрөп.
Журт бузар жумарбектин торун кесип,
Жутчулук ташыгандын жолун кесип.
Төрөлсө бир азамат бактыбызга,
Төбөдөн мыкчыгандын колун кесип.
Аркалап чыкса жүгүн карыптыктын,
Калкынын кайнап турган шорун кесип.
Ар жалгап,намыс жалгап чапанына,
Агызбай чалдын жашын сакалына.
Корунтпай кошунасынын коногунан,
Кошконун кыргызды адам катарына.
Көз көрүп мен да аттансам болот эле,
Аттиң ай,эң акыркы сапарыма.
Дооронбек Садырбаев.
133 views17:41