Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Мени окуп бүтө албайсың, карагым, Барактаган сайын арбып бараг | Поэзия дүйнөсү📝🌺

Мени окуп бүтө албайсың, карагым,
Барактаган сайын арбып барагым,
Жада калса өзүм дагы өзүмдү,
Окуганга жетише албай барамын...

Мейли канча кара жанды сабагын,
Жүрөгүңдү миң азапка саламын.
Канча жумшак болгон менен мүнөзүм,
Кайра ошончо ташмын, сары санаамын.

Кээде шокмун,
оюнкараак баламын,
Кээде жүз жыл жашагансып аламын.
Мени издесең кээде бармын, кээде жок,
Кээде өзүмдү бир сап ырдан табамын...

Жыпар Исабаева