Жасалма кирпик, Жаштарды силкип, Акыры келди Айылга минтип... | Поэзия дүйнөсү📝🌺
Жасалма кирпик,
Жаштарды силкип,
Акыры келди
Айылга минтип...
Жасалма эрин,
Жасалма "желин".
Жанымда жатат,
Жасалма келин...
Жараткан, Эге!
Жалган сөз дебе:
Жасалма төрөп,
Жасалма жеңе.
Жасалма сүттү
Жактырбайт дене.
Жасалма бешик
Жыргатмак беле...
Жалдырап тиктейт
Жасалма эне...
Алтынбек ИСМАИЛОВ