Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

АПАМА Канаты сынган куштаймын, калкылдап бийик учпаймын. Бозо | Поэзия дүйнөсү📝🌺

АПАМА

Канаты сынган куштаймын,
калкылдап бийик учпаймын.
Бозоруп жаткан мүрзөңдү,
боорума кысып уктаймын.
Өзүңдө өзүм калгандай,
өмүр бул бүтпөс армандай,
өлүмдөн баары жалгандай.

Сыздаймын ичтен сызылып,
сыйбаймын өзгө кысылып.
Алдыда жылдар бүдөмүк,
асманда айым тутулуп.

Айтпасмын арып, талганды,
азаптуу жылдар, айларды.
Бүлүндү бүтүн көңүлүм,
жанына алып жалганды.

Кыялап кырды кездимби?
Капалуу нечен кеч кирди.
Кайрылбас ошол дүйнөгө
күлкүмдү ала кеттиңби?
Күйүт да күйүп эскирди,
көзүмдөн жашым төктүрдү.
Өмүргө көнбөй буйдалам,
өзүмдү ала кеттиңби?
Өйдө да, ылдый көч жүрдү,
өзөктө өчпөй өрт күйдү.
Жансыздай мага, сезбеймин
жүрөгүм ала кеттиңби?

Муңайым сылап сүйгөнсүп,
муң-зарым сезип билгенсип,
мээримиң туям эрте, кеч
менде эле өзүң жүргөнсүп.

Жалындап туруп муздаймын,
жалгыздап барып сыздаймын.
Бозоруп жаткан мүрзөңдү
боорума кысып уктаймын.

Атахан Кожогулов