Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

СЫНОО (жаңы чыгарма) Мен дегендер чаң-будуңда калышкан, Мезги | Поэзия дүйнөсү📝🌺

СЫНОО
(жаңы чыгарма)

Мен дегендер чаң-будуңда калышкан,
Мезгил күлүк баарын жеңген жарыштан.
Кимдин кандай экендиги билинет.
Укуругун салса сыноо алыстан.

Өмүр кербен өткүчөктү уланат,
Тагдырлардан келди мындай тыянак.
Аял ооруп жаткан кезде төшөктө,
Жары кандай экендиги сыналат.

Ал сүйүнсө ашып-түшүп сүйүнөт,
Барга-жокко жашап келген күч үрөп.
Итке минип калган кезде күйөсү,
Аял кандай экендиги билинет.

Адам күчтүү дене-бойдо сын барда,
Жаштык калат жалындаган жылдарда.
Бала кандай экендиги билинет,
Ата-эне алдан тайып турганда.

Бир карында, бир уяда жатышкан,
Бир эненин балдай сүтүн татышкан.
Бир туугандын анык жүзү көрүнөт,
Мурас бөлсө, ата өлүп капыстан.

Балалыктын жолу кошкон таптаза,
Бийлик, байлык күтсө дагы башкача.
Дос сыналган учур келет бир күнү,
Кара булут кайгы салып каптаса.

Келет сөзсүз жолун карап күткөнгө,
Жашайт өңдө, жашайт коштоп түштөрдө.
Чын сүйүүнүн бар экени билинет,
Ортодогу кызыкчылык бүткөндө.

Бирде күлүп, бирде ыйлап арманда,
Биз жашайбыз алты күндүк жалганда.
Адам кандай экендиги билинет,
Жаратканым башка сыноо салганда.

Ээр токумдай жериң кымбат билгенге,
Канча жан бар көрсөм деген ирмемге.
Мекен кандай экендигин туябыз,
Бөтөн жерде, бөлөк элде жүргөндө…


Акбар Кубанычбеков.