Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

SUPER.KG- Соңку кабарлар

Логотип телеграм канала @supperkg — SUPER.KG- Соңку кабарлар S
Логотип телеграм канала @supperkg — SUPER.KG- Соңку кабарлар
Адрес канала: @supperkg
Категории: Без категории
Язык: Русский
Количество подписчиков: 3.15K
Описание канала:

Актуалдуу, кызыктуу жана ыкчам маалыматтар.
Фейсбук- https://www.facebook.com/Super.kg.Portaly/?ref=pages_you_manage
Инстаграм- https://instagram.com/super.kg_official?utm_medium=copy_link

Рейтинги и Отзывы

3.00

3 отзыва

Оценить канал supperkg и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

1

4 звезд

0

3 звезд

1

2 звезд

0

1 звезд

1


Последние сообщения 2

2022-09-01 06:59:59
Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды

Биринчи коңгуроо кагылды.
491 views03:59
Открыть/Комментировать
2022-09-01 06:54:59
1- сентябрь билим күнү!


Бүгүн өлкөдө баардык мектептер 1 миллион 300 миңден ашуун окуучуларды кабыл алды.



@supperkg
502 views03:54
Открыть/Комментировать
2022-08-30 17:38:28
Бүгүн, 30 августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол ардагерлери менен КМШ өлкөлөрүнүн футбол легендалары беттешүүдө.


Беттештеги алгачкы голду 5-мүнөттө өлкө башчы Садыр Жапаров ачты. Учурда Кыргызстандын ардагерлер курама командасы 1:0 эсеби менен алдыга чыкты.

Өлкө башчы 11-катар саны менен оюн алып барууда.

@supperkg
373 views14:38
Открыть/Комментировать
2022-08-30 17:25:13
Бүгүн, 30-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда колдон-колго өтүп зордукталды делген 13 жашар кыздын иши боюнча өкүм чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султанов билдирди.

Анын айтымында, судья Азиз Эшалиев айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, эки милиция кызматкерин 15 жылдан, ал эми "Дордой" базарынын кароолчусун 10 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле алардын ар бири 100 миң сомдон моралдык компенсация төлөөгө милдеттендирилди.

Эске салсак, 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча сот 8-июлда башталган.

@supperkg
385 views14:25
Открыть/Комментировать
2022-08-30 08:24:21
Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.

Билдирүүгө ылайык, жер силкинүү 29-августта саат 14:11де катталган. Жер титирөө Талас районунун Талды-Булак жана Ак-Коргон айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

@supperkg
541 views05:24
Открыть/Комментировать
2022-08-30 07:18:28
Бишкек шаарына “Город-312” тобу келди.

29-августта Бишкек шаарына “Город -312” тобу келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган топ Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынын курама командасынын футбол боюнча жолдоштук беттешке расмий конок катары келди.

Программа боюнча алар кыргызстандыктарды жана футбол сүйүүчүлөрдү келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, ата мекендик эстарда жылдыздары менен биргеликте концерттик программа тартуулашат.

@supperkg
583 views04:18
Открыть/Комментировать
2022-08-29 12:45:24
Көк бөрү жана көкпар боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын Түркиянын Изник шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кийип бара турган формасы жарыяланды.

Көк бөрү боюнча Кыргыз улуттук курама командасы кочкул кызыл, ал эми көкпар боюнча улуттук курама команда көк түстөгү форма менен Түркияга барат. Жакында оюнчулар үчүн экинчи форма дагы даярдалат. Улакчылар Түркияга оюндардын башталышына 10 күн калганда кетишет.

Учурда эки курама команда тең Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүп жатышат.

@supperkg
700 views09:45
Открыть/Комментировать
2022-08-29 12:38:18
Бишкектеги абакта киши колдуу каза болгон Дөө Чыңгыз каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө беш адам шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, беш адамга Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча айып тагылган. Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен бардык шектүүлөр СИЗО-1ге киргизилди.

30-июлда №21 мекемесинде Чыңгыз Жумагулов киши колдуу каза болгон. Андан соң ЖАМК окуя тууралуу билдирүү таратып, Дөө Чыңгызды камерада чогуу отурган адам жеке пикир келишпестиктен улам келип чыккан чырда өлтүргөнүн айтышкан.

@supperkg
682 views09:38
Открыть/Комментировать
2022-08-29 08:52:51
31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарында майрамдык салют атылбайт. Бул тууралуу шаардык мэрия тарабынан белгилүү болду.

"Мындай чечим биринчиден, айлана-чөйрөнү коргоо максатында кабыл алынды. Фейерверк көмүр кычкыл газын же парник газын өндүрүүгө салым кошот. Мындан тышкары, башка экологиялык эмес компоненттер болушу мүмкүн. Катуу үнү канаттууларды жана жаныбарларды коркутуп, дүрбөлөңгө салып, фейерверк атылгандан кийин көчөлөрдө көптөгөн таштандылар калууда.

Экинчиден, жаркыраган көз ирмемдик шоу көп акчаны талап кылат жана фейерверктен баш тартуу муниципалдык бюджетти үнөмдөйт", - дешти мекемеден.


@supperkg
696 views05:52
Открыть/Комментировать
2022-08-29 08:47:32
Индиянын Нью-Дели шаарында мыйзамсыз курулган эки асман тиреген имарат жардырылды.

Маалыматка ылайык, 32 кабаттуу "Aпекс" жана 29 кабаттуу "Сеян" өлкөдөгү жардырылган эң бийик имараттар болуп калды. Бул имараттарда дээрлик миңден ашык батир жайгашкан. Асман тиреген имараттарды бузуу үчүн 3700 килограмм жардыруучу зат керектелген.

Жардыруу операциясы башталганга чейин аймактан 5 миңдей адам эвакуацияланып, кошуна үйлөр калың материал менен капталган. Полиция аймакты курчоого алып, бир нече жол тосулган.

Бул имараттардын мыйзамдуулугу боюнча соттук териштирүүлөр 9 жылга созулган. Жыйынтыгында курулушчулар асман тиреген имараттардын ортосундагы минималдуу аралыктын нормаларын бузганы белгилүү болгон. 2021-жылдын августунда Индиянын Жогорку Соту имаратты бузуу чечимин чыгарган.

@supperkg
702 views05:47
Открыть/Комментировать