Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

SUPER.KG- Соңку кабарлар

Логотип телеграм канала @supperkg — SUPER.KG- Соңку кабарлар S
Логотип телеграм канала @supperkg — SUPER.KG- Соңку кабарлар
Адрес канала: @supperkg
Категории: Без категории
Язык: Русский
Количество подписчиков: 3.15K
Описание канала:

Актуалдуу, кызыктуу жана ыкчам маалыматтар.
Фейсбук- https://www.facebook.com/Super.kg.Portaly/?ref=pages_you_manage
Инстаграм- https://instagram.com/super.kg_official?utm_medium=copy_link

Рейтинги и Отзывы

3.00

3 отзыва

Оценить канал supperkg и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

1

4 звезд

0

3 звезд

1

2 звезд

0

1 звезд

1


Последние сообщения 3

2022-08-28 14:39:41
Пакистандын аймагында 14-июндан бери тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен 1003 адам каза болуп, 1527 адам жаракат алган.

Маалыматка караганда, акыркы бир сутка ичинде 119 адам каза болгон. Ошондой эле нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен 3451, 5 чакырым жолго зыян келип, 149 көпүрө ураган. Андан тышкары 949 миң 800 турак үй жараксыз абалга келип, 719 миң 500 баш мал өлгөн.

Пакистан бийлиги өлкөгө өзгөчө абал режимин киргизип, кошуна өлкөлөрдөн жана эл аралык уюмдардан жардам сураган.

@supperkg
753 views11:39
Открыть/Комментировать
2022-08-28 08:34:48
Чүйдө аскердик унаа жол кырсыгына кабылды. Маалыматты Коргоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-августта Аскер институтунун курсанттары ант берген соң "Ата-Бейит" тарыхый-меморалдык комплексине жакын жерде кырсыкка учураган.

Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 9 адам ар кандай жараат менен Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы ооруканаларга жеткирилген. Калгандары Аскер госпиталында дарыланууда. Абалдары канааттандырарлык.

Бул факты боюнча кызматтык иликтөө башталып, кырсыктын келип чыгышы боюнча териштирүү жүргүзүлөрү маалымдалды.
@supperkg
773 views05:34
Открыть/Комментировать
2022-08-27 12:51:55
"Рулдагы жылдыз" берүүбүздүн кезектеги каарманы тамашоучу, позитив командасынын капитаны, тамада Актан Рыскелдиев менен маектештик. Бул айдап жүргөн унаам алгачкы унаам, өзүм такыр унаага кызыкпайм. Бул унааны кайын жыртум белек  кылды дейт Актан Рыскелдиев



833 viewsedited  09:51
Открыть/Комментировать
2022-08-26 15:48:48
Ар бир жердин өзгөчө даамдары болот. Ош шаарындагы  өзгөчө тамак-аштардын катарына палоо, самса жана майда манты кирет. SUPER.KG порталы Ош шаарында майда манты саткан жайдан репортаж дайындады.




878 views12:48
Открыть/Комментировать
2022-08-26 14:06:11
Экс-депутат Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени аныкталды.

Маалыматка ылайык, Момбеков 2003-жылдагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жасалма дипломун пайдаланып, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына тапшырып, 2014-жылы “Эл аралык мамиле” багыты боюнча окуусун аяктаган.

Аныкталгандай, Кыргыз улуттук университетинен Рыскелди Момбековдун наамына белгиленген диплом 2003-жылы берилген эмес. Буга байланыштуу Дипломатиялык академиянын диплому жокко чыгарылды.
@supperkg
859 views11:06
Открыть/Комментировать
2022-08-26 09:24:34
Борбор калаада Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата тартылган мурал пайда болду.

Мындай сүрөттү Фрунзе-Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын боорунан көрүүгө болот. Бул эмгекти Basicolors арт-тобу жараткан.
SUPER.KG
820 views06:24
Открыть/Комментировать
2022-08-26 09:23:21
Талас облусунун Кара-Буура районундагы Жоон-Дөбө айылынын түндүк тарабында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу унаанын 10 дөңгөлөгү жана кабинасы күйгөн.

"Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган М.Р., 1988-жылы туулган У.М., 1990-жылы туулган Т.Д. жеңил жаракат алышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилди.

Өрт электр жабдууларын пайдалануудагы эреженин бузулушунан улам чыккан", - деп айтылат маалыматта.
SUPER.KG
838 views06:23
Открыть/Комментировать
2022-08-25 15:19:28
SUPER.KG порталы элдин жакшылыктарында кызмат кылган ырчы айым Венера Назаралиеванын үйүндө конокто болду. Венера айым Ош шаарынын борборунда жашайт. Ак өргөөгө болгон саякатты видеодон көрүңүз.



867 viewsedited  12:19
Открыть/Комментировать
2022-07-08 20:20:29
Москва жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Джип менен Биринчи май РИИБдин УАЗы кагышкан. Жабыркагандар бар.

Бирөө оор абалда.
114 views17:20
Открыть/Комментировать
2022-07-08 19:04:17
Ысык-Көлдө жүргүнчүсүн түшүрүп жаткан Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Nissan X-Trail унаасы сүзүп кетти. Анын кесепетинен үч киши жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 8:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолундагы эс алуу жайына бурулган жерде болгон.

Кырсыктан кийин эки автоунаанын тең айдоочусу жана бир жүргүнчү Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча Nissan X-Trail унаасынын айдоочусу уктап кеткен.
260 views16:04
Открыть/Комментировать