2022-09-01 09:36:00
Бүгүн, 1-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” ардак наамы төмөнкү өнөр адамдарына ыйгарылды:Айтыкеев Асанкожо Ароновичке – “Кыргызтелефильм” чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын жогорку категориядагы кинорежиссёру;
Апыев Талантбек Мамытовичке – С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси;
Артыков Кадыралы Жусуповичке – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка кафедрасынын башчысы;
Бейшекеев Сыймыкбек Токтогуловичке – эстрада ырчысы, “Сыймык” чыгармачылык оюн-зоок борборунун артисти;
Жумалиев Бакыт Арстанбековичке – Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын режиссёру, артисти;
Иманалиев Зайнидин Сабитовичке – М. Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин комуз классы боюнча мугалими, Кочкор району, Нарын облусу;
Исмаилов Сапарга – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эстрада-фольклордук жана элдик бий студиясынын жетекчиси;
Кочорбаева Жипариса Абдыкадыровнага – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
Мамбетов Мурат Аваловичке – актер, режиссёр, “Кыргызстан театр ишмерлери союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
Нарбаева Алтынай Абдуллаевнага – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун маданият бɵлүмүнүн Б. Эдигеев атындагы “Ысык-Ата-Арашан” элдик-фольклордук ансамблинин солисти;
Одуракаев Бусурман Кожокуловичке – Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
Рыскулов Асанбекке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;
Сейдракманов Назаркул Эшенкуловичке – Кыргыз улуттук “Манас” театрынын артисти, манасчы;
Төрөбеков Чырмаш Топчибаевичке – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти-вокалисти;
Уралиев Намазбек Келгенбаевичке – К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын комуз классы боюнча улук окутуучусу;
@supperkg
473 views06:36