Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Индиянын Нью-Дели шаарында мыйзамсыз курулган эки асман тиреге | SUPER.KG- Соңку кабарлар

Индиянын Нью-Дели шаарында мыйзамсыз курулган эки асман тиреген имарат жардырылды.

Маалыматка ылайык, 32 кабаттуу "Aпекс" жана 29 кабаттуу "Сеян" өлкөдөгү жардырылган эң бийик имараттар болуп калды. Бул имараттарда дээрлик миңден ашык батир жайгашкан. Асман тиреген имараттарды бузуу үчүн 3700 килограмм жардыруучу зат керектелген.

Жардыруу операциясы башталганга чейин аймактан 5 миңдей адам эвакуацияланып, кошуна үйлөр калың материал менен капталган. Полиция аймакты курчоого алып, бир нече жол тосулган.

Бул имараттардын мыйзамдуулугу боюнча соттук териштирүүлөр 9 жылга созулган. Жыйынтыгында курулушчулар асман тиреген имараттардын ортосундагы минималдуу аралыктын нормаларын бузганы белгилүү болгон. 2021-жылдын августунда Индиянын Жогорку Соту имаратты бузуу чечимин чыгарган.

@supperkg