Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер | SUPER.KG- Соңку кабарлар
Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.
Билдирүүгө ылайык, жер силкинүү 29-августта саат 14:11де катталган. Жер титирөө Талас районунун Талды-Булак жана Ак-Коргон айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.