Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Бишкек шаарына “Город-312” тобу келди. 29-августта Бишкек шаа | SUPER.KG- Соңку кабарлар

Бишкек шаарына “Город-312” тобу келди.

29-августта Бишкек шаарына “Город -312” тобу келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган топ Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынын курама командасынын футбол боюнча жолдоштук беттешке расмий конок катары келди.

Программа боюнча алар кыргызстандыктарды жана футбол сүйүүчүлөрдү келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, ата мекендик эстарда жылдыздары менен биргеликте концерттик программа тартуулашат.

@supperkg