Адрес канала:
Категории:
Новости и СМИ
Язык: Русский
Страна: Киргизия
Количество подписчиков:
3.77K
Описание канала:
Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod
Рейтинги и Отзывы
Оценить канал sputnik_kyrgyzstan_kg и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.
5 звезд
0
4 звезд
1
3 звезд
1
2 звезд
0
1 звезд
1
Последние сообщения 5
2022-02-24 17:06:43
Улуттук банк сомду колдоо үчүн 13,05 млн доллар саттыБелгилей кетсек, бүгүн доллар 10 сомго жогорулап, 95 сомду түздү.
@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
792 views14:06
2022-02-24 16:05:57
Мирбек Кожоев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Президенттин жарлыгы менен аталган кызматка Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов дайындалды.
@Sputnik_Kyrgyzstan_kg
831 viewsedited 13:05
2022-02-24 14:53:51
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинага аскер жиберүүнү пландалбаганын, өлкө аймагында альянстын күчтөрү жок экенин билдирди.
@Sputnik_kyrgyzstan_kg
847 views11:53
2022-02-24 14:46:27
Улуттук банк валюта рыногундагы жагдай тууралуу билдирүү жасады
Украинадагы кырдаалдан улам ички рынокто АКШ долларына суроо-талап жогорулады
Доллардын курсунун өсүшү көбүнчө психологиялык факторлорго жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрүнө байланыштуу
Абалды турукташтыруу үчүн валюталык интервенцияларды жүргүздү (азырынча сумма белгисиз)
Улуттук банкта кырдаалды жөнгө салуу үчүн керектүү ресурстар жана инструменттер бар
Рубль курсунун төмөндөшү тышкы рыноктордо да байкалууда
Россия Кыргызстандын соода жана экономика боюнча негизги өнөктөшү болгондуктан алардын экономикасындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандын валюта рыногуна кыйыр түрдө таасирин тийгизиши мүмкүн.
Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү 22-февралга карата 2 792,4 млн доллар
@Sputnik_kyrgyzstan_kg
844 viewsedited 11:46
2022-02-24 14:19:38
328 voters771 views11:19
2022-02-24 14:12:29
Садыр Жапаровдун өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлыгынын толук тексти. Жакындары же туугандары каза болгон үйдү катуу көзөмөлгө алуу мектеп директорлорунан баштап, участкалык милициялар, айыл өкмөт башчылар, райондун акимдерине тапшырылды.
@Sputnik_kyrgyzstan_kg
2.2K views11:12
2022-02-24 14:07:47
Садыр Жапаров маркумду акыркы сапарга узатууда мал союуга тыюу салган жарлык чыгарды
"Илгертеден бери жалпыбызга белгилүү болуп келгендей, өлүм чыккан үйдө той болуп жаткандай сезилет. Колунда жоктору бир бодо, колунда барлары бештен бодо мал сойгон учурлар бүгүн дагы уланып келет. Жыйынтыгында азыр дагы колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет. Ошондуктан, кимибиз болбойлу - баарыбызга эреже бирдей болуп, жалпы эрежеге баш ийүүгө чакырам", ― деп жазган президент.
Жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тартып, Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырылганы айтылды.
@Sputnik_kyrgyzstan_kg
734 views11:07
2022-02-24 13:26:19
Эки милиция кызматкери $6000 пара алып жатканда кармалды
Алар ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери экенин УКМКдан кабаралашты.
Шектүүлөр атайын кызматтын убактылуу тергөө абагына киргизилди.
@Sputnik_kyrgyzstan_kg
1.1K viewsedited 10:26
2022-02-24 13:05:53
Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Абдыкадыров 63 жашта. Ал буга чейин курулуш компаниялардын биринин директору болчу.
Бишкек мэриясынын системасында 30 жылдан ашык иштеп, үч жолу шаардык кеңештин депутаты, вице-мэр болгон.
@Sputnik_kyrgyzstan_kg
760 views10:05
2022-02-24 12:56:42
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматтан кетти
Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ал Президенттик администрациянын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
@Sputnik_kyrgyzstan_kg
754 views09:56