Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Логотип телеграм канала @sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар S
Логотип телеграм канала @sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Адрес канала: @sputnik_kyrgyzstan_kg
Категории: Новости и СМИ
Язык: Русский
Страна: Киргизия
Количество подписчиков: 3.77K
Описание канала:

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Рейтинги и Отзывы

2.67

3 отзыва

Оценить канал sputnik_kyrgyzstan_kg и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

0

4 звезд

1

3 звезд

1

2 звезд

0

1 звезд

1


Последние сообщения 177

2021-02-02 14:28:02 Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети өкмөттүн жаңы курамын жактырды.

Жыйында комитет мүчөлөрү жаңы курамга тажырыйбалуу адамдар киргенин билдиришип, бир добуштан колдоп беришти.

Жаңы өкмөт эртең парламенттин жалпы жыйынына чыгарылып, бекитилген курам добушка коюлат.

@SputnikКыргызстан
511 viewsedited  11:28
Открыть/Комментировать
2021-02-02 14:12:04 Кыргызстан март айынын башында коронавируска каршы 504 миң доза вакцина алат.

COVAX программасынын алкагында келе турган AstraZeneca вакцинасын Британия менен Швеция биргелешип өндүргөн.

Буга чейин COVAX Pfizer вакцинасын сунуш кылып, бирок аны сактоого шарт жок болгон үчүн Кыргызстан баш тарткан.

@SputnikКыргызстан
523 views11:12
Открыть/Комментировать
2021-02-02 13:39:56 Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жубайы менен Сауд Аравиясына учуп кетти.

Маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, Жээнбеков Мекке шаарына кичи ажылыкка андан соң, Жидда шаарына барат.

"Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясынын Королунун чакыруусу менен баратат. Пандемияга байланыштуу кирүү чектелгендиктен сапар үчүн расмий чакыруу талап кылынат. Кичи ажылык 10 күнгө созулат, андан кийин экс-президент Бишкекке кайтып келет," – деди маалымат катчы.

@SputnikКыргызстан
585 viewsedited  10:39
Открыть/Комментировать
2021-02-02 11:27:32 Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жаңы өкмөттүн курамын карап жатат.

Жыйында өкмөттүн жаңы тузүмү дагы тааныштырылган.

Анда кечээ жарыяланган өкмөттүн жаңы курамынын тизмеси эки кызмат менен толукталган.

Алар:

Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева

Өкмөттүк аппараттын жетекчиси — Жеңиш Асанкулов

Социалдык өнүктүрүү министрли Саламаттык сактоо министрлигине кошулган.

Маданият министрлигине спорт жана жаштар саясаты дагы кошулган. Туризм тармагы каяка кошулары жана ким жетктери белгисиз.

Жыйынды түз эфирден көрүңүз.

@SputnikКыргызстан
659 viewsedited  08:27
Открыть/Комментировать
2021-02-02 10:46:51
Бишкекте "Аю Гранд" соода борборунан өрт чыкты. Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөшүүдө.

видео: 11111 / Бишкек сегодня

@SputnikКыргызстан
945 viewsedited  07:46
Открыть/Комментировать
2021-02-02 09:31:08 Пандемия учурунда 1,5 сомдук бахилалардын ордуна 150 сомдук бахилалар алынган.

Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигине текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктады.

Тендер өткөрүдө төмөнкү бааны эмес жогорку бааны сунуш кылган компания жеңүүчү болгон.

Мыйзамсыз иштерден улам мамлекетке 5 млн. 175 миң 200 сомдук зыян келтирилген.

@SputnikКыргызстан
665 views06:31
Открыть/Комментировать
2021-02-02 08:35:40 2-февралга карата коронавирус боюнча статистика:

58 жаңы учур катталды (бардыгы 84 646)

115 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 81 102)

эки адам каза болду (бардыгы 1 414)

@SputnikКыргызстан
677 views05:35
Открыть/Комментировать
2021-02-02 07:37:49 Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн жазылган арыз УКМК жана ИИМге жөнөтүлдү.

Арыз ээлери 5-6-октябрдагы окуяларда жарадар болгондор үчүн Сооронбай Жээнбековду жоопко тартууну талап кылышууда.

Бийлик митингге чыккан адамдарды күч менен таркатууга буйрук бергендиктен ондогон адамдар майып болгонун жана эч ким жоопкерчиликке тартылбай жаканын билдиришип алар Башкы прокуратурага арыз жазышкан.

@SputnikКыргызстан
709 views04:37
Открыть/Комментировать
2021-02-02 07:09:06 Быйыл Кыргызстан мамлекеттик карыз үчүн рекорддук суммадагы акча төлөйт

Тагыраагы, карыз үчүн 37 млрд. 266 млн. сом каралып, анын 21,6 млрд. сому тышкы карызды жабууга кетет.

Былтыр мамлекеттик карыз үчүн 30,7 млрд. сом сарпталып, буга чейинки эң чоң көрсөткүч болгон.

Учурда өлкөнүн карызы 4,9 млрд. долларды түзсө, анын 4,2 миллиарды тышкы карыз.

@SputnikКыргызстан
703 views04:09
Открыть/Комментировать
2021-02-01 18:46:56 Өкмөттүн жаңы түзүлгөн курамы жарыяланып, тизме белгилүү болгонун парламенттеги ишенимдүү булактар билдирди.

Биринчи вице-премьер гана калып, калган үчөө жоюлган. Айрым министрлик, комитеттер бириктирилди.

Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы:

Биринчи вице-премьер — Артем Новиков;

Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;

Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;

Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;

Энергетика жана өнөр жайы министри — Кубанычбек Турдубаев;

Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;

Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;

Юстиция министри — Асел Чынбаева;

Маданият министри — Кайрат Иманалиев;

Экономика жана финансы министри — Улукбек Карымшаков;

Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;

Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.

@SputnikКыргызстан
806 viewsedited  15:46
Открыть/Комментировать