Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Логотип телеграм канала @sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар S
Логотип телеграм канала @sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Адрес канала: @sputnik_kyrgyzstan_kg
Категории: Новости и СМИ
Язык: Русский
Страна: Киргизия
Количество подписчиков: 3.77K
Описание канала:

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Рейтинги и Отзывы

2.67

3 отзыва

Оценить канал sputnik_kyrgyzstan_kg и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

0

4 звезд

1

3 звезд

1

2 звезд

0

1 звезд

1


Последние сообщения 2

2022-03-02 10:05:47 Кыргызстанда пландуу оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

"Республика боюнча энергетика тармагында оңдоо иштери башталды. Бардык аймактарда электр чубалгылары, трансформаторлор жана көмөкчордондор оңдолот. Министрликке караштуу ар бир ишкана өчүрүүлөр туралуу алдын ала маалымат берип турат", ― деп билдирди энергетика министрлиги.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
493 views07:05
Открыть/Комментировать
2022-03-02 10:00:35 ​​Бишкектин мэри алгачкы маалымат жыйынында бир нече билдирүү жасады:

бизнестен пенсияга чыкканына ишендирди ― буга чейин ал курулуш компаниянын жетекчиси болгон

акимдердин ыйгарым укуктарын күчөтүүнү каалайт. Буга чейин таштанды, тротуар сыяктуу майда маселелерди мэрия чечип келген. Эми муну менен акимдер алектенет. Мэрия инвестиция тапртуу, автобустарды алып келип, бир нече ири долбоорлор менен алектенет

Бишкек айылдай болбой шаардай көрүнүп турушун каалайт

алдамчы курулуш компаниялары менен күрөшөт: эгер компания сметалык баанын 15 пайызын эсепке салбаса, ага курулуш баштоого уруксат бербей турган жобо даярдалууда

Жапаров жана Ташиев менен кандай мамиледе экенин айтып берди. Ташиев менен 15 жылдан бери тааныш. Президент менен жакында эле таанышкан. Анын ишеним артканы күтүүсүз болгон

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
466 views07:00
Открыть/Комментировать
2022-03-02 09:38:18 Кыргызстандын курама командасы Өзбекстанда өтүүчү "Navruz Cup 2022" эл аралык турнирине катышат. Беттештер 25-29-мартта Наманганда өтөт.

Анда төрт өлкөнүн командалары беттешет: Кыргызстан, Өзбекстан, Уганда жана Тажикстан. 25-мартка белгиленген беттештердин графиги:

Уганда-Тажикистан
Өзбекстан-Кыргызстан

Жеңүүчүлөр финалга чыкса, жеңилгендер үчүнчү орун үчүн ат салышат.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
488 views06:38
Открыть/Комментировать
2022-03-02 09:11:27 "ВКонтакте" баракчабызга катталып, өлкөбүздө болуп жаткан бардык жаңылыктар менен кабардар болунуздар.

https://vk.com/sputnik_kyrgyzstan
508 views06:11
Открыть/Комментировать
2022-03-02 08:33:49 Депутат Нуржигит Кадырбеков окуу келишимин доллар менен түзүүгө тыюу салууну сунуштады

Ал валюта рыногундагы кырдаал жеке мектептерде, жогорку окуу жайларда окугандарга да таасирин тийгизип жатканын айтат.

"Ушундай көз боёмоочулукка чек коюш керек. Инфляциянын талаптарын эске алып окуу келишимин сом менен гана түзүү зарыл. Муну менен биз улуттук валютаны дагы коргойбуз, билим алган балдардын ата-энелеринин укуктарын да сактайбыз", — деди Кадырбеков.

Азыр көпчүлүк банктар долларды 97 сомдон сатып жатышат, бир жума мурун 84,9 болчу.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
542 views05:33
Открыть/Комментировать
2022-03-02 08:04:51 ​​Украинанын айланасындагы кырдаал тууралуу эмнелер белгилүү:

АКШ Россиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жапты

Путин 2-марттан баштап Россиядан 10 миң доллардан ашык акча алып чыгууга тыюу салды

Зеленский Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди

Жо Байден конгресстин алдында сүйлөп жатып, украиналыктарды ирандыктар деп атап алды. Ошондой эле АКШ аскерлери Украинада Россия менен кагылышпай турганын айтты.

Видео: РИА Новости АКШ
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
539 views05:04
Открыть/Комментировать
2022-03-02 07:42:16 ​​"Ош электрдин" мурдагы жетекчиси Дыйканбай Даминов кайра кармалды

Башкы прокуратура билдиргендей, ал мекемени башкарып турган учурда электрге болгон карыздар мыйзамсыз баланстан чыгарылган. Мындан улам казынага 134 млн сомдон ашык зыян келтирилгени айтылат.

Бул факт боюнча корруция беренеси менен иш козголуп, Даминов тергөө абагына киргизилди.

Дыйканбай Даминов 2021-жылдын башында 1 млн сом пара менен Финпол тарабынан кармалып, кийин абактан кантип чыкканы тууралуу маалымат айтылган эмес.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
562 views04:42
Открыть/Комментировать
2022-03-01 19:36:02
Пентагон башчысынын экс-кеңешчиси Путин Украинаны басып алуу ниетин жоктугун, ага өлкөнүн нейтралдуу макамы керектигин айтты.

Анын соңку кырдаал тууралуу айткан пикири тезис түрүндө берилет:

Владимир Путин бизге мындай болорун 15 жыл мурун эскерткен.

Биз россиялык аскер күчтөрү Кубага келишине каршы болгон сыяктуу эле Путин да АКШнын аскерлери менен ракеталары чек арасына жакын жайгашканына чыдабай турганын айткан.

Биз аны укпай койдук, ал сөздөн ишке өттү.

Атайын операциянын жүрүшү жөнүндө:

Азыр Украинанын чыгышындагы салгылашуу дээрлик бүтүп калды.

Украинанын аскер күчтөрү курчоого алынып, эки жээкте калды. Чыгыш-батышына 30-40 миңдей аскер коюлган, эгер алар багынып бербесе жок кылынат.

Эмнеге Зеленский сүйлөшүүгө макул болду?

Оюн бүттү. Зеленский эптеп колу жете турган, жакшыраак келишимге макул болушу керек болот. АКШ дагы эгер ал Украина үчүн нейтралитетти тандаса колдойбуз деп айтты.

@SputnikLive
755 viewsedited  16:36
Открыть/Комментировать
2022-03-01 14:31:51 ​​"Альянс" фракциясынын лидери болуп Жанар Акаев шайланды

Ал эми Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына Чыңгыз Айдарбеков сунушталды.

Буга чейин "Альянс" фракциясын жетектеп турган Алтынбек Сулайманов 24-февралда Ысык-Көл облусунун башчысы болгон.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
813 viewsedited  11:31
Открыть/Комментировать
2022-03-01 14:22:47 Зеленский Украинанын Кыргызстандагы жана Грузиядагы элчилерин кеңешүү үчүн чакыртып алды. Бул тууралуу @rian_ru жазды. Ал ал мындай чечимди эки өлкөнүн Украина кризиси боюнча позициясынан улам кабыл алган. @Sputnik_Kyrgyzstan_KG
793 views11:22
Открыть/Комментировать