Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Логотип телеграм канала @sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар S
Логотип телеграм канала @sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Адрес канала: @sputnik_kyrgyzstan_kg
Категории: Новости и СМИ
Язык: Русский
Страна: Киргизия
Количество подписчиков: 3.77K
Описание канала:

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Рейтинги и Отзывы

2.67

3 отзыва

Оценить канал sputnik_kyrgyzstan_kg и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

0

4 звезд

1

3 звезд

1

2 звезд

0

1 звезд

1


Последние сообщения 178

2021-02-01 13:56:28 Кайрадан Коргоо министрлиги түзүлөт. Президент Жапаров жаңы жарлыкка кол койду.

Аталган жарлык Куралдуу күчтөрүн өнүктүрүүнү көздөмөкчү.

Куралдуу күчтөр Генералдык штабга 2014-жылы бириккен.

@SputnikКыргызстан
847 viewsedited  10:56
Открыть/Комментировать
2021-02-01 13:04:00
Президенттин пресс-кызматынын башчысы болуп Нуркамал Асканова дайындалды.

Асканова 57 жашта, ал КТРКда көп жыл бою иштеген, "Кайдасын?" Автордук программасын алып баруучусу.

Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Нургазы Анаркулов пара талап кылды делип кармалганы үчүн кызматтан алынды.

@SputnikКыргызстан
868 viewsedited  10:04
Открыть/Комментировать
2021-02-01 10:59:10 Көпчүлүк коалиция Улукбек Мариповдун талапкерлигин премьер-министрлик кызматка жактырды.

Эми маселе тиешелүү комитетте каралып, андан соң парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Марипов өкмөттүн курамын тааныштырган жок, бирок алдыдагы пландарына учкай токтолду.

Өкмөт мүчөлөрүнүн саны 22ден 16га чейин кыскартылат.

Айыл чарба министрлигинин түзүмү өзгөртүлөт жана мекемеге тажырыйбалуу адам жетекчи болот.

Экономика, Каржы министрликтери сыяктуу окшош мамлекеттик органдар бириктирилет. Бул блокту вице-премьерлердин бири башкарат.

Энергетикалык кризис жана бюджеттин тартыштыгы боюнча көйгөйдү чечүүгө басым жасайт.

@SputnikКыргызстан
862 viewsedited  07:59
Открыть/Комментировать
2021-02-01 10:24:23
Өкмөт үйүнүн алдына эки топ митинг өткөрүүдө

Бири "Караван" соода борборундагы ижарачылар. Алар өкмөттөн соода борбордогу күркөлөрдү электрондук сатып алуу порталынан алып салууну жана ижарачылардын укуктарын коргоону талап кылышууда.

Экинчи топ Чүй облусунун тургундары. Алар Аламүдүн айыл өкмөтүнүн аймагынан турак жай салууга жер тилкесин бөлүп берүүнү талап кылышууда.

@SputnikКыргызстан
1.3K viewsedited  07:24
Открыть/Комментировать
2021-02-01 09:23:59 Премьер-министрликке сунушталган Улукбек Марипов өкмөттүн курамы кыскартыла турганын билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн 22 мүчөсү 16га чейин кыскартылат.

Марипов кыйсы мамлекеттик кызматтар кыскартыла турганын ачыктаган жок.

@SputnikКыргызстан
835 views06:23
Открыть/Комментировать
2021-02-01 08:49:18
Өкмөт башчылыкка сунушталган Улукбек Марипов өзүнүн программасы менен тааныштырууда.

Жаңы өкмөттүн программасын Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы кароодо.

Жыйынды түз эфирден көрүңүз.

@SputnikКыргызстан
847 viewsedited  05:49
Открыть/Комментировать
2021-02-01 07:26:25
Мьянмада мамлекеттик төңкөрүш болуп, президент Вин Мьин кармалды.

Таң эрте бийликти басып алгандар президент менен бирге жогорку кызматтагы башка аткаминерлерди дагы кармап алышкан.

Айрым ЖМКлар төңкөрүштү аскер кызматкерлери жасаганын жазып чыгышты.

Ушул тапта мамлекетте интернет жана уюлдук байланыш жок экени айтылууда.

сүрөт: EPA/NYEIN CHAN NAING

@SputnikКыргызстан
1.1K views04:26
Открыть/Комментировать
2021-02-01 06:39:48 1-февралга карата коронавирус боюнча статистика:

59 жаңы учур катталды (бардыгы 84 588)

91 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 80 987)

каза болгондор жок (бардыгы 1 412)

@SputnikКыргызстан
877 viewsedited  03:39
Открыть/Комментировать
2021-02-01 06:22:36 Бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөт башчынын талапкерлигин карайт.

Бул кызматка Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов көрсөтүлүп жатканы кабарланды.

Жыйын Жогорку Кеңештин имаратында, саат 11:00дө башталат.

Көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын жактырса тиешелүү комитет бул маселени карайт, андан соң парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

@SputnikКыргызстан
877 views03:22
Открыть/Комментировать