Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Логотип телеграм канала @sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар S
Логотип телеграм канала @sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Адрес канала: @sputnik_kyrgyzstan_kg
Категории: Новости и СМИ
Язык: Русский
Страна: Киргизия
Количество подписчиков: 3.77K
Описание канала:

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Рейтинги и Отзывы

2.67

3 отзыва

Оценить канал sputnik_kyrgyzstan_kg и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

0

4 звезд

1

3 звезд

1

2 звезд

0

1 звезд

1


Последние сообщения

2022-03-03 07:09:15
"Ала-Тоо" аянтында мамлекеттик туунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара башталды

Ага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин жана президенттик администрациянын бардык мүчөлөрү катышууда. Аянтка адамдарды металлодетекторлор менен текшерип анан киргизип жатышат. Шаардын борборунда кыймыл саат 12:00г чейин чектелет.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
57 views04:09
Открыть/Комментировать
2022-03-03 06:56:06 Бүгүн Бишкекте төртүнчү дивизиондогу хоккей боюнчадүйнө чемпионаты башталат. Чемпионатка жалпысынан беш команда: Кыргызстан, Кувейт, Малайзия, Сингапур жана Иран катышат.

Беттештердин расписаниеси:

1-тур — 3 март
Саат 16:00дө Малайзия — Кувейт
Саат 20:00дө Кыргызстан — Иран

2-тур — 4 март
Саат 19:00дө Сингапур — Иран

3-тур — 5 март
Саат 17:30да Кувейт — Сингапур
Саат 20:00дө Кыргызстан — Малайзия

4-тур — 6 март
Саат 19:00дө Иран — Кувейт

5-тур — 7 март
Саат 17:00дө Малайзия — Иран
20:00 Кыргызстан — Сингапур

6-тур — 8 март
Саат 17:00дө Сингапур — Малайзия
Саат 20:00дө Кыргызстан — Кувейт

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
104 viewsedited  03:56
Открыть/Комментировать
2022-03-02 21:51:07
Кыргызстан БУУнун резолюциясына добуш берүүдөн карманды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Генералдык ассамблеясы Россияга Украинада күч колдонууну токтотуп, аскерлерин чыгарып кетүү талабы боюнча резолюция кабыл алды.

Резолюцияны 141 мамлекет колдоп, бешөө каршы чыкты. Макулдугун бербегендер: Россия, Беларусь, Сирия, Түндүк Корея жана Эритрея. Кыргызстан жана Кытай, Казакстан, Өзбкестан сыяктуу 34 өлкө добуш берүүдөн карманышты.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
457 viewsedited  18:51
Открыть/Комментировать
2022-03-02 15:18:40 Евробиримдик SWIFT системасынан россиялык жети банкты өчүрүүнү чечти

Тизмеге ВТБ, "Россия", "Открытие", Новикомбанк, Промсвязьбанк, Совкомбанк жана ВЭБ.РФ банктары кирген.

SWIFT ― бул дүйнөдөгү банктар аралык акча которууда бири-бирине ыкчам жана коопсуз маалымат жиберип турган тутум.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
699 views12:18
Открыть/Комментировать
2022-03-02 14:56:17 ​​Атыр Абдырахматова Кыргызстандын акыйкатчысы болуп шайланды

Аны колдоп 50 депутат добуш берди.

Калган үч талапкер төмөнкүдөй добуш алды:

Бакытбек Узенбаев ― 13
Маматурайым Момунов ― 9
Турсунбек Акун ― 2

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
707 viewsedited  11:56
Открыть/Комментировать
2022-03-02 14:54:30 ​​Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуш шайланды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында ал 76 добуш алды. Эки депутат "каршы добуш берди.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
673 views11:54
Открыть/Комментировать
2022-03-02 14:35:23 Кытай Россияга каршы санкцияларга кошулуудан баш тартты

"Биз мындай (бир тараптуу) санкцияларга кошулбайбыз жана тиешелүү тараптар менен кадимки соода-экономикалык жана каржылык байланыштарды улантабыз", — деди Кытайдын банк жана камсыздандырууну жөнгө салуу комитетинин башчысы Гуо Шуцин.

Ал ошондой эле антиорусиялык санкциялардын Кытай экономикасына азыр жана келечекте олутту таасир тийгизбей турганын кошумчалаган.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
671 views11:35
Открыть/Комментировать
2022-03-02 12:39:44 ​​Эскертүү! Эртең Бишкектин борбордук бөлүгү 5 саатка жабылат


3-мартта Кыргызстандын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы белгиленет. Буга байланыштуу калаанын борбордук бөлүгү саат 07:00дөн 12:00гө чейин жабылат.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
307 views09:39
Открыть/Комментировать
2022-03-02 12:02:41 ​​Эдил Байсалов Кыргызстандын БУУга дагы 3000 жыл мүчө болуу ниети бар экенин билдирди

"Биздин мамлекет 30 жылдан бери БУУнун мүчөсү болуп келе жатат жана бул мезгилде жарандардын жаңы мууну өсүп чыкты. Биз сыймыктуу, алдыга ишеним менен караган өлкөбүз. Калктын үчтөн эки бөлүгү 30 жаштан ылдыйкы курактагылар. Андыктан 30 жылдык көз карандысыздыктын тажрыйбасын эске алып, элибиз өзүнүн эркиндигин, мамлекеттүүлүгүн баалай турганын жана БУУга алдыдагы 3000 жылда да мүчө болуп калуу ниети бар экендигин белгилеп кетмекчимин", — деген министрлер кабинетинин төрага орун басары

Акылбек Жапаров жакында эле Россиянын премьери менен жолугуп, Кыргызстан Россия менен дагы 300 жыл чогуу болорун президент айтты деп билдирген.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
387 views09:02
Открыть/Комментировать
2022-03-02 10:41:28 ​​Казакстан президентинин Алматыдагы резиденциясы түртүлөт

Имараттын ордуна шаар тургундары үчүн сейил бак куруларын Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали жазды.

Резиденция январь айында коңшу өлкөдө болгон башаламандыкта өрттөлгөн.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
464 viewsedited  07:41
Открыть/Комментировать