Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Логотип телеграм канала @sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар S
Логотип телеграм канала @sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Адрес канала: @sputnik_kyrgyzstan_kg
Категории: Новости и СМИ
Язык: Русский
Страна: Киргизия
Количество подписчиков: 3.77K
Описание канала:

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Рейтинги и Отзывы

2.67

3 отзыва

Оценить канал sputnik_kyrgyzstan_kg и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

0

4 звезд

1

3 звезд

1

2 звезд

0

1 звезд

1


Последние сообщения 9

2022-02-12 18:23:36 Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду. Маалыматты ИИМден тастыкташты.

Конгантиев ички иштер министрлигин 2008-2010-жылдарда жетектеген. Ал апрель окуясында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана шалаакылык кылган деп айыпталган. 2019-жылы сот экс-министрди ага коюлган бардык айыптар боюнча күнөөлүү эмес деп тапкан.

Конгантиев 64 жашта болчу.

@Sputnik_Kyrgyzstan
885 viewsedited  15:23
Открыть/Комментировать
2022-02-12 07:00:14
12-февралга карата коронавирус боюнча статистика:

81 жаңы учур катталды (бардыгы 199 971)

265 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 192 497)

4 адам каза болду (бардыгы 2 924)

@Sputnik_Kyrgyzstan
907 views04:00
Открыть/Комментировать
2022-02-11 15:21:29
Лейлекте кыргыз-тажик чек арасына эки өлкөнүн жарандары топтолуп, абал жөнгө салынды. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.

Максат айылында кыргыз тарап чарбалык жумуштарды жүргүзүп баштаган. Көп өтпөй Тажикстандын 15-20 жараны чогулуп, ишти токтотууну талап кылган. Андан соң коңшу өлкөнүн жарандары чек аранын тактала элек тилкесине тосмо куруу үчүн даярдык иштерин башташкан.

Чыр-чатактын алдын алуу максатында эки өлкөнүн аймактык чек ара жетекчилери сүйлөшүп, бардык иштерди токтотууга макулдашышкан.

@Sputnik_Kyrgyzstan
959 views12:21
Открыть/Комментировать
2022-02-11 11:25:52 Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинетинин курамы жаңыланбайт

Президенттин маалымат катчысы өкмөттө кадрдык алмашуу болушу мүмкүн деген сөздөрдү четке какты.

"Өлкөбүздүн жарандары өзгөрүүлөрдү өздөрүнүн күнүмдүк жашоосунда сезиши үчүн Министрлер кабинети стабилдүү жана узак мөөнөттүү иштеши керек", ― деди Эрбол Султанбаев.

Ал аткаруу бийлигинин алдында бюджетти 400 миллиард сомго чейин жеткирүү сыяктуу бир катар дымактуу тапшырмалар бар экенин кошумчалады.

@Sputnik_Kyrgyzstan
909 viewsedited  08:25
Открыть/Комментировать
2022-02-11 10:26:36 ​​Сооронбай Жээнбековдун кудасы, экс-депутат Алиярбек Абжалиев кармалды

Экс-депутатка карата чара көрүүнү суранып ишкер УКМКга кайрылган. Арыз ээси андан эки млн доллар зыян тартканын айткан.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар алдамчылык боюнча кылмыш ишин козгоого негиз болду", — деп билдирди атайын кызмат.

@Sputnik_Kyrgyzstan
898 views07:26
Открыть/Комментировать
2022-02-11 09:42:42
"Бишкек башкы архитектура" Жаш Гвардия проспектине эстакада көпүрө курууну пландап жатат

Мындай жол менен шаар бийлиги жол тыгынын жөнгө салууну көздөөдө.

Долбоордун эки эки вариантын сунушталды. Анда Жаш Гвардия проспектиси Матыев көчөсүнө чейин барып, эки магистраль биригет. Темир жол жана Лев Толстой көчөсүндөгү кыймылга тоскоолдук жаралбай тургандыгы көрсөтүлгөн.

@Sputnik_Kyrgyzstan
1.6K views06:42
Открыть/Комментировать
2022-02-11 06:24:09 11-февралга карата коронавирус боюнча статистика:

69 учуру катталды (бардыгы 199 890)

274 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 192 232)

3 адам каза болду (бардыгы 2 920)

@Sputnik_Kyrgyzstan
863 views03:24
Открыть/Комментировать
2022-02-10 13:21:38 ​​Мадумаровдун ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Анын курамына ар бир фракциядан бирден өкүл кирди:

Айбек Осмонов — "Ата-Журт Кыргызстан"
Исхак Масалиев — "Бүтүн Кыргызстан"
Бахридин Шабазов — "Ишеним"
Динара Ашимова —"Ыйман Нуру"
Азамат Исраилов — "Альянс"
Аманкан Кенжебаев — Элдик топ

Комиссия бир ай убакыт ичинде Мадумаровго байланыштуу ишти иликтеп, корутунду чыгарат. Андан кийин депутаттар кесиптешин жоопко тартууга макулдук берет же четке кагат.

@Sputnik_Kyrgyzstan
929 views10:21
Открыть/Комментировать
2022-02-10 12:05:04 Башкы прокурор депутаттардан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук сурады

Учурда бул маселени парламенттин тиешелүү комитети карап жатат. Андан соң жалпы жыйынга алып чыгат.

Мадумаров буга чейин Баткендеги Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол боюнча Башкы прокуратурага бир нече ирет сурак берип чыккан.

@Sputnik_Kyrgyzstan
884 views09:05
Открыть/Комментировать
2022-02-10 11:32:13 Акылбек Жапаров энергетикалык кризистен чыгуу жолун сунуштады. Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, 2-3 жыл аралыгында жүздөгөн кичи ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын ишке киргизүү керек.

Өкмөт энергия булактарына шарт түзүп жатканын айтат:

шамал жана күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер үчүн технологияларды жана жабдууларды жеткирүүдө КНСтен бошотулат

ГЭСтерди курууда айыл чарба жана токой чарбасындагы жоготуулардын ордун толтуруунун кажети жок

энергиянын талаптарына жооп берген имараттар жана курулмалар 50% мүлк салыгынан бошотулат

энергетика министрлиги тарабынан республиканын аймагында 48 энергиянын кайра жаралуучу объекттерин курууга сертификаттар берилди

министрлик "энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзам долбоор иштеп чыкты. Ага ылайык, электр энергиясын лицензиясыз сатууга болот, энергиянын кайра жаралуу булактары киреше салыгынан бошотулат жана өзүн актоо мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу сунушталууда.

@Sputnik_Kyrgyzstan
890 views08:32
Открыть/Комментировать