Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

ИСЛАМ ТААНУУ

Логотип телеграм канала @islamtaanuu — ИСЛАМ ТААНУУ И
Логотип телеграм канала @islamtaanuu — ИСЛАМ ТААНУУ
Адрес канала: @islamtaanuu
Категории: Религия
Язык: Русский
Страна: Киргизия
Количество подписчиков: 3.87K
Описание канала:

📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

Рейтинги и Отзывы

4.00

3 отзыва

Оценить канал islamtaanuu и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

2

4 звезд

0

3 звезд

0

2 звезд

1

1 звезд

0


Последние сообщения 4

2022-05-01 23:50:36
Такбир Рамазандын акыркы күнү күн баткандан баштап айт намазына чейин айтуу сүннөт.
56 viewsedited  20:50
Открыть/Комментировать
2022-05-01 20:49:09 Айт намазы кандай окулат?

Убактысы

Күн чыккандан кийин 20 мүнөт өткөн соң убактысы кирет. Ошону менен күн оогонго чейин уланат.

Канча рекет окулат?

Айт намазы эки рекет окулат.
Намазга азан жана комат айтылбайт.

Кандай тартипте окулат?

1. Айт намазын оокууга ниет кылынат

2. "Аллоху акбар" деп такбир айтып, намазга кирет.

3. Сана дубасы окулат.

4. Андан кийин намазга киргенде айтылган такбирден башка "Аллаху акбар" деп дагы 6 жолу такбир айтылат (ар бир такбирдин ортосунда Субханаллах деп айткандай убакыт турат) жана эки рекетте тең ар бир такбирлерди айтканда кол көтөрсө болот.

5. "Аьузубиллахи минаш-шайтоонир-рожийм, Бисмилаахир-рохмаанир-рохийм" окулат.

6. Фатиха сүрөсүн окуйт.

7. Фатихадан кийин зам сүрө окулат (Эгер Аьлаа сүрөсүн билсе ушул сүрөнү окуйт. Себеби бул сүннөттө келген. Ал эми ал сүрөнү билбесе, өзүнө жеңил болгон каалаган сүрөнү окуй берет)андан кийин руку сажда кылат.

8.Кийин "Аллаху акбар" деп экинчи рекетке турат.

9. "Аллаху акбар" деп экинчи рекетке тургандан башка дагы 5 жолу аллоху акбар деп такбир айтат.

10. "Бисмиллахир-рахмаанир- рахийм" деп Фатиха сүрөсүн окуйт.

11. Зам сүрө окуйт (эгер билсе Гошийа сүрөсүн окуу сүннөт. Билбесе өзүнө жеңил болгон сүрөнү окуйт)

12. Андан кийин рүкүгө, саждага барып, кийин ташаххуд, салават айтып, салам берип, намаздан чыгат.

13. Айт намазы үчүн кутба кылуу сүннөт ал айт намазынан кийин кылынат.


Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu

Макала менен башкаларга бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуз!
454 views17:49
Открыть/Комментировать
2022-04-30 18:56:28 Ассалому алайкум уа рохматуллоху уа баракатух.

Урматтуу мусулман бир туугандар, бүгүн 30-апрель рамазан айынын жыйырма тогузунчу күнү ай көрүнбөгөнүнө байланыштуу эртең орозонун отуз күнүн толуктап 2- май айт күнү болот.

Аллах Таала бул берекелүү Рамазан айында кылган солих амалдарыбызды кабыл кылып, кылган күнөөлөрүбүздү кечирип, кийинки Рамазанга саламатта жеткирген болсун.

t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
377 views15:56
Открыть/Комментировать
2022-04-30 16:30:48
Ассаламу алайкум уа рахматуллоху уа баракатух.

Урматтуу мусулман бир туугандар, бүгүн 30 апрель берекелүү Рамазан айынын жыйырма тогузунчу күнү болгондуктан бүгүн кечинде ай каралат. Эгер ай көрүнсө 1- май айт күнү болуп эсептелет. Эгерде бүгүн ай көрүнбөсө анда 1-май Рамазандын отузунчу күнү болуп толукталып 2-май айт болуп эсептелет.

Аллах Таала бул берекелүү Рамазан айында кылган солих амалдарыбызды кабыл кылып, кылган күнөөлөрүбүздү кечирип, кийинки Рамазанга саламатта жеткирген болсун!

t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
733 viewsedited  13:30
Открыть/Комментировать
2022-04-28 16:08:15 Абдуллах ибн Аббастан رضي الله عنهما риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ:
"Аллах Таала (орозо кармоочу адамдын кетирген) ката, күнөө сөздөрүн жууп кетирүү жана кедейлерди тамактандыруу үчүн фитир садаканы парз кылды. Ким аны айт намазына чейин берсе кабыл болот. Ал эми ким намаздан кийин берсе ал (фитир эмес) жөнөкөй садакалардан болуп калат",-деп айтты"

Абу Дауд 1609
Шейх Албани хадисти хасан деген.

Фитир садака: Ар бир мусулман белгилүү өлчөмдөгү, жей турган нерселерден берүүчү садака.

Өкүмү: Бардык аалымдар бир ооздон уажип дешкен.

Эмне үчүн берилет: Орозо учурунда кетирген кемчиликтерди жууп жана кедейлерди тамактандыруу үчүн берет.

Кимдер берүүгө милдеттүү: Берүүгө чамасы болгон ар бир мусулман эркек, аял, чоң жана кичине балдар жана кулдар дагы беришет.

Жаш балдар үчүн ким берет: Ата-энеси берет.

Төрөлө элек балага берүүнүн өкүмү: Төрөлбөгөн балдарга берилбейт.

Берүү убактысы: Айтка бир эки күн калганда берип башталат.

Акыркы убактысы: Айт намазына чейин берүү керек.


Кимдерге берилет: Мискиндер менен кедейлерге берилет.
Мискин - күнүмдүк тамагы бар бирок жетишпейт, ал эми кедей - бул мискинден акыбалы төмөн болгондор.

Эмнеден берилет: Ар бир элде өздөрү жей турган нерселерден беришет мисалы, ун, күрүч, мейиз, курма ж.б.

Акчадан берүүнүн өкүмү: Кээ бир аалымдар акча менен берсе болот дешет, бирок көпчүлүк аалымдар Сүннөттө келгендей тамактан гана берилүүсү керек, себеби кээде акча бар болуп, бирок сатып алганга тамак табылбай калышы толук мүмкүн дешкен.

Бир адамга канча өлчөмдө берилет: Ар бир мусулманга бир сооъ берилет. Ал эми сооъ дегенибиз - мурунку идиш болуп эсептелет ушул идишке канча тамак батса ошол өлчөмдөгү тамак берилет. Азыркы учурда биздин тараза өлчөмү менен 2.5 килодон 3килого чейин болот. Ошондуктан 3кгдан берсеңиздер жаңылбайсыздар.

__________________________

Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu
404 views13:08
Открыть/Комментировать
2022-04-27 16:09:49
Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

"Кимде-ким Рамазан айына жетип, бирок күүнөсү кечирилбеген абалда чыккан болсо, анын мурду топурака тийип кор болсун!""

Тирмизий 3545
Албани сахих деген.

Урматуу мусулман бир туугандар!

Аллах Таала бир мусулманды берекелүү Рамазан айына жеткиргенден кийин бул айга кандай кирсе дал ошондой күнөөөсү кечирилбеген абалда чыкпашы керек. Себеби андай адамды Аллахтын Элчиси ﷺ "кор болсун" деп айткан. Ошол үчүн ар бир мусулман көп-көп дуба кылып, күнөөлөрүбүздүн кечиришин Аллахтан сурап, тооба кылышыбыз керек.

t.me/islamtaanuu
372 viewsedited  13:09
Открыть/Комментировать
2022-04-22 02:36:58
Аллахумма! Иннака ъфу-ун, тухиббул ъафуа, фаъфу ъанни"

"Оо Аллахым! Ырасында Сен - Кечиримдүүсүң жана кечирүүнү жакшы көрөсүң! Мени кечиргин!"

t.me/islamtaanuu
1.1K viewsedited  23:36
Открыть/Комментировать
2022-04-20 19:35:26 Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун) айтат:

"Аллахтын Элчиси ﷺ Рамазан айынын акыркы он күнү киргенде белин бекем бууп, үй-бүлөсүн ойготуп, түнүн ибадат менен тургузат эле."

Бухари 2024.

Ахли сунна аалымдары хадисти мындайча түшүндүрүшөт:

Астынкы кийимдин белин бекем бууган дегендин мааниси - акыркы он күнү киргенде жубайларына кошулбай, түнүн ибадат менен өткөрүүгө абдан катуу көңүл бурган деп айтышкан.

Ал эми үй-бүлөсүн ойготкон дегени - үй-бүлөсүн башка түндүн акыркы бөлүгүндө витир намазын окуу үчүн тургузган болсо, бул он түнүн ибадат менен өткөрүү үчүн тургузган дешкен.

Түнүн тургузат эле дегени - Аллахтын Элчиси ﷺ акыркы он күндүн ар бир түнүн намаз, зикир, дуба ибадаттары менен өткөргөн эле деп айтышкан.

Урматтуу мусулман бир тугандар!

Бизге туура жолду көрсөтүп, бардык жакшылыкта чыныгы үлгү болгон Аллахтын Элчиси ﷺ мурунку жана кийинки күнөөлөрү кечирилгенине карабастан Аллахтын Өзүнө берген чексиз нээматтарын эскерип, түнкүсүн намаздар менен өткөргөн.

Бул ибадаттарын көргөн Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун):

"Аллах сиздин өткөн жана кийинки күнөлөрүңүздү кечирген эмес беле?" - дегенде Аллахтын Элчиси ﷺ: "Аллахтын берген нээматтарына кантип шүгүр кылган кулу болбойун?!" - деп жооп кайтарган.

Албетте Аллахтын ар бирибизге берген жакшылыктары сан жеткис. Биз дагы хадиске амал кылып, ушул саналуу түндөрдө үй-бүлөбүздү ойготуп намаз, Куран окуу, дуба кылуу жана Аллахты зикир кылуу менен өткөрөлү.

Аллах Таала ушул акыркы он күндө бардык амалдарды кылууга жардам берип, ар бирибиз Рамазандан күнөөлөрүбүз кечирилген абалда чыгуубузду насип кылсын.

Талас Артыкбаев
________________

Башкалар менен бөлүшүп, соопко шериктеш болуңуз!

https://t.me/islamtaanuu/218
1.6K views16:35
Открыть/Комментировать
2022-04-20 19:35:26
1.4K views16:35
Открыть/Комментировать
2022-04-19 21:06:03
Айша энебиз (андан Аллах ыраазы болсун):

- Оо Аллахтын Элчиси, эгер мен Кадыр түндүн кайсы түн экенин билип калсам, ошол түнү эмне дуба кылайын?" - деп сураганда, Аллахтын Элчиси ﷺ:

- "Оо Аллахым! Ырасында Сен - Кечиримдүүсүң жана кечирүүнү жакшы көрөсүң! Мени кечиргин!" - деп айткын - деген.

"اللَّهُمَّ إِنَّكَ عَفُوٌّ تُحِبُّ الْعَفْوَ ؛ فَاعْفُ عَنِّي"

"Аллахумма! Иннака аъфуввун, тухиббу-ль аъфва, фаъфу аънни"

Тирмизий 3513
Хадисти шейх Албаний сахих деген.

Талас Артыкбаев
____________________

Канал менен бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуз!

t.me/islamtaanuu
1.8K views18:06
Открыть/Комментировать