Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Абдуллах ибн Аббастан رضي الله عنهما риваят: 'Аллахтын Элчис | ИСЛАМ ТААНУУ

Абдуллах ибн Аббастан رضي الله عنهما риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ:
"Аллах Таала (орозо кармоочу адамдын кетирген) ката, күнөө сөздөрүн жууп кетирүү жана кедейлерди тамактандыруу үчүн фитир садаканы парз кылды. Ким аны айт намазына чейин берсе кабыл болот. Ал эми ким намаздан кийин берсе ал (фитир эмес) жөнөкөй садакалардан болуп калат",-деп айтты"

Абу Дауд 1609
Шейх Албани хадисти хасан деген.

Фитир садака: Ар бир мусулман белгилүү өлчөмдөгү, жей турган нерселерден берүүчү садака.

Өкүмү: Бардык аалымдар бир ооздон уажип дешкен.

Эмне үчүн берилет: Орозо учурунда кетирген кемчиликтерди жууп жана кедейлерди тамактандыруу үчүн берет.

Кимдер берүүгө милдеттүү: Берүүгө чамасы болгон ар бир мусулман эркек, аял, чоң жана кичине балдар жана кулдар дагы беришет.

Жаш балдар үчүн ким берет: Ата-энеси берет.

Төрөлө элек балага берүүнүн өкүмү: Төрөлбөгөн балдарга берилбейт.

Берүү убактысы: Айтка бир эки күн калганда берип башталат.

Акыркы убактысы: Айт намазына чейин берүү керек.


Кимдерге берилет: Мискиндер менен кедейлерге берилет.
Мискин - күнүмдүк тамагы бар бирок жетишпейт, ал эми кедей - бул мискинден акыбалы төмөн болгондор.

Эмнеден берилет: Ар бир элде өздөрү жей турган нерселерден беришет мисалы, ун, күрүч, мейиз, курма ж.б.

Акчадан берүүнүн өкүмү: Кээ бир аалымдар акча менен берсе болот дешет, бирок көпчүлүк аалымдар Сүннөттө келгендей тамактан гана берилүүсү керек, себеби кээде акча бар болуп, бирок сатып алганга тамак табылбай калышы толук мүмкүн дешкен.

Бир адамга канча өлчөмдө берилет: Ар бир мусулманга бир сооъ берилет. Ал эми сооъ дегенибиз - мурунку идиш болуп эсептелет ушул идишке канча тамак батса ошол өлчөмдөгү тамак берилет. Азыркы учурда биздин тараза өлчөмү менен 2.5 килодон 3килого чейин болот. Ошондуктан 3кгдан берсеңиздер жаңылбайсыздар.

__________________________

Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu