2022-03-31 19:48:53
Шектик күн качан?Шектик күн - бул Шаабан айынын отузунчу күнү. Себеби Рамазан айы жаңыруусун билүү үчүн Шаабан айынын жыйырма тогузунчу күнү кечке ай каралат, айды кароодогу максат: эртең Шаабан айынын отузунчу күнүбү же Рамазан айынын биринчи күнү болуп орозо кармалабы, ушул.
Эгер Шаабан айынын жыйырма тогузунчу күнү кечинде асман булут же чаң ж.б. себептен улам ай көрүнбөй калса, анда эртеси Шаабандын отузунчу күнү болуп эсептелет бирок Шаабандын жыйырма тогузунчу күнү кечинде асман булуттуу болгондуктан ай кароо мүмкүндүгү болбосо - Шаабандын отузунчу күнү Рамазандын биринчи күнү эмес бекен деген шек бар. Асман ачык болгондо ай көрүнмөк беле деген күмөн болгондугу үчүн - бул күн шектик күнү, тактап айтканда Шаабандын отузунчу күнүбү же Рамазандын биринчи күнүбү деп шектенип турган күн болгондуктан ушундай айтылып калган. Мына ошондуктан шектик күн кээ бир адамдар ойлогондой жыйырма тогузунчу күнү эмес, отузунчу күнү. Шаабандын жыйырма тогузунчу күнүн эч ким Рамазандын биринчи күнүбү же Шаабандын отузунчу күнүбү деп шектенбейт. Шектене турган күн ал отузунчу күнү.
Шектик күнү (Шаабандын 30-күнү) орозо кармаса болобу?Шаабан айынын отузу (шектик күнү) адамдар Рамазан айынын биринчи күнү болуп калышы мүмкүн деп этияттык кылып орозо кармоону Абу Ханифа мазхабы, имам Маликтин, имам Шафиъийдин мазхабдарында жана имам Ахмаддын бир риваятында бул күнү орозо кармоо болбойт, арам дешкен. Себеби Аллахтын Элчиси ﷺ хадистеринде бул күнү орозо кармоодон ачык кайтарган.
Буга далил:
Аммар ибн Ясир (андан Аллах ыраазы болсун) айтат:
"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
"Кимде-ким шектик күнү орозо кармай турган болсо - ал Касымдын атасы Мухаммадга каршы келген болот"" Абу Дауд 2334, Тирмизий 686, Ибн Мажах 1645, Ибн Хажар, Албани хадисти сахих дешкен.
Шектик күнү орозо кармоо - Аллахтын Элчисинин ﷺ кайтарган кайтаруусуна карама-каршы келет деген.
Экинчи далил
Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят:
"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
"Рамазандын алдын бир же эки күн мурда (Рамазандан деп этият кылып) орозо кармабасын. Ал эми кайсыл бир адамдын адатынча кармаган (биринчи төртүнчү ж. б. күндөрдөгү) орозосу ошол күнгө туш келип калса кармай берсин."" Бухари 1914, Муслим 1082
Урматтуу мусулман бир тууган ушул жана башка далилдер себептүү Шаабан айынын отузунчу күнү, шектик күнү Рамазандын биринчи күнү болуп калышы мүмкүн деп ойлогон акыбалда орозоо кармоо - мүмкүн эмес. Бул ачык кайтарылган амалдардан.
Ал эми кайсы бир адамдын адатта кармап жүргөн биринчи, төртүнчү күндөрү же күн ара ж.б. кармап жүргөн сүннөт орозосу ушул күнгө туш келип калса аны кармаса болот жана ошондой эле бир адамдын өткөн Рамазан айынан калган карызы бар болсо - ошол карызын башка күндөрү өтөй албай, өтөө күнү ушул күнгө туш келип калса - аалымдар өтөсө болот дешкен. Анткени жогорудагы хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ адатта кармап жүргөн адамдын орозосу ушул күнгө туш келип калса - кармай берсин деген.
Талас Артыкбаев
t.me/islamta
anuu
Башкалар менен бөлүшүүнү унутпаңыздар!
3.5K viewsedited 16:48