Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Айт намазы кандай окулат? Убактысы Күн чыккандан кийин 20 м | ИСЛАМ ТААНУУ

Айт намазы кандай окулат?

Убактысы

Күн чыккандан кийин 20 мүнөт өткөн соң убактысы кирет. Ошону менен күн оогонго чейин уланат.

Канча рекет окулат?

Айт намазы эки рекет окулат.
Намазга азан жана комат айтылбайт.

Кандай тартипте окулат?

1. Айт намазын оокууга ниет кылынат

2. "Аллоху акбар" деп такбир айтып, намазга кирет.

3. Сана дубасы окулат.

4. Андан кийин намазга киргенде айтылган такбирден башка "Аллаху акбар" деп дагы 6 жолу такбир айтылат (ар бир такбирдин ортосунда Субханаллах деп айткандай убакыт турат) жана эки рекетте тең ар бир такбирлерди айтканда кол көтөрсө болот.

5. "Аьузубиллахи минаш-шайтоонир-рожийм, Бисмилаахир-рохмаанир-рохийм" окулат.

6. Фатиха сүрөсүн окуйт.

7. Фатихадан кийин зам сүрө окулат (Эгер Аьлаа сүрөсүн билсе ушул сүрөнү окуйт. Себеби бул сүннөттө келген. Ал эми ал сүрөнү билбесе, өзүнө жеңил болгон каалаган сүрөнү окуй берет)андан кийин руку сажда кылат.

8.Кийин "Аллаху акбар" деп экинчи рекетке турат.

9. "Аллаху акбар" деп экинчи рекетке тургандан башка дагы 5 жолу аллоху акбар деп такбир айтат.

10. "Бисмиллахир-рахмаанир- рахийм" деп Фатиха сүрөсүн окуйт.

11. Зам сүрө окуйт (эгер билсе Гошийа сүрөсүн окуу сүннөт. Билбесе өзүнө жеңил болгон сүрөнү окуйт)

12. Андан кийин рүкүгө, саждага барып, кийин ташаххуд, салават айтып, салам берип, намаздан чыгат.

13. Айт намазы үчүн кутба кылуу сүннөт ал айт намазынан кийин кылынат.


Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu

Макала менен башкаларга бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуз!