2022-07-20 23:38:56
Мен учкандан кийин.
#эссе
04.10.2021. 01:06
Эки ай мурун өзүмдү куткарып калгам. Түбүнөн жылжып сай аккан жарчектин кырында туруп, азырынча өлбөй турууга сөз бергем. Көзүм агып, жүрөгүм күйүп, суу кечип секиргени баргам өйүздөгү жарчекке.
Ызага муунуп туруп, оюмдагы жазыла элек чыгармаларым эсиме түштү. “Чыгарма” десем катуу угулчудай, жөн эле окуялар деп коёлучу. Ошол окуялар жазылбай калышын ойлоп, ызам артты. Батына албадым. Мен секирсем, мага кошулуп ошол окуялар, мени менен 4-5 жылдан бери жашап келатышкан андагы каармандар чогуу өлөрүн ойлоп, батына албадым.
Бирөөлөр мындайда ата-энесин, же башка жакынын, же Кудайды эстейт экен. Мага эмне болгон.
Эки ай өттү. Ал окуялардын канчасы жазылды, билбейм. Билгеним алардын саны азайгыдай болбоду. Мындай кетсе, алар түгөнгүчө узак өмүр сүрөм деп сүйүнсөм болор. Бирок менде сүйүнүч жок. Алар мени мурдагыдай жашата албай калышты. Окуялардагы каармандардын көбүнүн жолу өнүгүп отуруп, өлүм менен бүтүп жатат. Мээмдин ичинде эле өлүм тапкан аларды кайра кагазга окуянын башынан тирүү кылып жазууга кол барбайт.
Бүгүн жөө өтмөктөн машине коюп кете жаздады. Коюп кетсе дедим. Коюп кетпеди.
Акылымдын тазалыгына ишене албай караңгыда жатам. “Мозгоправга көрүн” деди ичимде бир үн.
“Ага ар бир сеанс үчүн бергидей сомум жок” деди акыл.
“Досторуң менен сүйлөш” деди бир үн.
“Ким менен?” деп сурады акыл.
Үн жооп бербеди.
Учкум келди. Парашют жөнүндө ойлондум. Түштөрүмдү эстедим. Түштөрүмдө көп учам. Апам “акылың токтоло электигинен” дейт. Мен акылым токтолбой эле койсун дейм. Учканды жакшы көрөм, түштө учканды. Өңдөгүдөй же парашютка, же самолетке акча төлөп отурбайсың. Жөн эле уча бересиң, Питер Пэн сыяктуу.
Бир жаманы түштө учуш үчүн биринчи укташ керек. Мен уктаганды жаман көрөм. Уктар алдында дайым кыйналам. Анан дагы дайым эле түштө уча бербейсиң. Бул лотерея сыяктуу нерсе. Бирок алгач укташ керек.
Пардасы жабылган терезени карап жатам. Чуркап барып секирип жибердим. Бул нерсе оюмда кайра-кайра кайталанат. Ар жолкусунда ар башкача секирем: колу-бутумду жайып, тиземди кучактап, сууга чумкуган сыяктуу так төбөм менен ылдый.
Үйүбүз бешинчи кабатта. Түкүрсөң, 3 секундда түшөт. 65 кг салмак менен 1,5 секундда түшсөң керек. Ошондо абада 1 секунд. Бир секунддук учуу…
Үйүбүздүн жанына жаңы үй курулуп жатат. Мен ошонун таштандылары үйүлгөн жерге түшөм. 5 кабат - жетишерлик бийиктик, өлөт чыгармын. Ошончо түшкөндөн кийин өлбөй калгандан сактасын. Төбөм менен түшсөм биринчи эле мээм чыркырайт. Анан 5 жылдан бери тагдыры чечилбей жүргөн өлүү-тирүү окуялар боштондукка учуп чыгышат. Мен болсо жанатан бери чатырайып турган табарысыгым жарылган бойдон, өзүмдүн кан аралаш заарама тумчугуп кала берем.
Эртеси куруучулар мени кантип табышканын, кантип үй дарегими аныктап, кантип туугандарыма байланышканын, алар кантип ыйлап, эмне деп сүйлөшкөнүн, кантип жерге беришкенин жазбай эле коёюн. Аны ойлогон сайын өмүрүң канчалык сага тийешелүү эмес экенин көрөсүң. Анан өлгүң келбей калат.
Адам бүтүүдөн качып жашайт. Ал дайым уланууну, башталууну издей берет. Ошондуктан өмүрдүн бүтүшү кыйын. Ошондуктан бизди бул дүйнөдө кармаган шылтоолор чыга берет. Ата-эне, жакындар, Кудай, окуялар. Ошондуктан Бейиш жана Тозок бар. Адамга баары түбөлүк гана болсо.
Бирок текст, текст башка. Ал башталганда эле бүтүүгө ашыгат.
Ошондуктан кээде бир ууч текст бир адамдын өмүрүнө караганда кызыктуу, терең, чексиз көрүнүшү мүмкүн. Ошондуктан ушул текст ушул жерден аяктайт. Чекит.
875 views20:38