Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

teliby

Логотип телеграм канала @teliby — teliby T
Логотип телеграм канала @teliby — teliby
Адрес канала: @teliby
Категории: Без категории
Язык: Русский
Количество подписчиков: 515
Описание канала:

Эски бала жана эски китеп
#эссе
#аңгеме
#түшүмдө
#интуитивныйтекст
#китепокуйбуз
#кинокөрөбүз
#музыкаугабыз
#портрет
#кат
#гэмси
#кино
жеке: @tynys

Рейтинги и Отзывы

2.00

3 отзыва

Оценить канал teliby и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

0

4 звезд

0

3 звезд

1

2 звезд

1

1 звезд

1


Последние сообщения

2022-12-05 16:06:25 Апам анын өлүгүн жанынан көрүптүр.
“Мындай чоң карышкырды эзели көргөн эмесмин” деди.
“Бооз экен” деди…
Аңчылар канчыктын ичин жарып, кардындагы бөлтүрүктөрүн бирден эсептеп өкүмөткө тапшырышты. Ар бири үчүн бир баштан “сүйүнчү пул” алышты. Бир айдан ашык созулган кандуу согуш ушу менен бүткөнсүдү.
Ал күнү мектепте кышкы бал өттү. Кечинде чоң класстагылар өз-өзүнчө отуруш өткөрмөккө үй-үй болуп тарап кетишкен. Бирок ал түнү эч кимде отуруш да, уйку да болгон жок. Этегение мектебибиз жармаша салынган тоонун боорунда жалгыз дарак бар. Үн дал ошол дарак жактан чыкты. Дөбөттүн үнү, күчүктөрүнөн айрылган атанын үнү, канчыгын жоктогон бөрүнүн үнү, бир ай айылды үч көтөргөн карышкырдын үнү, Өзгөн тараптан тынч жашоо издеп үйүрү менен ооп келген Кудайдын итинин үнү. Үн үйдө отурганга да, отурушта бийлеп жатканга да, уктап жатканга да кулак түбүндөгүдөй угулду. Баарыбыз сыртка чыгып, үн чыгып жаткан караңгыдагы тоону тиктеп, тыңшап калдык. Мен ошондо карышкырдын улугунанын биринчи жолуу тирүү уктум. Андай кайраттуу, андай бийик, андай муңдуу үн чыгарып улуган дөбөт карышкырды элестетем. Көзүмө Ниванын багажына батпай эки бүктөлүп жаткан канчыктан да эки эсе чоң карышкырдын элеси келет. Ошондой үндү чыгарган анын күчүнө таңданам, жылкыга октой учуп жетип, алкымын үзүп алган күчүн элестетем.
Жаныбек аңчы баш болуп, бир нече эркек үн чыгып жаткан тоого чуркап барышып, дөбөттү табышпаптыр. Кийин ага эмне болгону эстей албай койдум. Же кармалгандыр, же качып кеткендир, мааниси жок. Анын жаны ошондогу улуган үнү менен эле чыгып кеткенсиген, ал ошол үнүндө эле өз өлүмүн, бизге таарынычын, каргышын боздоп айткансыган.
226 viewsedited  13:06
Открыть/Комментировать
2022-12-05 16:06:25 Бештин айынын беши. Дүйшөмбү.

Бул айды сүйөм деп айтыш канчалык чындыкка жакын болорун билбейм, бирок жашоомдогу бурулуштуу окуялардын көбү ушул айда болгону анык. Бала кездеги ырларымдын негизги бөлүгүн ушул айда жазгам. Алгачкы өбүшүү, кыз менен алгачкы жолугушуу, кызыгуудан вино, арак, коньяк, пивону аралаштырып ичип алып өлүп кала жаздаган алгачкы мас болуу, аялзатынын аруу денесине жакындаган алгачкы түн, алгачкы жумушум, мунун баары ар кайсы жылдары ушул айда болуптур. Жадакалса 3-курста окуп жүрүп “Декабрь” аталышында алгачкы романымды жазып баштагам. Отуз бир главадан турган романдын тогуз главасын гана кагазга түшүрүүгө эрким жетип, калганы ошол бойдон жазылбай калган.

Декабрда сүйүүм ашып, чыгармачылык ташып, ааламдын сырын “түшүнгөн” немече бир башка абалды жашайм. Сууктан жылуулук издеген көңүлдөн уламдыр. Берекелеп жааган кардын сыйкырынан уламдыр. Ар бир кар бүртүкчөсүн жерге бирден периште алып түшөт деп уккам. Ошого кар жааса жер тазара түшкөндөй, кар жааса мен тазара түшкөндөй болом. Жерге периштелер түшүп жатат деген сүйүнүч да. Университеттеги биринчи курсумда үй тапшырмага “Кар” деген эссе жазгам. Таап калсам, төмөнгө тиркеп коём.

Кечээ Кыргызстанда аңчылык кылууга тыюу салынат деген кабар окудум. Сүйүндүм. Тизменин арасында карышкырлар да бар экенин көрүп өзгөчө сүйүндүм. Кичинекейимден карышкырларга сүйүүм башкача. Балким кездешип калармын деп жайы-кышы тоого чыккан сайын элеңдеп туш жакты карай берем. Мен ошентип тоого көп чыктым. Бирок карышкыр мага такыр кездешпеди. Экинчи классымда гана атам Россиядан иштеп келип, бизди ойнотуп жүргөндө, Гүлчөдөгү музейден көрдүм. Апапак карышкыр экен. Мына чуркап кетчүдөй, мына секирип жиберчүдөй, мына тиштерин жаландатып баса калчудай сүрдүү калыпта ордунда катып турат. “Кармап көрсөң” деди акам. Жакындай албай койдум. Мен кол тийгизсем эле бурула калып колумду жулуп алчудай. “Коркпо, муну өлтүрүп, ичине саман тыгып коюшкан” деди акам. Саманды менин ичиме тыгышкансып, эңшериле түштүм.

Бир жолу Жошолунун жылгасында жаткан 11 айыл жалпы дүрбөдү. “Оо Өзгөндөн бир үйүр карышкыр ооп келиптир” деген сөз ар бир үйгө кирип, байлар койлору менен кошо жатып, кичинекей балдарды жалгыз коё беришпей, жалпы эл пысып калды. Карышкыр бир түндө жети суу кечет деп коёт элде. Конокторубуз көп күттүртпөй ар кайсы айылдан өз саламдарын жөнөтүп башташты.
“Түкүндүн короо коюн кырып кетишиптир”,
“Паландын тайларын алкымдап салыптыр”,
“Тиги айылда тирүү мал калбаган имиш”.
Жогорудан, ылдыйдан агылып келген кабарларды биз, Жаңы-Турмуштуктар, жакабызды карманып коюп угуп жаттык. Жаңы-Турмуш жыландай узарган Жошолунун так ортосунда жайгашкан айыл. Кызыгы, ушунча болуп, бүт элдин каргышына калган Кудайдын иттери биздин айылдан эч кимдин мал-жандыгына тийбептир. Буга таң калган мага окшогон жубарымбектер ар кайсы божомолдорун саймедиреп бүтүшпөйт. Ойлоп көрсөк, биздин айылда бир да аңчы жок экен. Анан бөрү туугандарыбыз ошого бизге тийишпей жатышат деген бүтүмгө келдик жубарымбектердин тобу.
Бир күн капылет басып, айылыбыздагы Жаныбек уста кайдан-жайдан курал таап келип, бир нече жүгүрүктөрүн ээрчитип аңга жөнөп калды. Ошонун эртеси эле айылдын түндүк-батышындагы Исраил байдын койлору кырылды. Мурдуларынан суу аккан окуучу балдар муну карышкырлардын Жаныбектин аңчылыгына кылган өчү деп бааладык. Ал менен бүтпөдү. Бүт айылдардагы куралчандар биригип, карышкырларга каршы уюшумдуу согуш ачышты. Күн артынан күн, түн артынан түн болуп, үйүрдөгү дөбөт менен канчыктан башкасынын баарын аткылып алып келишти. Көрсө анын баары тиги экөөнүн чоңоюп калган күчүктөрү экен. Күчүктөрүнөн айрылган дөбөт менен канчык бүтүндөй Жошолунун шаштысын алды. Ар кайсы жерден жалбырттап чыккан өрт сымал, бир ылдыйкы Кыз-Эмчектен, бир өйдөдөгү Үч-Чаттан пайда боло калышып, пайда болгон жерлерин канга боёгон тейден жок болуп кетип жатышты.
Бул согуштун акыры жоктой сезилди. Бирок көп узабай айылда баары жадырап-жайнап бири-бирине сүйүнчүлөп калышты. Канчыкты атышкан экен. Ниванын жүк салчу жагына батпай, эки бүктөлүп жаткан чоң карышкырдын сүрөтү агенттен агентке, телефонго тедефонго саякаттады.
230 views13:06
Открыть/Комментировать
2022-11-24 18:49:51 “Кино дептер” журналыбызга менин жаңы рецензиям чыкты. Кызыккандар баш багып окуп койсоңор болот.

Инстаграмдан оку
Фейсбуктан оку
Телеграмдан оку

Мени эки нерсе кейитет да.

Биз өзүбүздүн тасмаларды төмөнгө түшүрө баалайт экенбиз. Аларга талаптарыбыз да чоң. Ошондуктан көбүнэсе таланттар ата мекенине салыштырмалуу чет жерде көп баркталат. Мисалга ушул эле “Эсимдени” бир ирандык же кореялык тасма катары көргөнүбүздө шилекейибиз агып, оозубуз көбүргөнчө мактап жатып калсак керек. Бирок өзүбүздүн тасмалар биздин эле маданият, биз билген эле жашоону көрсөтүп жатса, көнгөн көз менен сулуукту көрүш кыйын болуп калат окшобойбу.

Элибизде овация маданияты такыр калыптанбаптыр. Театрларда бул нерсе кандайдыр бир деңгээлде бар. Бирок кинотеатрларга анын жетиши оор окшойт. Эсимденин премьерасы күнү 10-15 мүнөт жаратуучуларга тура калып кол кызыта чапкылап койсо, эч кимдин бир нерсеси кемип калмак эмес. Тескерисинче, кино жаратуучулардын ындыны жанып, кубаты аша гана түшмөк. Анын ордуна эки-үч жаш киносынчыдан башкасы отургучка жабышып калышкансып кыймылдап коюшпады. Кол чабуу – бул жөн эле жагалдануу эмес да, бул деген ыраазычылык да, талантка сый-урмат да. А туруп кол чабуу анын эки эсеси да.
444 viewsedited  15:49
Открыть/Комментировать
2022-11-21 14:34:28 Чоңойо түшкөнсүдүм.
Иш таштадым, жумуштан кеттим, уволился, ушел с работы – дагы кандай атаса болот, билбейм. Бул сөздөрдү аз колдонуптурмун.

Төрт жылдан бери иштеп жүргөн долбоордон кеттим. Төрт жыл. Бул оңой эмес да. Төрт жылда бир окуу жайды бүтөт адам. А мен төрт жыл бир жерден кыймылдаганым жок. Анын ичинде эки жылы “мына кетем, ана кетем” болуп жүрүп өттү. Бирок бул жолу кеттим. Кылчактаган жокмун. Түнү менен ойлонуп отуруп, эртеси кетип калдым. Анан чоңоё түшкөнсүдүм. Тагдырдын тизгинин толугу менен өз колума алганым үчүн, көкүрөктөгү оор жүктөн кутулуп, мойнума жагымдуу жүктүн илингени үчүн чоңойо түшкөнсүдүм.

Эмне кылам, эмне болот - эртеңди көп ойлогонум жок, азырынча бүгүнкү менен жашап жатам. Эмне болду, эмне кылдым - өткөндү ойлободум, азырынча учурда жашап жатам.

Азартман адаммын. Чоочун, жаңы нерсени көргөн, жашаган жагат. Чакырыктарды сүйөм. Ар бир татаал ишти бүйүр кызыткан чакырык катары кабыл алам. Ошону чечип бүткүчө тынчтана албай, уктай албай… Ошондон ойлоп коём, балким колума китеп кармап, кино тартып калбаганымда, менден мыкты математик же физик чыкмак. Математиктердин юмор сезими күчтүү болот имиш, мен да жеткен тамашакөймүн.

Шаардагы алгачкы жумушума маектешүүм эсиме түштү. Биринчи курстамын. Атамдардан келген акчаны алуудан намыстанып, жумуш дегенде ак эткенден так этчүмүн. Дарегин араңдан таап кечигип баргам. Таанышуудан кийин, болочоктогу жумуш берүүчүм бир нече суроо узаткан. Кудай үчүн, ошол суроолордун жарымынан көбү эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнгөн да эмесмин. Бирок ишенимдүү түр менен, балчык басып келген бут кийимдеримди отургучтун астына жашырып коюп, “билем-билем” деп жооп бере бергем. Жолугушуудан кийин сыноо тапшырмасын алып жатаканага кеткем. Ошол сыноо тапшырманы аткарыш үчүн эки түн уктаган эмесмин. Үчүнчү күнү гана кызарган көздөрүм менен “Шашылыш жасай койдум. Карап көрүңүздөрчү” деп көрсөткөм мээнет менен жасаган эмгегимди. Албетте жактырышкан эмес. Дагы бир нече уйкусуз түн, анан жумуш меники. Айлыгым 5000 сом. Эртели кеч сабактардан бошобой, жумасына бир-эки жолу кеңсеге каттап койгон студент үчүн бул чоң акча болчу. Мунун үстүнө 1600 стипендиямды кошкондо, менден өткөн бай неме жоктой, чөнтөгүм калыңдап басып калар элем.

Андан бери жети жыл өтүптүр. Бүгүн мен ошол 17 жаштагы Тыныстандын эркине суктанам. Андан көптү үйрөнгүм келет. Сен эч качан жерде калбайсың дейт 17 жашар мен.

Ооба, жерде калбайбыз. Эрк бар кезде, эч ким жерде калбайт. Чакырыктар таштала берет, чакырыктар кабыл алына берет. Мен да өзүмө таштаган чакырыкты кабыл алам! Эртеңкинин бүгүнү үчүн, бүгүндүн эртеңи үчүн…
545 views11:34
Открыть/Комментировать
2022-11-20 00:11:16 Бул түш жазылып калсын. #Түшүмдө. Бульвардабыз. Отургучтар узун катар тизилген бульвардабыз. Каршымдагы отургучта курдаштарым бака-шака. А мен аяктамын. Бул жакка кантип, кайдан келгенибиз, башталышы эсимде жок. Болгону азыр бульвардабыз. Узун катар тизилген…
483 views21:11
Открыть/Комментировать
2022-11-15 17:38:23 Бир жолу бул жерде укмуштай концентрациям бар экенин жазып мактангам. "Жумуштагылар мени Форрест Гампка окшоштурушат" деп жазгам ошондо. Чын эле бир ишти түбүнө түшө жасайм. Бирок азыр ачылыш аземдерде кесилген кызыл тасма сыяктуу майда-майда бөлүк-бөлүк болуп жүрөм. Бир нерседен экинчи нерсеге бат алаксыйм. Салмагым жеңилдеп кетти. Ойлорумдун салмагы жеңилдеп кетти. Болор-болбос желге пырпырап учкан кургак жалбыракка окшойм. Ушуларды жазганы кирсем, каналымда жарты жазылган черновик туруптур. "Батыш фронтто баары баягыдай" деп турат. Роман тууралуу, анын негизинде тартылган жаңы тасма тууралуу жазып жаткан экенмин. Кантип баштап, эмнеге токтотуп салганым эсимде жок. Окуп көрсөм мен жазбаган сыяктуу. Мейли. Өчүрүп салдым. Жазган адам үчүн өзүнүн тексттерин өчүрүү кандай оор экенин жазган адам гана түшүнөт.

***
Кечээ кечке ачка болдум. Анан ачка болгон күндөрүмдүн баарын эстедим. Бир жолу эки кой, бир эчки жоготуп, кеч киргенче издеп жүрүп өзөрүп кала жаздагам. Анда үйдө жалгыз элем. Атамдын каарына кантип жооп берем деген санаа менен оозума наар албаптырмын. Ойгоно калып эле издеп жөнөгөм. Кечке жакын сайда жылжыган сасык суудан ичкенде гана көздөрүм караңгылай түшүп, ашказанымдын сыздаганын сезгем. Эки кой, бир эчкибизди тапкам. Ысыкта ачка жүрүп күнгө какталып калган экенмин. эки күндөй жалаң гана суу ичип жатып адам болгом.
Студенттигимдин биринчи жылы. Айлык алууга үмүттөнүп, акыркы 10 сомумду маршруткага төлөп барсам, кеңсебиз жабык экен. Жатаканага чейин эки сааттай басып жөө келгем. Дагы башка көп күндөрдү, ошонун баарын эстедим. Ачкалык кандай жаман. Бирок, карын тойгон кездерде, ток болгон күндөрдү эстебейсиң да.
Ачкалык дайым жаңыланууга, өсүүгө, умтулууга түрткөн абал. Ачкалык кандай жакшы. Тоюп калгандан сактасын.
Ачка жүрүп бир эжейим менен искусство жана курсак жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү эстедим. Адам карды ачка кезде исскуствону ойлонобу? Адам жан дүйнөсү ачка кезде тамакты ойлонобу?

***
Бир айдан бери үйдө иштеп жатам. Түн адамы болуп калдым. Мага бул анча жага бербейт. Күн адамдарында баары жакшыдай сезилет.

Менин ичимдеги убакыт бир топ жай жүрөрүн байкадым. Ошондуктан шашпай жашаганды, шашпай сүйлөгөндү, шашпай тамактанганды жактырам. Тегерегимде көп окуялар болуп кетсе, ичим менен сыртымдын ортосунда тең салмактуулук жоголо түшөт. Анан уяма кирип кетем. Ичимдеги убакыт сырткыны кубалап жеткиче дүйнө менен бүт мамилемди кесип коюп жата берем. Үйдө иштеп баштаганымдан бери ошол тең салмактуулук кайтып келгенсиди. Азыр менде бардык нерсе жай, тынч өтүп жатат. Түн сайын шаар уктаганда, сыртка чыгып, тегеректин баарын сүйүп келем.

***
Чөнтөгүмдө колума эмне илешсе тытмалап жүрө бермейим бар. Кечээ күн боюу узарган ачкалыктан кийин, шаарды уктатып коюп, көчөгө чыктым. Караңгы көчөлөрдө көлөкөм менен сейилдеп жүрүп дүкөнгө деген акчамды тытмалап салыптырмын. Майда-майда бөлүк-бөлүк болгон 200 сомдукту көрүп өзүмдү эстейм. Мен кимдин чөнтөгүнө түшүп калдым экен.

***
Интервью беришимди сурап жазган студентке эмне деп жооп жөнөтөрүмдү ойлоп жүрүп сейил бүттү. Дүжүр суроолору тизмектелип, "бошогондо сүйлөп жөнөтөрсүз" деп эки күн мурун кат келген. Короодо отуруп алып, сууктан калтыраган үнүм менен он мүнөтчө сүйлөп жөнөттүм. Өзүмдү сойкудай сездим. Сойку менен секс да ушундай болсо керек: кургак, каалоосуз, кумарсыз.

***
Батыш фронтто баары баягыдай.

“Бул китеп бирөөгө күнөө артуу, же күнөөдөн качуу үчүн жазылган жок. Бул болгону окко учуп да, учпай да согуштун курманы болгон муун тууралуу айтып берүү аракети,”- деп башталат Ремарктын согуш алааматын жеткире сүрөттөгөн романы. Анын быйыл экрандаштырылышы кандай дал келүү. Романды окуган кезде батыш фронт алыста, жомоктордо гана калгандай сезилген. Тасманы көрүп жатып, ал канчалык деңгээлде бизди, адамдарды, бүгүнкүнү сүрөттөп жатканын көрүп үрөйүм учту.
662 viewsedited  14:38
Открыть/Комментировать
2022-11-10 21:32:08 Мен өмүрүмдө бир эле адам менен жолугууну ушунча эңседим. Калганынын кызыгы жок. Маа десе дүйнөнүн генийи болсун. Китеп жазса - окуп, кино тартса - көрүп койсом жетет. Бирок Кубатбек башка да. Бул киши учурдун пайгамбары да. Бүт дүйнөгө Улуу сүйүүнү жайылтуу үчүн таң атырып, күн батырган апенди да, идущий да. Бүгүн мен анын колун кыстым. Ал да менин колумду кысты.

“Ой бу кимсиң” дейт. “Жүзүң жылуу” дейт. “Айтам да ошо жылуу учурайсың” дейт. “Эмнеге айылда үйгө келбейсиң?” дейт. “Оо келе бербейт белең” дейт. “Менин бактарымды суугарасың да” дейт. “Жатып деле кетсең болот” дейт. “Сөзсүз кел” дейт. “Оо антчү болбогун, эмнеден сүрдөйсүң” дейт.

Мен анын биринчи желкеси менен учураштым. Ал алдыда кыймылдабай отурду да. Мен артта анын желкесиндеги чачтарын санап отура бердим. Анан ал чыгып сүйлөдү. Мен арткы катарда отурам. Кечке мен жакты карап сүйлөгөндөй болду. Ал сүйлөгөндө, залдагылар өлүп калгандай болуп уктук. Чымындар да учпай калды. Баары өлүп калгандай уктук. Өзгөрүү тууралуу сүйлөдү. Адамдын өзгөрүүсү тууралуу сүйлөдү. Өзү өзгөрүп бүтө албай жатканын айтты. Улуу сүйүүнү айтты. Түшүнүп-түшүнбөй уктук. Жаштыгын айтты. Сөз тааныш жакка бурулганына жеңилдеп, күлгөн болдук. Ошо күлгөндө гана тирилдик.

“Мен - Тыныстанмын” дедим. Жаңы-Турмуштан болом” дедим. “Жошолулук Тоокемин” дедим. “Сизге канчадан бери даап бара албай жүрөм” дедим. “Бишкектен жолугуу насип болуптур” дедим. “Эми сөзсүз барам” дедим. “Багыңызды суугарганы барам” дедим. “Жазында барам” дедим.

“Эй ушуну окучу” деди “Жети Сөз жана Конфуций” китебине кол тамга коюп жатып. “Тыныстан, ушуну окучу” деди. Ортосундагы бир бетти ачып, ичиндеги бир жерди чийип, оңдоду. “Ушул жери туура эмес болуп калган да” деди. Ошол бетке кол койду. “Эй ушуну окусаң” деди.
627 views18:32
Открыть/Комментировать
2022-11-03 22:44:51 Жетини айынын төртү. Бейшембиден Жумага оогон түн.

Өзүм жапжашмын. Жакында жыйырма бешке чыгам. Бирок жаштар менен тил табышуу кээде мага кыйынга турат.

“Жер тоголок экенин жаңы билип, бул тууралуу бүт көчөгө жар салганы чуркашат”,- деп Сомерсет Моэм жаштарды кыскача сонун сүрөттөйт “Театр” романында. Ааламдын сырын чечип койгондой ишеним менен сүйлөгөн жаштарды көргөн сайын ушуну эстейм. Өзүм да кезинде ошондой болгондурмун деп бир кызарып алам.

Кичинекейимден өзүмдөн бир топ улуу адамдар менен аралашып жүргөндү, кобураша сүйлөшкөндү жактырам. Ошондонбу, досторумдун дээрлик баары менден улуу адамдар. Конокко барып калсам, үйдүн карыялары менен бат эле ынакташып кетем. Мага аларды уккан, аларга менин укканым жагат.

Ушундай адамсүйөр жаным жаштарга келгенде таскактай түшөт да калат. Мага аларды уккан жага бербейт, аларга менин угуп-укпаганым маанилүү эмес. Алардан уга турган бир нерсе чыкпайт, а алар көп нерсе айтып жатам деп ойлошот. Ошентип көз менен уккан болуп, көңүлдүн сыртын салып коюп тура бермей.

Жалгыз жаның жылуулук эңсеп, махабатка кайыр сураган немече ар кимдин жүрөгүнө үңүлүп көрөт экенсиң. Ошентип жүрүп эки жолу өзүмдөн төрт-беш жаш кичүү кыз менен сүйлөшкөнгө аракет кылып көрдүм. Биринчисинде зээриккенимден өлүп калайын дедим, а экинчиси менен дагы бир жолуксам дубал сүзгүлөп жатып өлмөкмүн. Биринчиси укмуш момун, созулган неме экен. Экинчиси болсо “мен баарын билем” деген даана максималист тура. Сүйүүдөн динге, андан ары дүйнөнүн түзүлүшү, космос болуп отуруп, алдынан чыккан сөздүн баарынын башын чокуп жатып же бир тумшугу майрыйбады. Уккан кулактарыма боорум ооруп, же бир шылтоо таап кете албай мен сүйрөлөм. Сэлинджерди эстейм. Бир жолу сүйүктүүсү Джин Миллер менен баратса, Миллер: “Кандай керемет кооздук” деп Вашингтон көпүрөсүнө суктанат. Сэлинджер: “Джин, айкын нерселер жөнүндө сүйлөбөгөндү үйрөн” деп жылмайыптыр.

Бир нерсени билүү башка кеп. Ал нерсенин баарына айкын нерсе экенин билүү такыр башка кеп. Карыялар аны билишет. Ошондуктан алар жөнөкөй нерселерди сүйлөшөт, ошондуктан аларды угуу өзүнчө рахат. Себеби көп учурда жөнөкөй нерселер айкын болушпайт. Биз, жаштар, аны билбейбиз. Ошондуктан биз желдин соккону, суунун акканы, күндүн чыкканы жөнүндө сөз кылабыз. А бул нерселер баарына айкын да, баары муну билет да.
Күн биз айтпасак деле чыгат да.
795 views19:44
Открыть/Комментировать
2022-10-27 07:27:13 Тогуздун айынын жыйырма жетиси. Бейшемби.

Биринчи менен Экинчи.

Эки адам болуп жолугуп сүйлөшкөндү жактырам. Экиден ашып кетсе жарабайт. Экиден көп кишинин ортосунда же бир чектелүү талкуу, же күлкүлүү тамашалар, же шыбырашкан ушактар гана болушу мүмкүн. Бирок сүйлөшүү болбойт, экиден көп киши сүйлөшө албайт. Ошондуктан дайым бир киши менен гана жолугам, өзүм экинчисимин. Эки киши - керемет чечим да. Бириң сүйлөгөндө бириң угасың. Угуп жаткан адам сени гана угат, сүйлөп жаткан адам сага гана сүйлөйт. Эч кандай акыл теңештирүү, өзүн өйдө кылып көрсөтүү болбойт. Бул нерселер экиден көп кишиге сыпаттуу. Андайда адам дайым өзүн турушунунан да акылдуу, бийик кылып көрсөткөнгө аракет кылат. Себеби Үчүнчү, Төртүнчү көздөр, кулактар бар. Ошон үчүн экиден көп киши сүйлөшө албайт.

Сүйлөшкөнгө Экинчи кишилер дайым эле даяр эмес. Өзүм деле киши артынан киши менен жолуга албайм, ысык келип кетет. Анан интервьюларды угам. Интервью 5 жылдан бери мен эң сүйгөн жанр. Карандай суроо-жооп эле эмес, дидарлашуу, баарлашуу, сырдашуу, маектешүү. Эки адамдын купуя сүйлөшүүсүн эшиктин кычыгынан тыңшап жаткандай сезим. Бирок биздин кыргыз интервьюерлер ал магияны сактабайт. Алар жарты келесоо жылмаюусу менен “Саламатсыздарбы, урматтуу көрүүчүлөр” деп башташат. А мен көрүүчү катары байкалбаганды, эшиктин артында калганды жакшы көрөм.

Адамда дүйнөнүн эч бир макулугунда жок сыйкыр күч бар – биз өмүрү көрбөгөн, же эбак өлгөн кишилер менен да сүйлөшө беребиз. Китеп окуу. Бул кадимки сүйлөшүүдөн да артык. Маселен, бир нерсени жакшы түшүнбөй, же укпай калсаң, Экинчиң тажабастан кайталап сүйлөй берет, түшүндүрө берет. Дүйнөдө китептей сабырдуу маектешти таппайсың. Кээ бир сөзүнө кошулбай, суроолоруң пайда болсо, бетин чийгилеп салсаң болот. Китеп ага деле капа болбойт. Дүйнөдө китептей сабырдуу жан барбы. Китеп жарыкты айтат, караңгыда ал сүйлөбөйт.

Сүйлөшүүнүн эң сонуну, мурункулардын бири да тең келише албаган түрү – жазуу.
Адам жазганда өзү менен сүйлөшөт. Биринчи кишиси да, Экинчи кишиси да өзү болот. Ырас, жазбай деле өзү менен сүйлөшсө болот. Бирок жазуу – ооз менен тантыроодон бир нече эсе майнаптуу. Адам сүйлөсө сүйлөй берет, а жазарда ойлонот.


Эки киши - керемет чечим да.
Экиден көп киши сүйлөшө албайт да.
802 views04:27
Открыть/Комментировать
2022-10-21 21:41:48 “Менде баары жакшы” деп жазмакмын. Бирок, баары жакшы кезде жазууну ойлонбойсуң. Баары жакшы болсо жазгың келбей да калат. А мен бүгүн көп жазгым келди.

Бүгүн капа болдум. Жо-жок. Даттанганым эмес. Кызыгы, ичимде толугу менен капа эмесмин. Түнөргөн таарынычтын ары жагында күлмүңдөгөн сезимдин башы кылаят.

Бүгүн, бир нече айдан бери өзүмдү тирүү сездим. Көзүм жашылданып, эриндерим калчылдады, денеме кан жүгүрүп, жүрөгүп лакылдап сокту. Ошон үчүн сүйүндүм. Таарынып жатып, капа болуп жатып сүйүндүм. Капа кылган адамга рахматымды жазып жибергенге аз калды.

Көкүрөгүм сайышып, тамагым буулуп турат. Уктасам эле баары жакшы болчудай.

Баары жакшы болот. Себеби биз тирүүбүз.


Бүгүн мен капа болдум.
Бүгүн мен өзүмдү тирүү сездим.
681 views18:41
Открыть/Комментировать