Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Көчөдө жөө басканда дайым бир нерсе кыңылдап жүрө берем. Айылд | teliby

Көчөдө жөө басканда дайым бир нерсе кыңылдап жүрө берем. Айылдын көчөсүндө эч ким деле жок, шаардын көчөсүндө эч ким деле карабайт. Карашса деле мага эмне, кыңылдап кете берем.

Мен үнүн бийик чыгарып, элге ырдагандардан эмесмин. Эң эле жакын, жалгыз угарманым бар – өзүм. Ошого угулгудай эле кылып, мурундан чыгар чыкпас, кулакка угулар-угулбас ырдайм.

Ырдаганым - дайым ырдагым келгенинен эмес. Бул мага дем алгандай көндүм иш болуп калган. Көп учурда ойлонуп отуруп, өзүмдү жаагым таалып калган жерден табам. Бечара жаак ага болбой ырдап жаткан болот.

Театрды «ускользающее искусство» деп айтышат. Жандуу ырдоо да ошондой. Өзүңдүн ошол колдон учуп бараткан “искусствоңо” жалгыз угарман болуу башкача сезим да.

***
Сулуу мышыкка кожоюн издеп жатабыз. 8 айлык, кыз, аты - Бастер.
Мурунку кожоюндары зулумдук кылган экен, азыр жабыр тартып, сүйүүгө муктаж болуп турат.
Көбүрөөк адам бөлүшсө батыраак тапмакпыз.
Кызыккандарга сүрөтүн жиберем.
Менин номерим: +99556440543

Бүгүн мышыкты биринчи жолу жуунтуп көрдүм. Толкунданып, мышыкка кошулуп титиреп жатып араң жуундук. Мүмкүнчүлүгүм болсо өзүмдө алып калмакмын. Бирок азыркы жагдайда башка кожоюнга барса, көбүрөөк бактылуу болор деген үмүт менен издөөнү улантып жатабыз.
Үйдө мышык болгон кандай жакшы