Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Москвадамын. Мурда-кийин келбеген жер. Бирок, көчөлөрү өгөйлөб | teliby

Москвадамын. Мурда-кийин келбеген жер. Бирок, көчөлөрү өгөйлөбөй, көнүмүш сымал көзгө жылуу. Аэропорттон фамилиям боюнча маселе чыкты. Атымды “Уулу” деп жазып коюптур. Чыр көтөрдүм. Кара-тору көзү бүтүк немелерге үн көтөрүп көнүп калганбы, текшерүүдө орой сүйлөп жаткан орус чырдап кирсем жумшара түштү. Жетекчилиги келип да чече албай коюшту. “Кыргыз силерге биринчи жолу келип жатабы” дедим. Ийин куушурушуп кечирим сурашат. Ошентип фамилиям - Темиржан, атым - Уулу болуп Москванын жерине аяк бастым. Сулуу кыз тосуп алып, көзү муңдуу айдоочуга жолуктурду. Көздөрү муңдуу айдоочу жолдогу эки саат бою эч нерсе дебеди. Көздөрү эле муңаят. Чоң шаардын басыгы сындырып койгон го дедим. Чоң шаардын адамы ушундай болот окшойт.

Кинофестивалга келгем. Кылган эле ишибиз - кино көрмөй. Коноктордун көпчүлүгү Европа, Америка, Латын Америка, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн. Сүйлөшкөнүбүз англисче. Мен чулдурайм, алар деле чулдурашат. “Найс, найс” деп кол кысышып, көз кысышып коёбуз. Фрэнч кызы фрэнчесинен күбүрөсө, оозум ачылып, кулагым ээрий түшөт.
Бүгүн кечинде тасмамды тартуулайм. Азырынча толкундоо жок. Бирок кечээги кесиптештеримдин калтыраган үнүн эстесем, мен деле калтырачудаймын.

Түн жарымынан ооп калганда, Акын эжейим менен телефондон бир саатка жеткире сүйлөштүк. Сөзүбүздө Москва, анын көчөлөрү, адамдары, андагы кыргыздар, кыргыздардын биримдиги, чоң шаардагы адамдын жалгыздыгы, бизди ыйлаткан окуялар.
“Бир киночу менен сен тууралуу сүйлөшүп жатсак, ал бала режиссер да дейт. Жок, ал жазуучу деп кызганып талаштым” дейт.
“Ушинтип кээде ичимде эки адам бөлүнүп жаткандай болот” десем,
“Эки эмес, керек болсо төрткө-бешке бөлүнүш керек” дейт.
Ойлосом, турушумда мен ошо төрткө-бешке бөлүнүп жүрүптүрмүн. Бул жакшыбы, жаманбы билбейм. Бөлүнгөнүм эле бөлүнгөн. Төрт-беш бөлүктүн ичинен адабиятка ыктатып, өзүмдү жаш жазмакер сездирген үч эжейимдин бирөөсү ошо Акын эжей.

***
Москва. Кадимки күн, кадимки асман, кадимки булуттар. Жашоосу бир калыпта агып жатат. Таң каласың. “Алыстан” караганга кара туман каптаган каардуу уюктай көрүнөт. Жакын келсең эч нерсе жоктой, баары жакшыдай, жашоо эзелтен эле ушинтип уланып келаткандай.
Тынчтык кайда? Тынчтыктын баасы канча?