Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

“Кино дептер” журналыбызга менин жаңы рецензиям чыкты. Кызыкка | teliby

“Кино дептер” журналыбызга менин жаңы рецензиям чыкты. Кызыккандар баш багып окуп койсоңор болот.

Инстаграмдан оку
Фейсбуктан оку
Телеграмдан оку

Мени эки нерсе кейитет да.

Биз өзүбүздүн тасмаларды төмөнгө түшүрө баалайт экенбиз. Аларга талаптарыбыз да чоң. Ошондуктан көбүнэсе таланттар ата мекенине салыштырмалуу чет жерде көп баркталат. Мисалга ушул эле “Эсимдени” бир ирандык же кореялык тасма катары көргөнүбүздө шилекейибиз агып, оозубуз көбүргөнчө мактап жатып калсак керек. Бирок өзүбүздүн тасмалар биздин эле маданият, биз билген эле жашоону көрсөтүп жатса, көнгөн көз менен сулуукту көрүш кыйын болуп калат окшобойбу.

Элибизде овация маданияты такыр калыптанбаптыр. Театрларда бул нерсе кандайдыр бир деңгээлде бар. Бирок кинотеатрларга анын жетиши оор окшойт. Эсимденин премьерасы күнү 10-15 мүнөт жаратуучуларга тура калып кол кызыта чапкылап койсо, эч кимдин бир нерсеси кемип калмак эмес. Тескерисинче, кино жаратуучулардын ындыны жанып, кубаты аша гана түшмөк. Анын ордуна эки-үч жаш киносынчыдан башкасы отургучка жабышып калышкансып кыймылдап коюшпады. Кол чабуу – бул жөн эле жагалдануу эмес да, бул деген ыраазычылык да, талантка сый-урмат да. А туруп кол чабуу анын эки эсеси да.