Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Бештин айынын беши. Дүйшөмбү. Бул айды сүйөм деп айтыш канча | teliby

Бештин айынын беши. Дүйшөмбү.

Бул айды сүйөм деп айтыш канчалык чындыкка жакын болорун билбейм, бирок жашоомдогу бурулуштуу окуялардын көбү ушул айда болгону анык. Бала кездеги ырларымдын негизги бөлүгүн ушул айда жазгам. Алгачкы өбүшүү, кыз менен алгачкы жолугушуу, кызыгуудан вино, арак, коньяк, пивону аралаштырып ичип алып өлүп кала жаздаган алгачкы мас болуу, аялзатынын аруу денесине жакындаган алгачкы түн, алгачкы жумушум, мунун баары ар кайсы жылдары ушул айда болуптур. Жадакалса 3-курста окуп жүрүп “Декабрь” аталышында алгачкы романымды жазып баштагам. Отуз бир главадан турган романдын тогуз главасын гана кагазга түшүрүүгө эрким жетип, калганы ошол бойдон жазылбай калган.

Декабрда сүйүүм ашып, чыгармачылык ташып, ааламдын сырын “түшүнгөн” немече бир башка абалды жашайм. Сууктан жылуулук издеген көңүлдөн уламдыр. Берекелеп жааган кардын сыйкырынан уламдыр. Ар бир кар бүртүкчөсүн жерге бирден периште алып түшөт деп уккам. Ошого кар жааса жер тазара түшкөндөй, кар жааса мен тазара түшкөндөй болом. Жерге периштелер түшүп жатат деген сүйүнүч да. Университеттеги биринчи курсумда үй тапшырмага “Кар” деген эссе жазгам. Таап калсам, төмөнгө тиркеп коём.

Кечээ Кыргызстанда аңчылык кылууга тыюу салынат деген кабар окудум. Сүйүндүм. Тизменин арасында карышкырлар да бар экенин көрүп өзгөчө сүйүндүм. Кичинекейимден карышкырларга сүйүүм башкача. Балким кездешип калармын деп жайы-кышы тоого чыккан сайын элеңдеп туш жакты карай берем. Мен ошентип тоого көп чыктым. Бирок карышкыр мага такыр кездешпеди. Экинчи классымда гана атам Россиядан иштеп келип, бизди ойнотуп жүргөндө, Гүлчөдөгү музейден көрдүм. Апапак карышкыр экен. Мына чуркап кетчүдөй, мына секирип жиберчүдөй, мына тиштерин жаландатып баса калчудай сүрдүү калыпта ордунда катып турат. “Кармап көрсөң” деди акам. Жакындай албай койдум. Мен кол тийгизсем эле бурула калып колумду жулуп алчудай. “Коркпо, муну өлтүрүп, ичине саман тыгып коюшкан” деди акам. Саманды менин ичиме тыгышкансып, эңшериле түштүм.

Бир жолу Жошолунун жылгасында жаткан 11 айыл жалпы дүрбөдү. “Оо Өзгөндөн бир үйүр карышкыр ооп келиптир” деген сөз ар бир үйгө кирип, байлар койлору менен кошо жатып, кичинекей балдарды жалгыз коё беришпей, жалпы эл пысып калды. Карышкыр бир түндө жети суу кечет деп коёт элде. Конокторубуз көп күттүртпөй ар кайсы айылдан өз саламдарын жөнөтүп башташты.
“Түкүндүн короо коюн кырып кетишиптир”,
“Паландын тайларын алкымдап салыптыр”,
“Тиги айылда тирүү мал калбаган имиш”.
Жогорудан, ылдыйдан агылып келген кабарларды биз, Жаңы-Турмуштуктар, жакабызды карманып коюп угуп жаттык. Жаңы-Турмуш жыландай узарган Жошолунун так ортосунда жайгашкан айыл. Кызыгы, ушунча болуп, бүт элдин каргышына калган Кудайдын иттери биздин айылдан эч кимдин мал-жандыгына тийбептир. Буга таң калган мага окшогон жубарымбектер ар кайсы божомолдорун саймедиреп бүтүшпөйт. Ойлоп көрсөк, биздин айылда бир да аңчы жок экен. Анан бөрү туугандарыбыз ошого бизге тийишпей жатышат деген бүтүмгө келдик жубарымбектердин тобу.
Бир күн капылет басып, айылыбыздагы Жаныбек уста кайдан-жайдан курал таап келип, бир нече жүгүрүктөрүн ээрчитип аңга жөнөп калды. Ошонун эртеси эле айылдын түндүк-батышындагы Исраил байдын койлору кырылды. Мурдуларынан суу аккан окуучу балдар муну карышкырлардын Жаныбектин аңчылыгына кылган өчү деп бааладык. Ал менен бүтпөдү. Бүт айылдардагы куралчандар биригип, карышкырларга каршы уюшумдуу согуш ачышты. Күн артынан күн, түн артынан түн болуп, үйүрдөгү дөбөт менен канчыктан башкасынын баарын аткылып алып келишти. Көрсө анын баары тиги экөөнүн чоңоюп калган күчүктөрү экен. Күчүктөрүнөн айрылган дөбөт менен канчык бүтүндөй Жошолунун шаштысын алды. Ар кайсы жерден жалбырттап чыккан өрт сымал, бир ылдыйкы Кыз-Эмчектен, бир өйдөдөгү Үч-Чаттан пайда боло калышып, пайда болгон жерлерин канга боёгон тейден жок болуп кетип жатышты.
Бул согуштун акыры жоктой сезилди. Бирок көп узабай айылда баары жадырап-жайнап бири-бирине сүйүнчүлөп калышты. Канчыкты атышкан экен. Ниванын жүк салчу жагына батпай, эки бүктөлүп жаткан чоң карышкырдын сүрөтү агенттен агентке, телефонго тедефонго саякаттады.