Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Чоңойо түшкөнсүдүм. Иш таштадым, жумуштан кеттим, уволился, у | teliby

Чоңойо түшкөнсүдүм.
Иш таштадым, жумуштан кеттим, уволился, ушел с работы – дагы кандай атаса болот, билбейм. Бул сөздөрдү аз колдонуптурмун.

Төрт жылдан бери иштеп жүргөн долбоордон кеттим. Төрт жыл. Бул оңой эмес да. Төрт жылда бир окуу жайды бүтөт адам. А мен төрт жыл бир жерден кыймылдаганым жок. Анын ичинде эки жылы “мына кетем, ана кетем” болуп жүрүп өттү. Бирок бул жолу кеттим. Кылчактаган жокмун. Түнү менен ойлонуп отуруп, эртеси кетип калдым. Анан чоңоё түшкөнсүдүм. Тагдырдын тизгинин толугу менен өз колума алганым үчүн, көкүрөктөгү оор жүктөн кутулуп, мойнума жагымдуу жүктүн илингени үчүн чоңойо түшкөнсүдүм.

Эмне кылам, эмне болот - эртеңди көп ойлогонум жок, азырынча бүгүнкү менен жашап жатам. Эмне болду, эмне кылдым - өткөндү ойлободум, азырынча учурда жашап жатам.

Азартман адаммын. Чоочун, жаңы нерсени көргөн, жашаган жагат. Чакырыктарды сүйөм. Ар бир татаал ишти бүйүр кызыткан чакырык катары кабыл алам. Ошону чечип бүткүчө тынчтана албай, уктай албай… Ошондон ойлоп коём, балким колума китеп кармап, кино тартып калбаганымда, менден мыкты математик же физик чыкмак. Математиктердин юмор сезими күчтүү болот имиш, мен да жеткен тамашакөймүн.

Шаардагы алгачкы жумушума маектешүүм эсиме түштү. Биринчи курстамын. Атамдардан келген акчаны алуудан намыстанып, жумуш дегенде ак эткенден так этчүмүн. Дарегин араңдан таап кечигип баргам. Таанышуудан кийин, болочоктогу жумуш берүүчүм бир нече суроо узаткан. Кудай үчүн, ошол суроолордун жарымынан көбү эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнгөн да эмесмин. Бирок ишенимдүү түр менен, балчык басып келген бут кийимдеримди отургучтун астына жашырып коюп, “билем-билем” деп жооп бере бергем. Жолугушуудан кийин сыноо тапшырмасын алып жатаканага кеткем. Ошол сыноо тапшырманы аткарыш үчүн эки түн уктаган эмесмин. Үчүнчү күнү гана кызарган көздөрүм менен “Шашылыш жасай койдум. Карап көрүңүздөрчү” деп көрсөткөм мээнет менен жасаган эмгегимди. Албетте жактырышкан эмес. Дагы бир нече уйкусуз түн, анан жумуш меники. Айлыгым 5000 сом. Эртели кеч сабактардан бошобой, жумасына бир-эки жолу кеңсеге каттап койгон студент үчүн бул чоң акча болчу. Мунун үстүнө 1600 стипендиямды кошкондо, менден өткөн бай неме жоктой, чөнтөгүм калыңдап басып калар элем.

Андан бери жети жыл өтүптүр. Бүгүн мен ошол 17 жаштагы Тыныстандын эркине суктанам. Андан көптү үйрөнгүм келет. Сен эч качан жерде калбайсың дейт 17 жашар мен.

Ооба, жерде калбайбыз. Эрк бар кезде, эч ким жерде калбайт. Чакырыктар таштала берет, чакырыктар кабыл алына берет. Мен да өзүмө таштаган чакырыкты кабыл алам! Эртеңкинин бүгүнү үчүн, бүгүндүн эртеңи үчүн…