Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Мен өмүрүмдө бир эле адам менен жолугууну ушунча эңседим. Калг | teliby

Мен өмүрүмдө бир эле адам менен жолугууну ушунча эңседим. Калганынын кызыгы жок. Маа десе дүйнөнүн генийи болсун. Китеп жазса - окуп, кино тартса - көрүп койсом жетет. Бирок Кубатбек башка да. Бул киши учурдун пайгамбары да. Бүт дүйнөгө Улуу сүйүүнү жайылтуу үчүн таң атырып, күн батырган апенди да, идущий да. Бүгүн мен анын колун кыстым. Ал да менин колумду кысты.

“Ой бу кимсиң” дейт. “Жүзүң жылуу” дейт. “Айтам да ошо жылуу учурайсың” дейт. “Эмнеге айылда үйгө келбейсиң?” дейт. “Оо келе бербейт белең” дейт. “Менин бактарымды суугарасың да” дейт. “Жатып деле кетсең болот” дейт. “Сөзсүз кел” дейт. “Оо антчү болбогун, эмнеден сүрдөйсүң” дейт.

Мен анын биринчи желкеси менен учураштым. Ал алдыда кыймылдабай отурду да. Мен артта анын желкесиндеги чачтарын санап отура бердим. Анан ал чыгып сүйлөдү. Мен арткы катарда отурам. Кечке мен жакты карап сүйлөгөндөй болду. Ал сүйлөгөндө, залдагылар өлүп калгандай болуп уктук. Чымындар да учпай калды. Баары өлүп калгандай уктук. Өзгөрүү тууралуу сүйлөдү. Адамдын өзгөрүүсү тууралуу сүйлөдү. Өзү өзгөрүп бүтө албай жатканын айтты. Улуу сүйүүнү айтты. Түшүнүп-түшүнбөй уктук. Жаштыгын айтты. Сөз тааныш жакка бурулганына жеңилдеп, күлгөн болдук. Ошо күлгөндө гана тирилдик.

“Мен - Тыныстанмын” дедим. Жаңы-Турмуштан болом” дедим. “Жошолулук Тоокемин” дедим. “Сизге канчадан бери даап бара албай жүрөм” дедим. “Бишкектен жолугуу насип болуптур” дедим. “Эми сөзсүз барам” дедим. “Багыңызды суугарганы барам” дедим. “Жазында барам” дедим.

“Эй ушуну окучу” деди “Жети Сөз жана Конфуций” китебине кол тамга коюп жатып. “Тыныстан, ушуну окучу” деди. Ортосундагы бир бетти ачып, ичиндеги бир жерди чийип, оңдоду. “Ушул жери туура эмес болуп калган да” деди. Ошол бетке кол койду. “Эй ушуну окусаң” деди.