Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Бир жолу бул жерде укмуштай концентрациям бар экенин жазып мак | teliby

Бир жолу бул жерде укмуштай концентрациям бар экенин жазып мактангам. "Жумуштагылар мени Форрест Гампка окшоштурушат" деп жазгам ошондо. Чын эле бир ишти түбүнө түшө жасайм. Бирок азыр ачылыш аземдерде кесилген кызыл тасма сыяктуу майда-майда бөлүк-бөлүк болуп жүрөм. Бир нерседен экинчи нерсеге бат алаксыйм. Салмагым жеңилдеп кетти. Ойлорумдун салмагы жеңилдеп кетти. Болор-болбос желге пырпырап учкан кургак жалбыракка окшойм. Ушуларды жазганы кирсем, каналымда жарты жазылган черновик туруптур. "Батыш фронтто баары баягыдай" деп турат. Роман тууралуу, анын негизинде тартылган жаңы тасма тууралуу жазып жаткан экенмин. Кантип баштап, эмнеге токтотуп салганым эсимде жок. Окуп көрсөм мен жазбаган сыяктуу. Мейли. Өчүрүп салдым. Жазган адам үчүн өзүнүн тексттерин өчүрүү кандай оор экенин жазган адам гана түшүнөт.

***
Кечээ кечке ачка болдум. Анан ачка болгон күндөрүмдүн баарын эстедим. Бир жолу эки кой, бир эчки жоготуп, кеч киргенче издеп жүрүп өзөрүп кала жаздагам. Анда үйдө жалгыз элем. Атамдын каарына кантип жооп берем деген санаа менен оозума наар албаптырмын. Ойгоно калып эле издеп жөнөгөм. Кечке жакын сайда жылжыган сасык суудан ичкенде гана көздөрүм караңгылай түшүп, ашказанымдын сыздаганын сезгем. Эки кой, бир эчкибизди тапкам. Ысыкта ачка жүрүп күнгө какталып калган экенмин. эки күндөй жалаң гана суу ичип жатып адам болгом.
Студенттигимдин биринчи жылы. Айлык алууга үмүттөнүп, акыркы 10 сомумду маршруткага төлөп барсам, кеңсебиз жабык экен. Жатаканага чейин эки сааттай басып жөө келгем. Дагы башка көп күндөрдү, ошонун баарын эстедим. Ачкалык кандай жаман. Бирок, карын тойгон кездерде, ток болгон күндөрдү эстебейсиң да.
Ачкалык дайым жаңыланууга, өсүүгө, умтулууга түрткөн абал. Ачкалык кандай жакшы. Тоюп калгандан сактасын.
Ачка жүрүп бир эжейим менен искусство жана курсак жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү эстедим. Адам карды ачка кезде исскуствону ойлонобу? Адам жан дүйнөсү ачка кезде тамакты ойлонобу?

***
Бир айдан бери үйдө иштеп жатам. Түн адамы болуп калдым. Мага бул анча жага бербейт. Күн адамдарында баары жакшыдай сезилет.

Менин ичимдеги убакыт бир топ жай жүрөрүн байкадым. Ошондуктан шашпай жашаганды, шашпай сүйлөгөндү, шашпай тамактанганды жактырам. Тегерегимде көп окуялар болуп кетсе, ичим менен сыртымдын ортосунда тең салмактуулук жоголо түшөт. Анан уяма кирип кетем. Ичимдеги убакыт сырткыны кубалап жеткиче дүйнө менен бүт мамилемди кесип коюп жата берем. Үйдө иштеп баштаганымдан бери ошол тең салмактуулук кайтып келгенсиди. Азыр менде бардык нерсе жай, тынч өтүп жатат. Түн сайын шаар уктаганда, сыртка чыгып, тегеректин баарын сүйүп келем.

***
Чөнтөгүмдө колума эмне илешсе тытмалап жүрө бермейим бар. Кечээ күн боюу узарган ачкалыктан кийин, шаарды уктатып коюп, көчөгө чыктым. Караңгы көчөлөрдө көлөкөм менен сейилдеп жүрүп дүкөнгө деген акчамды тытмалап салыптырмын. Майда-майда бөлүк-бөлүк болгон 200 сомдукту көрүп өзүмдү эстейм. Мен кимдин чөнтөгүнө түшүп калдым экен.

***
Интервью беришимди сурап жазган студентке эмне деп жооп жөнөтөрүмдү ойлоп жүрүп сейил бүттү. Дүжүр суроолору тизмектелип, "бошогондо сүйлөп жөнөтөрсүз" деп эки күн мурун кат келген. Короодо отуруп алып, сууктан калтыраган үнүм менен он мүнөтчө сүйлөп жөнөттүм. Өзүмдү сойкудай сездим. Сойку менен секс да ушундай болсо керек: кургак, каалоосуз, кумарсыз.

***
Батыш фронтто баары баягыдай.

“Бул китеп бирөөгө күнөө артуу, же күнөөдөн качуу үчүн жазылган жок. Бул болгону окко учуп да, учпай да согуштун курманы болгон муун тууралуу айтып берүү аракети,”- деп башталат Ремарктын согуш алааматын жеткире сүрөттөгөн романы. Анын быйыл экрандаштырылышы кандай дал келүү. Романды окуган кезде батыш фронт алыста, жомоктордо гана калгандай сезилген. Тасманы көрүп жатып, ал канчалык деңгээлде бизди, адамдарды, бүгүнкүнү сүрөттөп жатканын көрүп үрөйүм учту.