Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Жетини айынын төртү. Бейшембиден Жумага оогон түн. Өзүм жапж | teliby

Жетини айынын төртү. Бейшембиден Жумага оогон түн.

Өзүм жапжашмын. Жакында жыйырма бешке чыгам. Бирок жаштар менен тил табышуу кээде мага кыйынга турат.

“Жер тоголок экенин жаңы билип, бул тууралуу бүт көчөгө жар салганы чуркашат”,- деп Сомерсет Моэм жаштарды кыскача сонун сүрөттөйт “Театр” романында. Ааламдын сырын чечип койгондой ишеним менен сүйлөгөн жаштарды көргөн сайын ушуну эстейм. Өзүм да кезинде ошондой болгондурмун деп бир кызарып алам.

Кичинекейимден өзүмдөн бир топ улуу адамдар менен аралашып жүргөндү, кобураша сүйлөшкөндү жактырам. Ошондонбу, досторумдун дээрлик баары менден улуу адамдар. Конокко барып калсам, үйдүн карыялары менен бат эле ынакташып кетем. Мага аларды уккан, аларга менин укканым жагат.

Ушундай адамсүйөр жаным жаштарга келгенде таскактай түшөт да калат. Мага аларды уккан жага бербейт, аларга менин угуп-укпаганым маанилүү эмес. Алардан уга турган бир нерсе чыкпайт, а алар көп нерсе айтып жатам деп ойлошот. Ошентип көз менен уккан болуп, көңүлдүн сыртын салып коюп тура бермей.

Жалгыз жаның жылуулук эңсеп, махабатка кайыр сураган немече ар кимдин жүрөгүнө үңүлүп көрөт экенсиң. Ошентип жүрүп эки жолу өзүмдөн төрт-беш жаш кичүү кыз менен сүйлөшкөнгө аракет кылып көрдүм. Биринчисинде зээриккенимден өлүп калайын дедим, а экинчиси менен дагы бир жолуксам дубал сүзгүлөп жатып өлмөкмүн. Биринчиси укмуш момун, созулган неме экен. Экинчиси болсо “мен баарын билем” деген даана максималист тура. Сүйүүдөн динге, андан ары дүйнөнүн түзүлүшү, космос болуп отуруп, алдынан чыккан сөздүн баарынын башын чокуп жатып же бир тумшугу майрыйбады. Уккан кулактарыма боорум ооруп, же бир шылтоо таап кете албай мен сүйрөлөм. Сэлинджерди эстейм. Бир жолу сүйүктүүсү Джин Миллер менен баратса, Миллер: “Кандай керемет кооздук” деп Вашингтон көпүрөсүнө суктанат. Сэлинджер: “Джин, айкын нерселер жөнүндө сүйлөбөгөндү үйрөн” деп жылмайыптыр.

Бир нерсени билүү башка кеп. Ал нерсенин баарына айкын нерсе экенин билүү такыр башка кеп. Карыялар аны билишет. Ошондуктан алар жөнөкөй нерселерди сүйлөшөт, ошондуктан аларды угуу өзүнчө рахат. Себеби көп учурда жөнөкөй нерселер айкын болушпайт. Биз, жаштар, аны билбейбиз. Ошондуктан биз желдин соккону, суунун акканы, күндүн чыкканы жөнүндө сөз кылабыз. А бул нерселер баарына айкын да, баары муну билет да.
Күн биз айтпасак деле чыгат да.