Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Тогуздун айынын жыйырма жетиси. Бейшемби. Биринчи менен Экин | teliby

Тогуздун айынын жыйырма жетиси. Бейшемби.

Биринчи менен Экинчи.

Эки адам болуп жолугуп сүйлөшкөндү жактырам. Экиден ашып кетсе жарабайт. Экиден көп кишинин ортосунда же бир чектелүү талкуу, же күлкүлүү тамашалар, же шыбырашкан ушактар гана болушу мүмкүн. Бирок сүйлөшүү болбойт, экиден көп киши сүйлөшө албайт. Ошондуктан дайым бир киши менен гана жолугам, өзүм экинчисимин. Эки киши - керемет чечим да. Бириң сүйлөгөндө бириң угасың. Угуп жаткан адам сени гана угат, сүйлөп жаткан адам сага гана сүйлөйт. Эч кандай акыл теңештирүү, өзүн өйдө кылып көрсөтүү болбойт. Бул нерселер экиден көп кишиге сыпаттуу. Андайда адам дайым өзүн турушунунан да акылдуу, бийик кылып көрсөткөнгө аракет кылат. Себеби Үчүнчү, Төртүнчү көздөр, кулактар бар. Ошон үчүн экиден көп киши сүйлөшө албайт.

Сүйлөшкөнгө Экинчи кишилер дайым эле даяр эмес. Өзүм деле киши артынан киши менен жолуга албайм, ысык келип кетет. Анан интервьюларды угам. Интервью 5 жылдан бери мен эң сүйгөн жанр. Карандай суроо-жооп эле эмес, дидарлашуу, баарлашуу, сырдашуу, маектешүү. Эки адамдын купуя сүйлөшүүсүн эшиктин кычыгынан тыңшап жаткандай сезим. Бирок биздин кыргыз интервьюерлер ал магияны сактабайт. Алар жарты келесоо жылмаюусу менен “Саламатсыздарбы, урматтуу көрүүчүлөр” деп башташат. А мен көрүүчү катары байкалбаганды, эшиктин артында калганды жакшы көрөм.

Адамда дүйнөнүн эч бир макулугунда жок сыйкыр күч бар – биз өмүрү көрбөгөн, же эбак өлгөн кишилер менен да сүйлөшө беребиз. Китеп окуу. Бул кадимки сүйлөшүүдөн да артык. Маселен, бир нерсени жакшы түшүнбөй, же укпай калсаң, Экинчиң тажабастан кайталап сүйлөй берет, түшүндүрө берет. Дүйнөдө китептей сабырдуу маектешти таппайсың. Кээ бир сөзүнө кошулбай, суроолоруң пайда болсо, бетин чийгилеп салсаң болот. Китеп ага деле капа болбойт. Дүйнөдө китептей сабырдуу жан барбы. Китеп жарыкты айтат, караңгыда ал сүйлөбөйт.

Сүйлөшүүнүн эң сонуну, мурункулардын бири да тең келише албаган түрү – жазуу.
Адам жазганда өзү менен сүйлөшөт. Биринчи кишиси да, Экинчи кишиси да өзү болот. Ырас, жазбай деле өзү менен сүйлөшсө болот. Бирок жазуу – ооз менен тантыроодон бир нече эсе майнаптуу. Адам сүйлөсө сүйлөй берет, а жазарда ойлонот.


Эки киши - керемет чечим да.
Экиден көп киши сүйлөшө албайт да.