Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

“Менде баары жакшы” деп жазмакмын. Бирок, баары жакшы кезде жа | teliby

“Менде баары жакшы” деп жазмакмын. Бирок, баары жакшы кезде жазууну ойлонбойсуң. Баары жакшы болсо жазгың келбей да калат. А мен бүгүн көп жазгым келди.

Бүгүн капа болдум. Жо-жок. Даттанганым эмес. Кызыгы, ичимде толугу менен капа эмесмин. Түнөргөн таарынычтын ары жагында күлмүңдөгөн сезимдин башы кылаят.

Бүгүн, бир нече айдан бери өзүмдү тирүү сездим. Көзүм жашылданып, эриндерим калчылдады, денеме кан жүгүрүп, жүрөгүп лакылдап сокту. Ошон үчүн сүйүндүм. Таарынып жатып, капа болуп жатып сүйүндүм. Капа кылган адамга рахматымды жазып жибергенге аз калды.

Көкүрөгүм сайышып, тамагым буулуп турат. Уктасам эле баары жакшы болчудай.

Баары жакшы болот. Себеби биз тирүүбүз.


Бүгүн мен капа болдум.
Бүгүн мен өзүмдү тирүү сездим.