Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

ИСЛАМ ТААНУУ

Логотип телеграм канала @islamtaanuu — ИСЛАМ ТААНУУ И
Логотип телеграм канала @islamtaanuu — ИСЛАМ ТААНУУ
Адрес канала: @islamtaanuu
Категории: Религия
Язык: Русский
Страна: Киргизия
Количество подписчиков: 3.87K
Описание канала:

📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

Рейтинги и Отзывы

4.00

3 отзыва

Оценить канал islamtaanuu и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

2

4 звезд

0

3 звезд

0

2 звезд

1

1 звезд

0


Последние сообщения 16

2021-06-28 20:58:38
Жабир ибн Абдуллахтан риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

"Ар бир инсан кандай абалда өлгөн болсо, (кыямат күнү) ошондой абалда тирилет."

Муслим 2878
272 views17:58
Открыть/Комментировать
2021-06-12 13:38:03
Ибрахим алейхи салям ширкке түшүп калуудан коркуп бул дубаны айтып Аллахтан жардам сураган:


وَٱجْنُبْنِى وَبَنِىَّ أَن نَّعْبُدَ ٱلْأَصْنَامَ

(О Раббым), мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан өтө алыс кылгын!

 (Ибрахим: аят 35 )

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Аллахка эч кандай ширк кошпогон Аллахтын пайгамбары болгон Ибрахим алейхи салам өзүнүн жана балдарынын ширкке түшүп калышынан катуу коркуп, бардык ширктин түрлөрүнөн сактоосун сурап Аллахка дуба кылган.

Бул шерик кошуу өтө коркунучтуу болгондуктан ар бир ата-эне дагы өзү жана балдары ширкке түшүп калбоо үчүн Аллахка дуба кылуусу керек. Себеби кимде-ким Аллахка шерик кошуу менен Аллахка жолуккан болсо - Аллах аны эч качан кечирбейт.

Талас Артыкбаев

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

t.me/islamtaanuu
933 viewsedited  10:38
Открыть/Комментировать
2021-06-10 08:36:15
Шейх Солих Ал-Фаузан хафизохуллох айтат:

"Жаннат Аллахка моюн сунуп, ибадат кылган адам үчүн болот. Мейли ал эфиопиялык кул болсо да. Аллахка каршы келип, күнөө кылган адам үчүн Тозок болот. Мейли ал шарапаттуу Курайш уруусунан болсо дагы."

Булак: "Калмаат ромаданий 2016.06.12".

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Аллахтын буйруган буйруктарын аткарып, Ал кайтарган арам иштерди таштап, Раббысына чын ыкластан ибадат кылган мусулман, мейли ал эл арасында мансабы, баркы, акчасы жок болсо да, ошондой эле ден соолугу начар болсо да, бирок Раббысына сыйынган себептүү акыретте ага Жаннат болот.

Ал эми Аллахтын буйруган парздарын аткарбай, кайтарган арам нерселерин таштабай, өз каалоосу менен жүргөн адам, мансап жана көп дүйнө ээси болсо дагы ага Тозок болот.

Аллах Таала баарыбызды Тозок отунан сактаган болсун!

Талас Артыкбаев

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

t.me/islamtaanuu
678 viewsedited  05:36
Открыть/Комментировать
2021-06-09 12:25:21
Абдуллох ибн Амир ибн 'Астан риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Балдарыңарды намазга жети жашында буйругула, (эгер окубаса) он жашка жеткенде (тарбиялап) ургула! Жана онго чыкканда кыз менен балдардын төшөктөрүн бөлгүлө!""

Абу Дауд 495
Албани сахих деген.

Урматтуу мусулман бир тугандар!

Аллахтын Элчиси ﷺ бул хадисте ата-энелерге кайрылып, балдарыңарды жети жашка толгондо намазга буйругула, ал эми он жашка толгондо эгер окубаса аларга намазды таштоо аябай чоң күнөө экенин билдирип, тарбия ирээтинде ургула деп айткан.

Мына ошондуктан балдар он жашта намаздарын окуп башташы керек. Эгер окубаса Аллахтын буйругун таштаган себептүү аларды тарбиялап зыян бербеген абалда урууга уруксат.

Ошондой эле балдар он жашка толгондо балдар кыздарды аралаштырбай төшөктөрүн бөлгүлө деп буйруган, себеби динибизде балагатка жеткен балдар менен кыздар аралашпай өзүнчө жатышы керек.

Талас Артыкбаев

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз

t.me/islamtaanuu
715 viewsedited  09:25
Открыть/Комментировать
2021-06-06 20:15:33
Оо жүрөгүндө ыйманы бар мусулман бир тууганым!

Аллахтын эң сүйкүмдүү сөзүн даңазалаган китептин саны азайып баратат.

Бул китептеги маалыматтарды канчалык тезирээк үйрөнсөңүз ошончолук тезирээк дүйнө акыретиңиз үчүн ийгиликтерге жетесиз.

Бул китептин артыкчылыктары:

1. Күбөлүк келмеси боюнча жазылган дүйнөдө аналогу жок алгачкы китеп;

2. Бул китеп Куран жана Сүннөттүн негизинде жазылган;

3. Бул китептеги ар бир мусулманмын деген адам үчүн абадан да көбүрөөк керек болгон маалыматтарды камтыйт;

4. Окууга ыңгайлуу жана өтө кызыктуу;

5. Ар бир аят жана хадис номери жана булагы менен көргөзүлгөн;

6. Аят хадистердин арапчасын жаттоону каалаган окурмандар үчүн, ар бир аят жана хадиске араб аракеттери кошулуп жазылган;

Китеп түгөнүп кете электе тезирээк сатып алып, жүрөгүнүздөгү Аллахка анын Элчисине жана Ислам динине болгон сүйүүңүздү арттырыңыз.

Китептин автору: "Медина эл аралык ислам университетинин" бүтүрүүчүсү устаз Талас Артыкбаев


Сатып алуу үчүн: +996700580793
1.1K viewsedited  17:15
Открыть/Комментировать
2021-06-06 19:28:03 Мусулман бир туугандарга насийха

https://telegra.ph/EHskertkin-CHyndygynda-ehskertүү-momundarga-pajda-beretKuran-Zariyat55-06-06
1.2K viewsedited  16:28
Открыть/Комментировать
2021-06-06 09:06:47
Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят: "Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:

"Эгер менин үммөтүмө мисуак колдонуу оор болбогондо, ар бир намаздын алдында колдонууга буйруйт элем.""

Муслим 252

Урматтуу мусулман бир туугандар!

Пайгамбарыбыздын ﷺ бизге калтырган көптөгөн сүннөттөрүнө амал кылынбай, ташталып кетти.

Ошол сүннөттөрүнүн бири - намазга туруп такбир айтуунун алдында мисуак колдонуп, анан намазга кирүү сүннөт болуп эсептелет.

Аллахтын Элчиси ﷺ өз сөзүндө "эгер үммөтүмө мисуак колдонуу оор болбогондо аларды ар бир намаздын алдында мисуак колдонууга буйруйт элем" - деген.

Бирок үммөтүнө оор болуп калышынан улам, мисуакты милдет (уажип) кылбаган. Ахли сунна аалымдары ушул хадистин негизинде мисуакты уажип эмес, бирок сүннөт болуп эсептелет дешет. Аллах Таала бизге Өзү жиберген Элчисинин ﷺ калтырган ар бир сүннөтүнө амал кылууну насип кылсын!


Талас Артыкбаев

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

t.me/islamtaanuu
1.3K viewsedited  06:06
Открыть/Комментировать
2021-06-01 22:00:20 Тема:"Пайгамбарлар эмне максатта жиберилген жана эң биринчи эмнеге чакырып эмнеден кайтарган?".

Талас Артыкбаев

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

t.me/islamtaanuu
871 viewsedited  19:00
Открыть/Комментировать
2021-06-01 12:07:52
Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

t.me/islamtaanuu
1.4K viewsedited  09:07
Открыть/Комментировать
2021-05-24 21:31:00 Тема: "Аллах таала адам баласын бул дүйнөдө эмне максатта жараткан?".

Талас Артыкбаев

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

t.me/islamtaanuu
833 viewsedited  18:31
Открыть/Комментировать