Адрес канала:
Категории:
Религия
Язык: Русский
Страна: Киргизия
Количество подписчиков:
3.87K
Описание канала:
📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.
Рейтинги и Отзывы
Оценить канал islamtaanuu и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.
5 звезд
2
4 звезд
0
3 звезд
0
2 звезд
1
1 звезд
0
Последние сообщения 12
2021-10-30 18:13:05
747 viewsedited 15:13
2021-10-29 03:34:41
Абу Хурайрадан (Аллах ыраазы болсун) риваят:
"Аллахтын Элчиси ﷺ сахабаларына мындай деп айтты:
-
Банкрот деген эмне экенин билесиңерби? Сахабалар:
-
Банкрот деген эч кандай акчасы да жана дүйнөсү да жок адам - дешти.
Аллахтын Элчиси ﷺ:
-
Менин үммөтүмдөгү чыныгы банкрот болгон адам - ал Кыямат күнү намаз окуп, орозо кармап, зекетин берип келет, бирок ошону менен бирге бирөөнү жамандап сөккөн, башканы зына кылды деп жемелеген, бирөөнүн малын тартып алган, бирөөнүн канын төккөн жана башканы урган абалда келет (Кыямат күнү зулумдук кылганы үчүн сөккөн) бул адамга өзүнүн сообунан берет жана тиги адамга сообунан берет (кылган зулумдугу аябай көп болгон себептүү бере турган) сообу түгөнүп андан кийин (зулумдук көргөн адамдардын) күнөөлөрү бул адамга берилип, (өзүнүн жана башкалардын күнөөлөрүн көтөрүп) Тозокко ыргытылат,"- деди. Муслим 2581
Талас Артыкбаев
t.me/islamtaanuu
700 views00:34
2021-10-26 17:53:08
Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
t.me/islamtaanuu
779 viewsedited 14:53
2021-10-24 11:46:51
Жабир ибн Абдуллахтан риваят:
"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
"Ар бир адам эмненин үстүндө өлсө, (Кыямат күнү) ошонун үстүндө тирилет. Момун ыймандын үстүндө, эки жүздүү эки жүздүүлүктүн үстүндө тирилет."" Ибн Хиббан 7313
Шуъайб Арнаут сахих деген.
Бул хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ адам эркек болобу, аял болобу эмненин үстүндө өлсө, ошонун үстүндө тирилет деп айткан. Ошондуктан ар бир мусулман дайыма ыймандын, таухиддин, намаздын ж.б. солих амалдардын үстүндө болуп, ыймансыздыктан, ширктерден, бидааттардан жана зына кылуу, арак ичүү ж.б. сыяктуу ар кандай күнөлөрдөн өтө алыс болуусу милдет. Себеби, өлүм кимибизге кайсыл саатта жетерин Аллахтан башка эч ким билбейт. Ким жакшылыкта өлсө - ал түбөлүк бактылуу, ал эми ким жамандыкта өлсө - ал түбөлүк бактысыз. Кыямат күнү ошол абалда тирилет. Аллах баарыбызды жаман нерсенин үстүндө өлүүдөн сактасын! Талас Артыкбаев
Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
t.me/islamtaanuu
1.2K views08:46
2021-10-22 18:04:33
Абу Хурайра (андан Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси ﷺ мындай дейт:
"Аллах Таала айтты: "Такыба, солих кулдарыма, Жаннатта көз көрбөгөн, кулак укпаган жана адамдын оюна (жүрөгүнө) келбеген нерселерди даярдап койдум."" Бухари 3244
Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
t.me/islamtaanuu
1.4K viewsedited 15:04
2021-10-21 20:33:35
Жүрөктү тирилтүүчү Куран аяттары
Шейх Ясир Ад- Даусари
(Аль-Ахкоф: 30-33)
Которгон: Талас Артыкбаев
Биздин YouTube каналыбызга катталыңыздар!
Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
t.me/islamtaanuu
1.3K viewsedited 17:33
2021-10-21 07:55:22
Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят: Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Аллах Таала айтат: "Мен Кыямат күнү үч адамга каршы талашуучусу (душманы) болом: Менин атым менен касам ичип бир нерсени убада берип, кийин аны бузган адамга. Эркиндикте жүргөн адамды (кулдукка) сатып, акчасын жеген адамга жана жумушчу жалдап өз ишин толук бүтүрүп, акчасын бербеген адамга.""
Бухари 2227
Талас Артыкбаев
Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
t.me/islamtaanuu
1.5K viewsedited 04:55
2021-10-20 10:49:20
Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят:
"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Үйүңөрдү (ибадат кылынбаган) кабыр сыяктуу кылып албагыла! Чындыгында Бакара сүрөсү окулган үйдөн шайтан качат."" Муслим 780.
Бул хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ үйлөрдү кабырларга окшотуп алуудан кайтарган. Себеби кабыр - намаз окуп, Аллахка ибадат кыла турган орун эмес. Ошон үчүн "үйүңөрдү кабырга окшотпогула" деп эскертип, үйдө Куран окууга үндөгөн. Үйдө Аллахты көп-көп зикир кылып, Куран окуп, нафил намаздарды окуп туруу керек. Ал эми Бакара сүрөсү - Куранда эң чоң сүрө болуп эсептелет. Бул сүрөдө Аллах кулдарын көп ибадаттарга буйруп, көптөгөн ширк, арам нерселерден тыйган. Ошондуктан, бул сүрөнүн артыкчылыгы аябай чоң. Мусулмандар бул сүрөдөгү өкүмдөргө амал кылуу менен бирге, сыйкырланган адамга дем салууда колдонушат жана артыкчылыгынын бири бул сүрө окулган үйдөн шайтан качат. Талас Артыкбаев
Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
t.me/islamtaanuu
1.4K viewsedited 07:49
2021-10-17 15:00:41
Тема:"Сүннөттү бекем кармануу жана бидаатын коркунучтуулугу. Талас Артыкбаев
t.me/islamtaanuu
Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
207 viewsedited 12:00
2021-10-14 09:44:55
t.me/islamtaanuu
Жакшылыкка себепчи болуп башкалар менен бөлүшүп койуңуз!
552 viewsedited 06:44