2021-09-29 18:15:12
Аял аураты - эркек үчүн эң чоң фитна
Усама ибн Зайддан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят:
"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты : "Мен эркектерге аялдын фитнасынан өткөн оор фитна таштаган жокмун"
Бухари 5096
Абу Саъийд аль-Худрийден риваят:
"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Дүйнөнүн жана аялдын фитнасынан сактангыла! Себеби, Исрайил урпактары кабылган эң биринчи фитна - аял фитнасы болгон."
Муслим 2742
Урматтуу мусулман бир туугандар!
Аллахтын Элчиси ﷺ бул хадисте үммөтүнө эркек үчүн аялдан ашкан оор фитна таштабаганын кабар берген. Ошондуктан ар бир мусулман ачык жүргөн аялдардын фитнасынан өтө сак болушу керек!
Анткени Аллах Таала Куранда бөтөн аялдарды карагандан тыйган.
Белгилүү Ислам аалымы Солих ибн Усеймин (Аллах аны ырайымына алсын) ушул хадисти түшүндүрүп жатып мындай деп айтат:
"Ислам душмандары мусулмандарды дининен, ыйманынан, ибадатынан алыстатып адаштыруу үчүн, аялдардын фитнасын эң негизги курал катары колдонушат. Мына ошондуктан алар мусулман кыздарын хиджаб кийбей ачык жүрүүгө, эң сулуу жерлерин ачып, кыска кийинүүгө жана аялдар менен эркектерди аралашууга чакырышат. Себеби, алар мусулмандын Раббиси Аллахты унуттуруп, анын буйруктарын таштата турган эң чоң себеп - бул аял фитнасы экенин жакшы билишет деген".
Акыйкатта ушул уяттуу жерлери ачык болгон фитна себептүү, көп мусулмандар канча деген Аллахтын буйруктарын ташташып, намаздарын окушпай, канча деген үй-бүлө бузулуп, канча деген наристенин көз жашы төгүлүүдө.
Ошондуктан, ар бирибиз өз кыздарыбызды жана эже-карындаштарыбызды Алллахтан коркууга чакырып, уяттуу жерлерин жабууга буйрушубуз керек. Себеби ар бир мусулман эркек жана мусулман аял үчүн бактылуулук, ызаттуулук, бакыбаттуулук, барктуулук Умар ибн Хаттаб айткандай - Ислам динин бекем карманууда.
Ал эми кээ бирлер аялдын чечинүүсү, жылаңачтануусу - бул өнүгүп-өсүүнүн белгиси дешет. Бирок мындай түшүнүктөрдү динибиз Ислам эле эмес, фитрасы (табияты) бузулбаган адам да четке кагат.
Себеби, аял адамдын уяттуу жеринин ачылышы бир гана аялдын кордолушуна эмес , зордолушуна, ал тууралуу эркектердин жаман ойдо болуусуна жана анын ата тегине да сөз тийгизери талашсыз нерсе.
Ошон үчүн кыргыздарда "кызды кырк үйдөн тыюу" керек деп ата-бабаларыбыз бекер айтышкан эмес.
Азыркы учурда көпчүлүк кыздарды бузукулукка, кулчулукка, кордолууга алып барып жаткан нерсе - уяттуу жерлерин жылаңачтап ачуу болуп жатканын көп адамдар билишпейт.
Биз мусулмандар ооруга түшүп калгандан кийин аны дарылоо жолун издештен мурда, ошол ооруга алып бара турган бардык жолдорду, эшиктерди жабышыбыз милдет.
Ал нерселер - хиджаб кийүү, уяттуу жерин жабуу, спирттик ичимдиктерден тыйылуу, кыздарыбыздын өз алдынча алыс жака махрамсыз (коргоочусуз) сапарга чыгуусу, түнкүсүн жалгыз чыгуусун көзөмөлдөө. Себеби, азыркы кыздарыбыз - мыкты, акылдуу мусулман уул-кыздарыбызды алып келе турган келечектеги энелер!
Эгер булар зынадан, арактан, тамекиден ж.б. арам нерселерден таза болушса, анда алардан дал өздөрүндөй болгон таза, такыба (Аллахтан корккон) кыз-жигиттер тарбияланат. Себеби, баланын мыкты болуп өсүүсүндө эненин орду аябай чоң.
Келечектеги энелер үчүн айтылган абдан жакшы сөздөр бар. Алардын бири: "Аял адам аалым боло албайт, бирок алар аалымдарды тарбиялап чыгарышат".
Ал эми уяттуу жерлерин ачып, арак, тамеки жыттанган кыздардан келечекте өздөрүндөй болгон жагымсыз жыт жыттанган кыз-жигиттер тарбияланып, биздин келечегибизге доо тийгизет.
Чындыгында мусулман үчүн өнүгүп - өсүү - ыймандуулук жана Куран- Сүннөт илимин үйрөнүү менен болот. Мусулман үчүн Раббысы Аллах сүйгөн ар бир ибадатты жасоо - ал үчүн чоң өнүгүү.
Ал эми Аллахтын ачуусу келе турган бир күнөөгө түшүп калуусу - ал үчүн эң чоң кайгы-капа, өкүнүү, караңгылыкка кетүү болуп эсептелет.
Аллах Таала кыздарыбызды жана эже-карындаштарыбызды туура жолго баштап, уяттуу жерлерин жабууга жардам берсин!
Талас Артыкбаев
https://t.me/islamtaanuu/298
1.2K views15:15