Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Курани Карим

Логотип телеграм канала @kaarylar_quran — Курани Карим К
Логотип телеграм канала @kaarylar_quran — Курани Карим
Адрес канала: @kaarylar_quran
Категории: Религия
Язык: Русский
Страна: Киргизия
Количество подписчиков: 5.92K
Описание канала:

❀ Алар Куранды (терең ой жүгүртүп) ойлонушпайбы же алардын жүрөктөрү тосулганбы? ❀
﴾Куран 47:24﴿
🌐Экинчи канал @quran_uk
☎️ Байланышуу: @chat_kaarylarquran_bot

Рейтинги и Отзывы

2.50

2 отзыва

Оценить канал kaarylar_quran и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

0

4 звезд

0

3 звезд

1

2 звезд

1

1 звезд

0


Последние сообщения 23

2021-05-09 10:27:15 https://t.me/kalys_zamanbekov
1.4K views07:27
Открыть/Комментировать
2021-05-08 15:40:19 *​​ КАДЫР ТҮНДҮ КАНТИП ТОСУУ КЕРЕК?*

*❏ КАДЫР ТҮНДҮ СААТ КАНЧАДАН БАШТАП ТОСУУ КЕРЕК?*

*ЖООП:*
Кадыр түн шам намазынан баштап багымдат намазына чейинки аралыкта тосулат. Тагыраак айтканда, ооз ачкандан ооз жапкан чейин тосуу керек.

*❏ КАДЫР ТҮНДӨ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ КЫЛУУ КЕРЕК?*
 
*ЖООП:*
Кадыр түндө жалпы эле ибадаттарды кылууга уруксат. Бирок төрт ибадатка айрыкча көңүл буруу зарыл:
1) Намаз
2) Куран
3) Зикир
4) Дуба
Ушул төрт ибадатты алмак-салмак кылыңыз. Мисалы, намаз окуңуз, эгер чарчасаңыз Куран окуңуз. Эгер уйкуңуз келип баратса, эшикке чыгып уйкуңузду ачып сергип келиңиз, кийин туруп кайра намаз окуңуз, андан соң отуруп зикир чалыңыз, намаздардын араларында дуба кылыңыз ж.б. Ар бир убакытты ушул ибадаттардын бири менен өткөрүңүз.

*❏ МИСАЛЫ, КАЙСЫ НАМАЗДАРДЫ ОКУЙБУЗ? КАНДАЙ НИЕТ КЫЛАБЫЗ?*
 
*ЖООП:*
Кадыр түн үчүн атайын белгиленген намаз жок. Адатта орозодо окулган намаздарды окуй бересиз, мисалы таравих намазы окулат, тахажуд намазы окулат ж.б. Мисалы, куптанды окуңуз, андан кийин таравихти окуңуз. Андан кийин эки-эки рекеттен тахажуд окуңуз. Тахажуд намазы кадимки эле эки рекет намаздай окулат, бир гана айырмасы, ниет кылганда тахажуд намазы деп кыласыз. Канча кааласаңыз ошончо окуй бересиз.

*❏ КУРАН ОКУГАНДА АРАБЧАДАН ОКУУ КЕРЕКПИ? ЖЕ КОТОРМОСУН ДА ОКУСА БОЛОБУ?*
 
*ЖООП:*
Эң жакшысы арабча Куранды окуганы. Анткени хадистерде Курандын окулган ар бир тамсына ондон сооп берилет деп жазылган. Эгерде арабча окуганды билбесеңиз, анда Курандын кыргызча котормосун окуңуз же болбосо Курандан жаттаган сүрөөлөрдү оозеки окусаңыз да болот.

*❏ ДУБА КЫЛГАНДА КАНДАЙ ДУБАЛАРДЫ КЫЛУУ ЗАРЫЛ?*
 
*ЖООП:*
Дуба кылганда жалпы эле дубаларды кыла бересиз, Куран-сүннөттө келген дубаларды айтканыңыз жакшы. Билбесеңиз, анда жакшы ой-тилектерди камтыган жалпы эле дубаларды айтсаңыз болот. Мисалы: «Оо, Аллах! Мени туура жолго сал, бейишке киргиз, тозоктон сакта, мага хидаят бер, күнөөлөрүмдү кечир, тооболорумду кабыл кыл, бактылуу, ырыстуу пенделериңден кыл, акыретте бейишке кирүүнү насып кыл, акыйкат жолдон адаштырба, ыйманымдан айрыба, ден-соолукта кыл, ийгилик бер ж.б.» маанидеги дубаларды айтсаңыз болот.

Дуба кылардан алдын сөзсүз дубанын адептерине көңүл буруу зарыл. Дуба кылардан алдын алгач Аллахка мактоолорду айтып, Аны улуктап баштаңыз, андан соң пайгамбарыбызга салават айтыңыз, андан соң дуба кылыңыз, тилектериңизди сураңыз, анан акырында салават айтып бүтүрүңүз. Кимде-ким ушундай кылса, анда анын дубасы кабыл болот.

*❏ КАДЫР ТҮН ТОСУУДА ЭМНЕЛЕРДЕН АЛЫС БОЛУУ КЕРЕК?*
 
*ЖООП:*
Кадыр түндө ибадаттан алаксыткан, күнөө болгон бардык иштерден алыс болуу зарыл. Мисалы, телевизор көрүү, кино көрүү, сотка чукулоо, интернетке алаксуу, ушакташуу, адамдар менен чогулуп дасторкон жайып пайдасыз сөздөрдү сүйлөшүп олтуруу ж.б. Кээ бир адамдар ойлошот, Кадыр түндө уктабасаң эле тоскон болосуң деп. Бул туура эмес. Кадыр түндү ибадат кылуу менен өткөрүү керек. Себеби бул түн жыл ичиндеги эң ыйык түн. Ким ушул түндү ибадат кылуу менен өткөрсө, анда анын кылган ибадаттары миң ай ибадат кылганга барабар болот. Ошондуктан бул түндүн ар бир мүнөтүн ибадат менен гана өткөрүүгө аракет кылуу зарыл.
 
═════════
 
* Маалыматты башкалар менен да бөлүшүңүз*
1.6K views12:40
Открыть/Комментировать
2021-05-08 15:40:19 *​​ КАДЫР ТҮНДӨ КАЙСЫ ЗИКИРЛЕРДИ АЙТУУ ЖАКШЫ?*

Кадыр түндө айтылган зикирлердин эң жакшысы – *«Аллахумма иннакя аъфуввун, тухиббуль-аъфва, фаъфу аънни»* (Оо, Аллах! Чындыгында Сен Кечирүүчүсүң. Кечиргенди жакшы көрөсүң, мени кечир). 

Ошондой эле төмөнкү зикирлерди да айтсаңыз болот:

*❏ ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ* (Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок)

*❏ СУБХААНАЛЛАХ* (Аллах айып-кемчиликтерден Аруу)

*❏ АЛХАМДУЛИЛЛАХ* (Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун)

*❏ АЛЛАХУ АКБАР* (Аллах улук)

*❏ СУБХААНАЛЛАХИ УА БИХАМДИХИ* (Аллах аруу жана Ага мактоолор болсун)

*❏ СУБХААНАЛЛАХИ УАЛХАМДУЛИЛЛААХИ УА ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХУ УАЛЛААХУ АКБАР* (Аллах аруу, Ага мактоо болсун, Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Аллах улук)

*❏ АСТАГФИРУЛЛАХ* (Аллахтан кечирим сурайм)

*❏ АСТАГФИРУЛЛАХА УА АТУУБУ ИЛАЙХИ* (Аллахтан кечирим сурайм жана Ага тообо кылам)

*❏ ЛАА ИЛААХА ИЛЛА АНТА, СУБХААНАКА, ИННИИ КУНТУ МИНАЗ-ЗООЛИМИИН* (Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Сен аруусуң! Чындыгында мен өзүмө зыян кылуучулардан болдум)

*❏ ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХУ УАХДАХУ ЛАА ШАРИИКА ЛАХУ, ЛАХУЛЬ МУЛЬКУ УА ЛАХУЛЬ ХАМДУ УА ХУА АЪЛАА КУЛЛИ ШАЙИН КОДИИР*. (Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Анын шериги жок. Мүлк жана мактоо Ага гана таандык жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү)

Бул зикирлерди канча кааласаңыз айта бересиз. Ар бирин жүздөн айтыңыз же миңден айтыңыз, кыскасы эч кандай чектөө жок. Канчалык көп айтсаңыз ошончолук сооптуу. Ошондой эле зикирди айтардан алдын сөзсүз түрдө анын кыргызча маанисин да окуп алыңыз. Айтып жатканда Аллахтын улуктугун жүрөгүңүз менен сезип, жан-дилиңиз менен берилип чын ыкластан айтыңыз. Зикирди тил менен гана кайталай бербестен, андагы камтылган маанини жүрөк менен туюп айтуу зарыл. Мына ошондо зикир толук болуп эсептелет.

 
* МААЛЫМАТТЫ БАШКАЛАР МЕНЕН ДА БӨЛҮШҮҢҮЗ*

*▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁*
* ИсламОнлайнKG*
1.5K views12:40
Открыть/Комментировать
2021-05-07 06:17:12
Кадыр түнү окулуучу дуба – Мишари Рашид
Кыргызча мааниси менен

@kaarylar_quran
2.1K viewsedited  03:17
Открыть/Комментировать
2021-05-06 08:26:15
97 - cүрөө «Al-Qadr» – Махер Аль Муаклий
Кыргызча мааниси менен

@kaarylar_quran
2.2K viewsedited  05:26
Открыть/Комментировать
2021-05-03 07:29:17
49 - cүрөө «Al-Hujurat,
6 - аят» – Ahmed Khedr
Кыргызча мааниси менен

@kaarylar_quran
4.2K viewsedited  04:29
Открыть/Комментировать
2021-05-01 08:25:10

3.3K views05:25
Открыть/Комментировать
2021-04-27 06:06:04
4 - cүрөө «An-Nisa,
17 - аят» – Raad Al Kurdi
Кыргызча мааниси менен

@kaarylar_quran
4.1K viewsedited  03:06
Открыть/Комментировать
2021-04-26 10:44:47 Нашид «Taweel Ashawq» – Ahmed Bukhatir
@kaarylar_quran
3.6K views07:44
Открыть/Комментировать
2021-04-26 10:44:46 Кадыр түн жөнүндө 15 маалымат
3.4K views07:44
Открыть/Комментировать