2021-05-14 05:58:42
ШАВВАЛ АЙЫНДА 6 КҮН ОРОЗО КАРМОО
Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:
"Ким Рамазан айынын орозосун кармап, анын артынан Шаввал айында алты күн орозо кармаса, ал бир жыл орозо кармаганга барабар".
(Муслим: 1164)
Түшүндүрмө:
Шаввал айы бул Рамазандан кийинки ай.
Рамазан айы бүтүп, айт күнү өткөндөн кийин, Шаввал айында алты күн орозо кармоо сүннөт амал. Анын сообу, хадисте айтылгандай, бир жылдык орозонун сообуна барабар.
Эң жакшысы, алты күндү айт өтөрү менен дароо катарынан кармоо.
Ал эми, аны Шаввал айы чыкканга чейин бөлүп-бөлүп кармаса да, ошол соопко жетишет.
(Ал-минхааж шарх сахиих муслим)
Эскертүү:
Кимдин Рамазандан казасы бар болсо, ал биринчи казасын кармоосу керек. Андан кийин алты күндүк нафил орозону кармаса болот. Анткени, парз орозодон казасы болуп туруп нафил орозо кармоого болбойт. Абу Хурайрадан бир киши: Менин орозодон карызым бар, эми он күн нафил орозо кармасам болобу? - деп сураганда, ал айтты: Жок, биринчи Аллахтын акысынан башта. Андан соң каалашыңча нафил орозо кармай бер - деп.
(Мусаннаф Абдураззак: 7715)
-----------------------------------------
Жакшылыкка себепчи болуп, бөлүшүп коюңуз!
Telegram:
https://t.me/sunnotko_bagyt
WhatsApp:
https://chat.whatsapp.com/FMHKlOWaMHRIF9oF1YFyLZ
-----------------------------------------
Сүннөткө багыт
244 views02:58