Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

ИСЛАМ ТААНУУ

Логотип телеграм канала @islamtaanuu — ИСЛАМ ТААНУУ И
Логотип телеграм канала @islamtaanuu — ИСЛАМ ТААНУУ
Адрес канала: @islamtaanuu
Категории: Религия
Язык: Русский
Страна: Киргизия
Количество подписчиков: 3.87K
Описание канала:

📜Ислам динин Куран-Сүннөттүн негизинде таанып билүүнү кааласаңыз бул канал сиз үчүн.

Рейтинги и Отзывы

4.00

3 отзыва

Оценить канал islamtaanuu и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

2

4 звезд

0

3 звезд

0

2 звезд

1

1 звезд

0


Последние сообщения 17

2021-05-22 18:52:24 Тема: "Жүрөкө бекемдик суроо".

Талас Артыкбаев

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

t.me/islamtaanuu
517 viewsedited  15:52
Открыть/Комментировать
2021-05-22 07:37:29
Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

t.me/islamtaanuu
132 viewsedited  04:37
Открыть/Комментировать
2021-05-19 06:12:42
Абу Хурайрадан (андан Аллах ыраазы болсун) риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: "Адамдар кайсыл бир олтурушка олтуруп, бирок Аллахты эскербесе жана Пайгамбарга салават айтпаса, анда ал олтуруштарга (Кыямат күнү) өкүнүү болот. Аллах кааласа аларды азаптайт, кааласа кечирет.""

Тирмизи 3380. Шуъайб Арнаут сахих деген

Талас Артыкбаев

__________________

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!

t.me/islamtaanuu
1.2K views03:12
Открыть/Комментировать
2021-05-18 10:22:57
http://t.me/islamtaanuu
1.4K viewsedited  07:22
Открыть/Комментировать
2021-05-13 18:00:37 Шаууаль айында алты күн орозо тутуу

Абу Аюуб Аль-Ансорийден (андан Аллах ыраазы болсун) риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
"Кимде-ким Рамазан айында орозо кармап, андан кийин шаууаль айында алты күн артынан орозо кармаса - бир жыл орозо кармагандай болот."


Муслим 1164


Өкүмү кандай?

- Сүннөт. Ким кармаса бир жыл толук орозо кармагандай сооп алат. Ал эми ким таштаса күнөөкөр болбойт.

Качан кармоо керек?

- Айт майрамынын эртеси, экинчи күнү эле кармап башталат ал эми Айт күнү орозо кармаганга болбйт.

Канча күн кармоо керек?

- Алты күн орозо кармалат.

Бөлүп-бөлүп кармаса болобу?

- Ооба. Шаууаль айынын башында, ортосунда, аягында бөлүп-бөлүп кармаса болот.

Кандай кармаганы жакшы?

- Айттан кийин, Шаууаль айынын башында, бөлбөй жана катарынан кармаган жакшы.

Рамазандан карызы барлар кармай берсе болобу?


- Рамазан айынан карызы барлар ошол казасын өтөп бермейинче кармаганга болбойт. Себеби хадисте Рамазанды кармап анан артынан алты күн кармаса деп айтылган. Ошол үчүн карызын шаууаль айында өтөп анан алты күнгө жетишсе, кармаса болот.

Баштаган адам бүтпөй калса күнөкөр болбойбу?

- Жок. Мунун өкүмү - сүннөт. Колдон келишинче жакшы ниет менен кармай берүү керек. Бир себептерден улам толук бүтпөй калсаңыз күнөөкөр болбойсуз. Тескерисинче, эки же үч күн болсо дагы ал үчүн сооп аласыз.

Бул алты күндү кармаганда Рамазандагы карызымды да ниет кылып кармасам экөөн тең кутулууга болобу?

- Жок, андай болбойт! Моюнуңузда парз орозо турганда сүннөт орозо менен алектенбеңиз, биринчи казаны бүтүрүп анан алты күндү кармаңыз, бешимдин парызы менен сүннөтүн кошуп бирге окуу мүмкүн болбогон сыяктуу эле болбойт, ал эми кээ бир адамдардын кошсо болот деген сөзүнө көңүл бурбаңыз, ал туура эмес.

Шаууаль деген эмне?

- Шаууаль деген Рамазан айынан кийинки айдын аты.

Сообу кандай?

- Бир жыл толук орозо кармагандай сооп болот.
______________________

Талас Артыкбаев

http://t.me/islamtaanuu
705 viewsedited  15:00
Открыть/Комментировать
2021-05-13 04:47:10
Урматтуу мусулман бир туугандар!

Сиздерди "ИсламТаануу" каналынын жамааты Орозо Айт майрамыңыздар менен куттуктайт!

Аллах Таала бизден жана сиздерден салих амалдарды кабыл кылсын!

t.me/islamtaanuu
1.2K viewsedited  01:47
Открыть/Комментировать
2021-05-12 14:37:18 Айт намазы кандай окулат?

Убактысы

Күн чыккандан кийин 20 мүнөт өткөн соң убактысы кирет. Ошону менен күн оогонго чейин уланат.

Канча рекет окулат?

Айт намазы эки рекет окулат.
Намазга азан жана комат айтылбайт.

Кандай тартипте окулат?

1. Айт намазын оокууга ниет кылынат

2. "Аллоху акбар" деп такбир айтып, намазга кирет.

3. Сана дубасы окулат.

4. Андан кийин намазга киргенде айтылган такбирден башка "Аллаху акбар" деп дагы 6 жолу такбир айтылат (ар бир такбирдин ортосунда Субханаллах деп айткандай убакыт турат) жана эки рекетте тең ар бир такбирлерди айтканда кол көтөрсө болот.

5. "Аьузубиллахи минаш-шайтоонир-рожийм, Бисмилаахир-рохмаанир-рохийм" окулат.

6. Фатиха сүрөсүн окуйт.

7. Фатихадан кийин зам сүрө окулат (Эгер Аьлаа сүрөсүн билсе ушул сүрөнү окуйт. Себеби бул сүннөттө келген. Ал эми ал сүрөнү билбесе, өзүнө жеңил болгон каалаган сүрөнү окуй берет)андан кийин руку сажда кылат.

8.Кийин "Аллаху акбар" деп экинчи рекетке турат.

9. "Аллаху акбар" деп экинчи рекетке тургандан башка дагы 5 жолу аллоху акбар деп такбир айтат.

10. "Бисмиллахир-рахмаанир- рахийм" деп Фатиха сүрөсүн окуйт.

11. Зам сүрө окуйт (эгер билсе Гошийа сүрөсүн окуу сүннөт. Билбесе өзүнө жеңил болгон сүрөнү окуйт)

12. Андан кийин рүкүгө, саждага барып, кийин ташаххуд, салават айтып, салам берип, намаздан чыгат.

13. Айт намазы үчүн кутба кылуу сүннөт ал айт намазынан кийин кылынат.


Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu

Макала менен башкаларга бөлүшүп жакшылыкка себепчи болуңуз!
2.2K viewsedited  11:37
Открыть/Комментировать
2021-05-11 18:52:31 Ассалому алейкум уа рохматуллоху уа баракатух


Урматтуу мусулман бир туугандар!

Бүгүн ай көрүнбөгөнүнө байланыштуу эртең 12-май Рамазан айынын отузунчу күнү болмокчу. Ошондуктан эртең орозо кармайбыз.

Ал эми Орозо айт майрамы 13-май күнү болот.

Аллах Таала кылган ибадаттарыбыздын баарын кабыл кылсын!

t.me/islamtaanuu
538 viewsedited  15:52
Открыть/Комментировать
2021-05-11 13:46:49 Абдуллах ибн Аббастан رضي الله عنهما риваят:

"Аллахтын Элчиси ﷺ:
"Аллах Таала (орозо кармоочу адамдын кетирген) ката, күнөө сөздөрүн жууп кетирүү жана кедейлерди тамактандыруу үчүн фитир садаканы парз кылды. Ким аны айт намазына чейин берсе кабыл болот. Ал эми ким намаздан кийин берсе ал (фитир эмес) жөнөкөй садакалардан болуп калат",-деп айтты"

Абу Дауд 1609
Шейх Албани хадисти хасан деген.

Фитир садака: Ар бир мусулман белгилүү өлчөмдөгү, жей турган нерселерден берүүчү садака.

Өкүмү: Бардык аалымдар бир ооздон уажип дешкен.

Эмне үчүн берилет: Орозо учурунда кетирген кемчиликтерди жууп жана кедейлерди тамактандыруу үчүн берет.

Кимдер берүүгө милдеттүү: Берүүгө чамасы болгон ар бир мусулман эркек, аял, чоң жана кичине балдар жана кулдар дагы беришет.

Жаш балдар үчүн ким берет: Ата-энеси берет.

Төрөлө элек балага берүүнүн өкүмү: Төрөлбөгөн балдарга берилбейт.

Берүү убактысы: Айтка бир эки күн калганда берип башталат.

Акыркы убактысы: Айт намазына чейин берүү керек.


Кимдерге берилет: Мискиндер менен кедейлерге берилет.
Мискин - күнүмдүк тамагы бар бирок жетишпейт, ал эми кедей - бул мискинден акыбалы төмөн болгондор.

Эмнеден берилет: Ар бир элде өздөрү жей турган нерселерден беришет мисалы, ун, күрүч, мейиз, курма ж.б.

Акчадан берүүнүн өкүмү: Кээ бир аалымдар акча менен берсе болот дешет, бирок көпчүлүк аалымдар Сүннөттө келгендей тамактан гана берилүүсү керек, себеби кээде акча бар болуп, бирок сатып алганга тамак табылбай калышы толук мүмкүн дешкен.

Бир адамга канча өлчөмдө берилет: Ар бир мусулманга бир сооъ берилет. Ал эми сооъ дегенибиз - мурунку идиш болуп эсептелет ушул идишке канча тамак батса ошол өлчөмдөгү тамак берилет. Азыркы учурда биздин тараза өлчөмү менен 2.5 килодон 3килого чейин болот. Ошондуктан 3кгдан берсеңиздер жаңылбайсыздар.

__________________________

Талас Артыкбаев

t.me/islamtaanuu
1.2K viewsedited  10:46
Открыть/Комментировать
2021-05-10 22:14:55
Ассалому алайкум уа рохматуллоху уа баракатух.

Урматтуу мусулман бир туугандар, бүгүн 11-май шейшемби күнү берекелүү Рамазан айынын жыйырма тогузунчу күнү болгондуктан, бүгүн кечке ай каралат. Эгер ай көрүнсө 12-май айт күнү болуп эсептелет. Эгерде ай көрүнбөсө анда 12-май күнү Рамазандын отузунчу күнү болуп толукталып 13-май бейшенби күнү айт болуп эсептелет.

Аллах Таала бул берекелүү Рамазан айында кылган солих амалдарыбызды кабыл кылып, кылган күнөөлөрүбүздү кечирип, кийинки Рамазанга саламатта жеткирген болсун.

t.me/islamtaanuu

Башкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
1.6K viewsedited  19:14
Открыть/Комментировать