2021-10-30 18:13:16
Кымбаттуу мусулман бир туугандар, акыркы учурда кээ бир жаштарыбыз: жипке асынып же бийик үйлөрдөн өзүн таштап же уу ичип ж.б. ар кандай жолдор менен өз жанындарын кыйгандарын көрүп жатабыз. Алардын өз жандарын кыйуусуна себеп болгон нерселери - ал баланча кызга үйлөнө албаганы же ата-энесине таарынганы ж.б. ар кандай болбогон нерселерди себеп кылганын угасың. Албетте бул наадандыктын жеткен чеги. Ушундай болбогон нерсе менен Аллахтын берген өмүрүнө кол салуу өтө чөң зулумдук. Чындыгында, мусулмандын бир күндүк өмүрү дүйнөдөгү бардык кымбат нерселерден дагы алда канча кымбат экенин билишкенде, мындай жолдорго барышмак эмес. Алардын түшүнүгүндө: өлүп калсам эле болду, бул бардык кыйынчылыктан кутулам деп ойлошсо керек. Жок андай эмес, ахли сунна аалымдары өзүнүн жанын кыйган адам тууралуу мындай дешкен:
"Өз өмүрүн кыйган адамдын алдында бүл дүйнөдөн качкан кыйынчылыгынан бир канча оор азап күтүп тураарын билгенде мындай жолго күч колдонуп мажбурласа дагы барбайт эле",-дешкен.
Азыркы жаштардын ушундай жолго барышына эң чоң себеп - ал Ислам динин жакшы билбегендиги болуп жатат. Ошондуктан ар бир ата-эне өзүнүн диндеги милдетин аткарып, балдарына динди мыкты деңгээлде, жакшылап үйрөтүүсү керек. Ислам динибизде өз жанын кыюу - эң чоң күнөөлөрдөн болуп эсептелет жана ким өзүн эмне менен өлтүрсө Тозокто ошол нерсе менен азапталат. Буга далил:
Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят:
"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
"Кимде-ким өзүн тоодон (бийик жерден) таштап өлтүргөн болсо - ал Тозокто өзүн (тоодон) таштоо менен түбөлүк азаптала берет. Ким өзүн уу ичип өлтүргөн болсо - ал Тозокто уу ичип түбөлүк азаптала берет. Ал эми ким өзүн бычак менен сайып өлтүрсө - ал Тозокто бычак менен өзүн сайып түбөлүк азаптала берет."' Бухари 5778
Башка бир хадисте:
Сабит ибн Даххактан (Аллах ыраазы болсун) риваят:
"Аллахтын Элчиси ﷺ айтты:
"Кимде-ким өзүн эмне менен өлтүргөн болсо - Кыямат күнү ошол нерсе менен азапталат."" Муслим 110
Аллах Таала баарыбызды шайтандын ушундай ыплас жолдоруна адашып түшүп калуудан сактаган болсун!
----------------------------------------------
Талас Артыкбаев
t.me/islamtaanuuБашкалар менен бөлүшүп соопко шериктеш болуңуз!
972 viewsedited 15:13