2022-10-15 20:06:04
ЭРТЕҢКИ КҮНГӨ ЭМНЕЛЕРДИ ДАЯРДАДЫҢ?
Ватсапка катталуу үчүн:
https://chat.whatsapp.com/IJRlYMGTlTO8botMRgFJae
Телеграмдагы группабызга катталуу үчүн:
http://t.me/islamonlinekg
Калмырза Абдыкадыров
Жараткан Аллахка алкыш-мактоолор болсун, анын акыйкат Пайгамбарына Аллахтын салам-салаваттары болсун!
Аллах Таала ыйык Куранда айтты:
«Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки күнгө эмнелерди даярдап койгонуна карасын! Аллахтан корккула! Чындыгында, Аллах силер кылып жүргөн иштерден Кабардар». (Хашр сүрөөсү, 18-аят)
Бул аят – Өтө Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын жалпы момундарга болгон эскертүүсү. Бул аяттагы эскертүү биз үчүн канчалык маанилүү экенин кеңири карап көрөлү.
«Эй, ыйман келтиргендер! Аллахтан корккула» – бул аятта Аллах Таала ыймандууларды тозок азабынан сактангыла деп эскертти. Тагыраак айтканда тозоктон кутулуу үчүн Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйган нерселеринен тыйылгыла деген кайрылуусу.
«Ар бир жан эртеңки күнгө эмнелерди даярдап койгонун карасын!» – бул аяттын мааниси: эртеңки Кыямат күнүнө даярдаган нерселерине карасын дегени. Эгер жакшы амалдарды кылган болсо, анда Аллахка шүгүр кылып, амалын токтотпой аткарсын. Эгерде эч нерсе кылбаган болсо, анда сөзсүз жакшы амал иштерди жасоого шашылсын.
Тафсирчи аалымдар айтышат: “Кыямат күнү өтө жакын калгандыгы себептүү Аллах Таала Өз китебинде Кыямат күндү “эртеңки күн” деп атады.
Башка аятта Аллах Таала:
«Кыяматтын болуусу көз ачып жумгандай, балким андан да жакын» – деген. (Нахл сүрөөсү, 77-аят)
Аллах Таала жогорудагы аятта: “Аллахтан корккула!” деп эки жолу кайталады. Аллахтан коркуу – бул “такыба болуу”. Такыба болуу абдан зарыл жана такыбалык кылган адамдардын даражасы өтө бийик экенин баяндоо үчүн, Аллах Таала кайра-кайра кайталады. Ошондой эле такыбачылыкты бекем тутууга Аллах Таала бардык ыймандууларды буйруду.
Аллах Таала Куранда айтат:
“Биз силерге да, жана силерден мурдагы китеп ээлерине дагы “Аллахтан корккула” деп буйрук кылганбыз”. (Ниса сүрөөсү, 131-аят)
Урматтуу бир туугандар. Ар бирибиз эртеңки күнгө эмне даярдадык? Жакшылап карап көрөлүчү. Эртенки күн – бул биз умтулган келечек. Күйүп-бышып, жанталашып келечек үчүн аракет кылабыз. Эмнеге деп сурасак албетте “келечекте бактылуу жашоо үчүн” - деп жооп алабыз. Бирок биз кайсыл келечекке умтулуп жатабыз? Баарыбыз билгендей эле, биз умтулган келечек – бул арзыбаган дүйнө. Бирок чыныгы биз умтулган, бизге өтө зарыл болгон келечек бул “Акырет” эмеспи? Акыретте бактылуу болушуң үчүн, ыйман келмесин үйрөнүп ага амал кылууга канчалык деңгээлде аракет кылып жатасың?
Ошондой эле, акча табууга же жумушуңа канча убакыт кетиресиң? Көңүл ачып ырахаттанууга сөзсүз убакыт табасың. Ал эми түбөлүк кала турган Акыретиң үчүн, күнүмдүк убактыңдан канчасын чектеп бөлүп койдуң? Акырет чыныгы келечек эмеспи? Андагы ырахаттануу чексиз эмеспи? Азыртан башта! күйүп-бышып Акыретке даярдык көр! Убактыңды, аракетиңди, акчаңды аяба! Адам баласы таңкалычтуу болобуз. Жыргалчылыгы көпкө узабаган, баркы жок арзыбаган бул дүйнөдө түбөлүк калчудай бүт аракетибизди жумшайбыз.
Анан дагы ушундай адамдарды көрөсүң: Жумушунан калбастан бүт күчүн жумшап, чын дили менен иштейт. Жадагалса жумушунда тажабастан кеч калып болсо да, аягына чыгарып кетет. Ал адамды мисал катары айтышып, ушунчалык так аткарат жана дайыма бир калыпта иштейт деп макташат. Бирок мечитке келсең ал адамды көрбөйсүң, орозо убагында орозо туткандардын арасынан издесең да таппайсың. Ошондой эле ал адамды Аллах жолунда сооптуу иш кылганын көрбөйсүң. Жетим-жесирлерге, колунда жокторго, кыйналып карызга баткандарга, Аллах жолунда жүргөндөргө садака берип жардам бергенин эч көрбөйсүң. Аллах Таала мындай кор болгон, динден алыс жүргөн абалдан бизди Өзү сактасын!
Эй, мусулман бир тууган! Биз Аллахтын буйруктарынын кайсы бирин аткарып жатабыз? Акыретке эмне даярдык көрдүк? Кандай жакшы амал кылдык? Күнүмдүк тартибиң кандай? Ал тартипте Аллахка ибадат кылууга убакыт бөлгөнсүңбү? Канча жолу түндөп тахажжут намаздарын окуп жатасың? Ыйык Куранды окуп турасыңбы? Курандын ар бир тамгасына ондон сооп бар экенин билесиңби? Сени жоктон бар
142 viewsРасул Орозбаев, 17:06