Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

📚ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫ

Логотип телеграм канала @islamakademiyakg — 📚ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫ И
Логотип телеграм канала @islamakademiyakg — 📚ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫ
Адрес канала: @islamakademiyakg
Категории: Религия
Язык: Русский
Количество подписчиков: 419
Описание канала:

📚ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫ Ханафий мазхабына ылайык Фикх, Хадис, Сира, Куран тафсири, Араб тили, Сарф, Нахви, суроо-жооптор, баяндар, маселелер түз байланыш аркылуу өтүп турат. Ар бир мусульманга илим алуу парз. Үй-бүлөөңө динди үйрөт дин үй-бүлөөңдү тарбиялайт

Рейтинги и Отзывы

3.67

3 отзыва

Оценить канал islamakademiyakg и оставить отзыв — могут только зарегестрированные пользователи. Все отзывы проходят модерацию.

5 звезд

1

4 звезд

0

3 звезд

2

2 звезд

0

1 звезд

0


Последние сообщения

2022-10-27 09:58:37 НАФС МЕНЕН КҮРӨШҮҮ (مجاهدة النفس)


2- сабак

"النفس اللوامة " "Жемелөөчү Нафс"


http://t.me/islamonlinekg
111 viewsРасул Орозбаев, 06:58
Открыть/Комментировать
2022-10-20 16:45:09
Куранда айтылгандай "Кыяматтын, Акыреттин бир күнү биздин эсеп менен канча убакытка барабар?"
Anonymous Quiz
42%
1000 жылга
28%
50 миң жылга
17%
70 жылга
13%
100 миң жылга
208 voters198 viewsРасул Орозбаев, 13:45
Открыть/Комментировать
2022-10-20 12:49:45 НАФС МЕНЕН КҮРӨШҮҮ (مجاهدة النفس)


1- сабак


http://t.me/islamonlinekg
167 viewsРасул Орозбаев, 09:49
Открыть/Комментировать
2022-10-17 08:09:56
Аллахтын элчиси с.а.в айткандай "Ислам дини беш түркүктүн"үстүнө куралган..."

Алар кайсылар?
Anonymous Poll
86%
Шахадат келимеси
10%
Хиджап кийүү
84%
Намаз окуу
15%
Умра кылуу
77%
Ажыга баруу (мүмкүнчүлүгү болсо)
80%
Зекет берүү
81%
Орозо кармоо
163 voters219 viewsРасул Орозбаев, 05:09
Открыть/Комментировать
2022-10-17 03:28:53 ИсламОнлайнKG телеграм каналына катталуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз!
https://t.me/islamonlinekg



Аудиосабак:


КАРООСУЗ ТАШТАЛГАН ЭНЕ...


Расул Орозбаев




Бул сабакты башкаларга да жибериңиздер, таратыңыздар, Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа салам, айткан: "Жакшылык ишти башкаларга сунуштаган, көргөзгөн адам ал жакшылыкты кылгандай эле соопко ээ болот".

▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
ИсламОнлайнKG

Ватсапка катталуу үчүн:

Айымдар:

https://chat.whatsapp.com/CJWPuGOXec0AgfdBUJYc84

Мырзалар:

https://chat.whatsapp.com/5Lwlmo4AJwgG99On3uxFIt
163 viewsРасул Орозбаев, 00:28
Открыть/Комментировать
2022-10-17 02:57:03 КОШУНАГА ЖАКШЫЛЫК КЫЛУУ - ЫЙМАНДАН

Зейд Зулкарнайн уулу

Ватсапка катталуу үчүн:

https://chat.whatsapp.com/EQ8Yls73jmD5Nd9rlkYfoz

Телеграмдагы группабызга катталуу үчүн:

http://t.me/islamonlinekg

Чындыгында Ислам дини кошунанын акысын бийик кылып койду. Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам айтты:
“Жебрейил периште кайра-кайра кошунаңа жакшылык кыл деп айта бергенинен улам, кошуна дагы мурас алат экен деген ойго чейин бардым”.
Аллах Таала Куранда да кошунаны урматтоого буйруп, Өзүнүн Китебинде мындай деп айтты:
“Аллахка ибадат кылгыла. Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, кедей-кембагалдарга, тууганчылыгы бар кошунаңарга, бөтөн кошунаңарга, жаныңардагы жолдошуңарга, мусапыр карыптарга, кол астыңардагы адамдарга айбандарга да жакшылык кылгыла. Аллах текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт”. (Нисаа сүрөөсү, 36-аят)
Ал эми башка бир хадисте Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, кошунаны сыйлап урматтаганга үндөп мындай деп айтты:
“Эгерде ким Аллахка жана акыретке ыйман келтирсе, анда ал кошунасын сыйласын”.
Керек болсо, кошуналарга жакшылык кылуу ыймандан деп Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, мындай деп айткан:
“Менин жаным Анын колунда болгон Затка ант, пенде өзүнө каалаган жакшылыкты кошунасына да кааламайынча ыйманы толук болбойт”.
Эгерде ким кошунасына жакшы мамиле кылса, Аллахтын алдында эң жакшы адамдардын катарында болот.
Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, айтты:
“Аллахтын алдындагы достордун эң жакшысы – өзүнүн досуна эң жакшы мамиле кылгандары жана Аллахтын астындагы кошуналардын эң жакшысы – өз кошунасына жакшы мамиле кылгандары”.
КОШУНА ДЕГЕН КИМ?
Кошуна бул – мусулман болсун же каапыр болсун, ал сага жакын жашаган адамдар. Ал эми канча аралыкка чейин жашаган адамдарды кошуна деп айтабыз деген суроого аалымдар бир нече жоопторду айтышкан, алардын эң жакынын алып көрсөк, кошуна бул – адамдардын үрп-адаттарында канчалык аралыкты кошуна деп айтылса, мына ошол аралыкта жашаган адамдардын баарысы сага кошуна болуп саналат. Мындайча айтканда кошуна деп – ар бир элдин өзүнүн адатына карап кошуна болуп саналат.
Кошунанын дагы бир нече түрү бар:
1. Тууганчылыгы бар мусулман кошуна.
2. Тууганчылыгы жок мусулман кошуна.
3. Тууганчылыгы бар каапыр кошуна.
4. Тууганчылыгы жок каапыр кошуна.
Ал эми бул кошуналар көпчүлүк учурда бирдей укуктарга ээ болушат, кээ бирлери гана тууганчылык же бир туугандык даражалар менен бири-биринен айырмаланат.
КОШУНАНЫН ТҮРЛӨРҮ
Кээ бир адамдар кошуна бул бири-бирине жакын жашаган адамдар гана деп ойлошот. Ооба! Мында эч шек-күмөн жок, бул көрүнүш кошунанын эң негизги түрү болуп саналат. Бирок кошуна деген сөз өзүнө бир нече түшүнүктү камтыйт. Айта кетсек, сени менен чогу иштеген кесиптешин да кандайдыр бир даражада сага кошуна болот же базардагы сенин айланаңдагы адамдар болсун же мектептеги парталашың болсун, жадагалса авто унаага адамдар менен чогу отурушуң да убактылуу кошуна болуп саналат.
КОШУНАНЫН АКЫЛАРЫ
Ислам дининде кошунанын акылары өтө көп. Алардын ичинен эң негизгилерин айта турган болсок, төмөнкүлөр:
1. Салам берсе алик алуу жана өтүнүчүнө жооп берүү.
Бул көрүнүш жалпы мусулмандардын бири-бири менен болгон мамилеси, бирок бул сүннөттүн кошуналар арасында болушу бири-бирине болгон жылуу мамилени күчөтүп жана алардын арасындагы касташып, душмандашуунун жолун жабат.
2. Кошунага зыян бербөө.
Дегеле адам баласынын бири-бирине зыян бериши чоң күнөөлөрдөн болуп саналат, ал эми кошунасына зыян берген адам эч шек-күмөнсүз чоң күнөөлөргө батат. Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, кошунасына зыян берген адамдар туурасында өтө катуу эскертүү берип, мындай деп айтты:
“Аллахка ант болсун, ыйман келтирбейт! Аллахка ант болсун, ыйман келтирбейт! Аллахка ант болсун, ыйман келтирбейт!” Ошондо сахабалар сурашты: “Оо Аллахтын Элчиси! Ал кандай адам?”. Пайгамбарыбыз, саллаллахи уа саллам, айтты: “Кошунасына тычтык бербеген адам”.
139 viewsРасул Орозбаев, 23:57
Открыть/Комментировать