2021-10-30 05:55:03
Даанышмандан 5 насаат
Даанышман пайдалуу сөздү жерге таштабай илип алган, акыл ээлерине минтип осуят калтырган:
Адам атадан бери:
1-Ачууланган адам дайыма жоготкон, жылмайып жүргөн адам дайыма утушка ээ болгон. АЧУУЛАНУУ ЖОК.
2-Көңүл сындырган адам дайыма жоготкон. Көңүл жылыткан адам дайыма утушка ээ болгон. Талашып-тартышуудан сактангыла. ТАЛАШЫП-ТАРТЫШУУ ЖОК.
3-Каршы чыгуу, өзүнүкүн бербестик жоготууга учуратат. Акыры ыймансыздыкка түшүрөт, Тозокко түртөт. "Жарайт, макул" деген адам дайыма утушка ээ болот. КАРШЫ ЧЫГУУ ЖОК.
4-Бирөөнү сындаган адам дайыма жоготкон. Бүлүк, сындоо менен башталат. Бүлүк чыгаруу адам өлтүрүүдөн да чоң күнөө. Жаман мүнөздөрдүн башында текебердик турат. Текебер адамдын белгиси дайыма «мен билемин» дейт, сурабайт, бир гана сындайт. Ар нерсеге ачууланат, кеңешпейт, дуа сурабайт. Өзүнүкүн бербейт, өзүн дайым туура деп эсептейт. Өзүн бийик даражада көрөт. Текебердик адамга келе турчу жакшылыктарга кедерги болот. ТЕКЕБЕРЛЕНҮҮ ЖОК.
5-Даттанган адам дайыма жоготкон. Тобокел кылган адам уткан. ДАТТАНУУ ЖОК.
Бул насааттарга моюн сунган адам дүнүйөдө да, акыретте да сөзсүз утат. Жакшы инсан болуунун шарты - бул насааттарга баш ийүү жана эң алгач кемчиликти өзүнөн издөө. Өзүн таарыткан жана өзү таарынтып алган бардык адамдардын акысын кечирүү керек. Адам эмне кылса өзүнө кылат. Акылдуулар акырет үчүн, акмактар болсо дүнүйө үчүн эмгектенишет.
574 views02:55