2022-05-05 14:13:56
Комьютер берген жыйынтык: "Мухаммед - адамхат тарыхындагы эң улуу инсан".
Америкалык жазуучу жана окумуштуу Майкл Харт адамзат тарыхындагы чыгаан 100 инсанды тандап, алардын коомго тийгизген таасирлерин даражасы боюнча изилдеп чыгып, алардын өмүр жолу жөнүндө бир эмгек жазмак болот.
Бул 100 инсанды даражасы боюнча тизмектөөдө калыс болуу үчүн ал жана анын жардамчылары компьютерди колдонушкан. Компьютерге бул чыгаан инсандардын жөндөмдөрүн, алдына койгон максаттарын, элге сиңирген терин, жетишкен ийгиликтерин, кылган аракеттерин жана адамзат тарыхына тийгизген таасирин киргизишти. Бул үчүн Харт жана анын жардамчылары бир нече ай бою жигердүү эмгектеништи.
Компьютер анализдөө аркылуу тарыхта аты калган жуз чыгаан инсандын атын белгилеп берди. Эми компьютер мыктылардын эң мыктысы болгон инсанды аныкташы керек эле. Харт абдан толкундануу менен керектүү кнопканы басары менен, экранда «Мухаммед Пайгамбар» деген жазуу пайда болот. Харт жана анын кесиптештери абдан таң калышат. Жардамчылары компьютерде кандайдыр бир ката кетти деген ой менен экспериментти кайрадан өткөрүүнү суранышат. Бардык маалыматтарды кайрадан текшерип чыгышат. Бирок компьютер эле баягы жазууну көрсөтөт: «Мухаммед Пайгамбар». Бирок компьютердин жообуна канааттанбаган Харт жана анын жардамчылары бул экспериментти бир нече жолу кайталашат. Ал эми компьютер болсо өз дегенинен кайтпайт. Анан окумуштуулар бул фактыны кабылдоого аргасыз болушат. Эксперименттин жыйынтыгы боюнча Майкл Харт Пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) эң биринчи орунга тизилген «Тарыхтагы чыгаан 100 инсан» аттуу китебин жазып чыкты. Китеп АКШда жарык корду жана дүйнөнүн көптөгөн тилдерине да которулду. Бул китептин кээ бир жерлеринен мисал келтирели: «Ааламга зор өзгөрүү алып келген адамдардын эң алдыңкысы катары Мухаммедди койгонума кээ бир дар таң калуусу мүмкүн. Ал эми, тарыхта руханий жана материалдык мейкиндикте бирдей ийгилик жарата алган адам бир гана Мухаммед пайгамбар экени талашсыз. Анын ислам жаатындагы таасири Иса менен ыйык Павелдин христиан динине көрсөткөн таасиринен алда канча зор. Мамлекет системасы менен дин системасын укмуштай жуурулуштура билгенинен эле Мухаммеддин тарыхтагы эң улуу адам экенин көрүүдөбүз
... Ал- Мухаммед Пайгамбар адамзат тарыхында дүйнөлүк цивилизациянын өнүгүшүндө жана диний иштерде эң көп ийгиликке жетишкен жападан-жалгыз инсан. Ал каза болгондон 14 кылым өтсө да, анын бүткүл дүйнөгө тийгизген таасири абдан чоң болуп келет».
202 views11:13