Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Бишкектеги 'Ала-Тоо' аянтынан Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн | SUPER.KG- Соңку кабарлар

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн иш-чарадан соң жалпы 4 тоннадан ашык таштанды чыгарылды.

Шаардык муниципалитеттен кабарлангандай, тазалоо иштерине жалпы 60 кызматкер, 8 атайын техника анын ичинен 5 таштанды чыгаруучу жана 3 жолду жуучу техника тартылган.

Майрам учурунда аянтка жалпы таштанды салуучу 20 пластик челектер жана 20 даана биодаратканалар орнотулган.

Ошондой ишкананын кызматкерлери сахнаны, тосмолорду орнотушкан.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 31-августта да аянттан жалпы 4 тоннага жакын таштанды чыгарылган.