Получи случайную криптовалюту за регистрацию!

Чогуу иштеген кесиптештер жумуштун жүрүшүнө, сенин өсүшүңө же | Sapargul Abdinabieva

Чогуу иштеген кесиптештер жумуштун жүрүшүнө, сенин өсүшүңө же өзгөрүшүңө абдан чоң таасир этчу адамдар. Убактыбызды көбү жумушта өткөндүктөн, алар менен баарлашкан темалар, жүрүм-турумдар же түрдүү адаттар сөзсүз жугуштуу.
Азыркы кесиптештеримдин көбү так илимдер чөйрөсүнөн, мага алардын сүйлөшкөн ар бир темасы кызык боло берет. Ошого жараша тилдери да “аралаш” же терминге толгон сүйлөмдөр. Заманбап технологияда колдонулган бир топ сөз жаттадым (деплой, код-ревью, спринт, инстанс ж.б.). Ал эми мен аларды акырындап кыргызча баарлашууга үндөп жатам.

Баса, бул өрүк компотту бир кесиптешим биз иштеп жатсак эле жасап, ар бирибиздин столубузга бир чыныдан жеткирип берди. Дагы бирөө кофенин мастери, чогуу кобурашып калсак эле кофе сунуштайт.

Иштегенче үйрөнүү кандай сонун.