2022-09-01 16:02:17
Күз мезгилинин биринчи күнү. Шашпай аудиокитеп угуп келе жаткам, саат эрте мененки 8.20. Бир жерге үймөлөктөп, тынчы кетип кыйкырып, жардам сураган топ адамдарды көрүп, шашып кеттим. Такыр токтоого мүмкүн эмес жерге унаамды таштап, чуркап барсам жап-жаш бала кулап жатат, калчылдап, дем ала-албай, оозунан көбүк чыгып жатат. Элдин алгачкы жардамы жардам бербептир. “Тез жардам чакырдыңарбы?” деп сурасам, жарым сааттан бери жок деп ачууланган байке-эжелер. Мен алып барайын деп, эс-учун жоготкон бала, андан башка мен сыяктуу балага тиешеси жок 2 эже, 1 байке болуп зымырадык. Жол катар түрдүү жоромолдорду айтып, аңгыча номер биринчи ооруканага учуп жеттик. Жетерибиз менен бизди башка бөлүмгө буюрушту, ал жакка бардык. Биздин башаламан түшүндүрмөлөрбүздү угуп, дарыгерлер киши ташыган керебет алып чыгып, жигитти алып кирип кетишти. Болжолдуу белгилери боюнча «эпилепсия» деп жатышат. Бирок ким билет. Бир аз абалы турукташкандан кийин, жигиттин сумкасын таштап, жумушка кайттым.
Жол катар баланын энесин ойлоп келдим. Эч нерседен бейкапар отурса керек деп…Мен бул жакшылыкты куру дегенде ошол эненин жүрөгүнүн тынчтыгы үчүн жасадым.
Жүрөктөр үчүн жөлөк бололу.
248 viewsSА, 13:02